Интернет аркылуу кулчулук: үй кызматкерлеринин "көмүскө базары"

Жакынкы Чыгышта смартфон тиркемеси аркылуу үй кызматчыларын сатып алышат жана сатышат
Image caption Жакынкы Чыгышта смартфон тиркемеси аркылуу үй кызматчыларын сатып алышат жана сатышат

Би-Би-Синин Араб кызматы атайын иликтөөсүндө жумушчу күчүн саткан көмүскө базар тууралуу жазып чыкты. Бул көмүскө базарда билими жок, үй жумушчулары сатылат.

Ал эми аларды тандап, соодалашуу үчүн Google Play жана Apple App Store аркылуу атайын тиркемени колдонууга болот. Үй кызматкерлерин белгилүү хештег аркылуу Инстаграмдан дагы издеп табышат.

Кул базар

"Иш жүзүндө бул кулчулукка саткан онлайн базар,-дейт БУУнун кулчулуктун заманбап формасы боюнча иштеген атайын өкүлү Урмила Бхула. - Эгерде Google, Apple, Facebook же башка компаниялар бул тиркемени таратып жаткан болсо, аларды дагы жоопкерчиликке тартуу керек".

Image caption Урмила Бхула, БУУнун атайын өкүлү

Кувейтте үй кызматчынын жардамын пайдаланган бүлөлөр өтө көп. Үй кызматчы болуп иштейм дегендер Перс булуңу аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчунан келишет. Эмгек мигранттары жакшы акча иштеп таап, мекениндеги бүлөсүн багуу максаты менен келет эмеспи.

Араб кызматынын кабарчылары Кувейтке жакында эле келген түгөйлөр катары өзүн тааныштырып, кызматчы издеп көрүштү. Алар бул тиркемедеги 57 колдонуучу менен сүйлөштү. 4Sale тиркемеси аркылуу өзүнүн үй кызматчысын саткысы келген ондогон кишилерге барып кезикти. Алардын берген кеңештери окшош эле: үй кызматчылардын паспортун алып коюп, телефон колдонуусун чектеп туруу керек.

4Sale тиркемесинде кишилер өңү-түсүнө жана баасына карап ажыратылган.

Адам укугунун бузулушу

Тиркеменин колдонуучулары Араб кызматынын кабарчыларын үй кызматчысын издеп жүргөн жубайлар катары кабыл алып, түрдүү кеңеш беришкен.

Маселен, колдонуучулардын бири - полиция кызматкери үй кызматчысы тууралуу минтип жарнама кылат: "Ишенгиле, ал абдан жароокер жана ар дайым күлүп турат. Эгерде силер аны таңкы саат бешке чейин иштеткиңер келсе, эч кандай каяша айтпайт".

Бул киши үй кызматчыларын товар деп санай турганын айтты.

"Кишилер үй кызматчыларын 600 динарга (болжолу 2000 доллар) сатып алып, андан кийин миң динарга (болжолу 3300 доллар) сатышат".

Image caption Би-Би-Синин Араб кызматы Кувейттеги үй кызматчысын саткандардын сүйлөшүүлөрүн жашыруун жазып алышкан

Бир жолу Би-Би-Си командасына 16 жаштагы кызды сунушташты. Анын ысымын Фата деп коёлу. Ал Кувейтке Гвинеядан келген. Жергиликтүү мыйзамдар боюнча курагы 21 жаштан жогорулар гана үй кызматчысы болуп иштеши керек дегенге карабастан, ал кыз жарым жылдан бери иштеп жүргөн экен.

Фата тууралуу айтып жатып, үй кожейкеси тыным бербей иштетип, телефонун алып коюп, сыртка жалгыз чыгарбаганын өзгөчө белгиледи. Мунун баары Кувейттин мыйзамдарына каршы келет.

"Өспүрүмдүн кыймылдуу мүлк сыяктуу эле сатылып жатканы - заманбап кулчулуктун хрестоматиялык мисалы",-деди Урмила Бхула.

Булуңдагы өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө үй кызматчыларын атайын агенттик аркылуу алып келишип, аларды мамлекеттик мекемелердин каттоосуна коюшат. Агенттикти жалдаган потенциалдуу кардарлар комиссия үчүн каражат төлөп, иш жүзүндө үй кызматчыларынын расмий демөөрчүсү болуп калат.

Ушул системадан улам ("Кафала" деп аталат) үй кызматчылары иштеген жайын жана өлкөсүн демөөрчүнүн уруксаты жок таштап кете албайт.

2015-жылы Кувейтте үй кызматчыларынын укугун коргоо тууралуу мыйзамдар кабыл алынган. Бирок мыйзам баарына эле жага берген жок.

Image caption 16 жаштагы гвинеялык Фатаны (псевдоним) сатууга аракеттенген аял

4Sale сыяктуу тиркемелер үй кызматчысын жалдап алгандар үчүн пайдалуу. Мындай жол менен соодалашканда расмий агенттиктер борттун сыртында калып, көмүскө базар пайда болот. Кыз-келиндердин укугу бул жерде көптөрдү кызыктырбай калат.

Мындай көмүскө базар бир эле Кувейтте гүлдөп жаткан жок.

Сауд Арабиясындагы популярдуу Haraj тиркемеси аркылуу дагы жүздөгөн аялдар сатылганы белгилүү болду.

Би-Би-Си командасы Гвинеяга барып, Фатанын жакындарын табууга аракет кылды.

Жыл сайын жүздөгөн аялдар Гвинеядан Кувейтке мыйзамсыз ташылып келет. Алар үй кызматчысы болуп иштөө үчүн келишет.

"Кувейт - чыныгы тозок" деп эскерди мурда бул өлкөдө иштеп кеткен үй кызматчылардын бири. "Ал өлкөдө жашоо кыйын. Уйку да, тамак да жок",-дейт экинчиси.

Image caption Би-Би-Си командасы Фатанын артынан Гвинея баш калаасы Конакридеги үйүнө чейин барды

Кувейт бийлиги Фатанын жашы жете элек өспүрүм экенин билгенден кийин, кайра өз мекенине жөнөткөн.

Би-Би-Сиге сүйлөп жатып: "Алар мага катуу кыйкырып, айбансың дешти. Бул кордук болчу, бирок ага каршылык билдирүүгө чамам жок, колумдан эч нерсе келбейт эле",-деди өспүрүм.

Фата Конакридеги мектебине кайтып барды.

Өчүрүлгөн хештег

Кувейттин өкмөтү муну иликтей турганын айткан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин сезилерлик аракеттер болгон жок. Би-Би-Си журналисттерине үй кызматчысын сатууга аракеттенген аялга деле кылмыш иши козголгон эмес.

Би-Би-Си жогорудагы интернет тиркемесининин авторлору менен байланышууга аракет кылды. 4Sale тиркемеси үй кызматчылары тууралуу бөлүгүн өчүрүп салды. Facebook болсо үй кызматчылары тууралуу хештегине ("خادمات للتنازل#") тыюу салды.

Саудиянын Haraj платформасы Би-Би-Синин суроолоруна жооп берген жок.

Ал эми Google жана Apple мындай мүнөздөгү тиркемеге орун жок экенин айтышып, буга жол бербеш үчүн тиркемени иштеп чыккандар менен активдүү кызматташып жатканын билдирди. (AbA)