Жумуш учурунда чырм этип алууга уруксат берүү керекпи?

ሓንቲ ሰበይቲ ኣብ ግዜ ኣኬባ እናደቀሰት Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШнын өкмөтү Федералдык бийликке таандык имараттарда уктоого тыюу салды. Ага карабастан адистер түштө чырм этип алуу ден-соолукка жана ишке дагы пайдалуу экенин айтууда.

АКШнын өкмөтү буга чейин жумуш учурунда уктоого каршылыгын билдирип келген. Эми ага расмий түрдө тыюу салды.

"Атайын уруксат берилбесе, федералдык имараттарда уктоого тыюу салынат",-деп айтылат ушул айда жарыяланган жаңы буйрукта.

Бул чечимге 2018-жылы жарыяланган Унаа департаментинде жүргүзүлгөн иликтөө себеп болгон. Ага ылайык, ишкердин түштө чырм этип алганы төрт жылдын ичинде 40 миң долларга чыгат экен. Бирок мисал катары каралган Унаа департаментинин кызматкери түштө үч саатка чейин уктачу экен. Мындан улам, анын кесиптештери кошумча ишти аткарууга аргасыз болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШнын президенти сүйлөп жатканда Жогорку соттун өкүлдөрүнүн бири үргүлөп кеткен

Адистер болсо түштө чырм этип алуу тескерисинче иштеги эффективдүүлүктү жогорулатат дешүүдө. Американын уйку медицина борборунун мурдагы президенти профессор Лоуренс Эпштейн чала уйку ден-соолукка жана өлкөнүн экономикасына кедергисин тийгизет деген пикирде.

АКШнын өзүндө эле 70 миллион киши ар түрдүү илдеттерден улам түнү начар уктайт. Толук кандуу уктап албагандар ашыкча салмак, диабет, жүрөк оорулары, психологиялык илдеттер жана депрессияга кабылышы ыктымал.

2016-жылы Rand Corporation жүргүзгөн изилдөө жумушчулардын чала уйкусунан улам АКШнын экономикасы жылына 411 миллиард доллар жоготот деген тыянак чыгарган. Ошондуктан Эпштейн сыяктуу окумуштуулар түштө кызматкерлерди тук этип алууга уруксат берүү, иштеги эффективдүүлүктү жогорулатарын белгилешүүдө.

"Чала уктап келген кызматкер эффективдүү иштей албайт. Ошондой эле өндүрүш ишкана болсо кырсыкка кабылуу ыктымалдуулук дагы жогорулайт. Мунун баары компаниянын өнүгүшүнө таасир этет",-дейт Эпштейн.

Жапония сыяктуу мамлекеттер изилдөөлөргө көңүл буруп, офистерге чырм этип алуу үчүн атайын бөлмөлөрдү уюштурган.

Эми Батыш мамлекеттериндеги айрым жеке компаниялар илимий изилдөөлөргө көңүл бурууда. Айталы, балмуздак чыгарган Ben & Jerry's ишканасы биринчилерден болуп чырм этип алууга ылайыкталган бөлмөлөрдү ачкан.

Сүрөттүн автордук укугу BIM
Image caption Ben & Jerry's компаниясынын уктап алуу бөлмөсү

Бул бөлмөлөргө кирүүдө эрежелер дагы бар. Жумушчулар мындай бөлмөлөрдө жыйырма мүнөттөн ашыгырак уктай албайт. Андан көп уктагысы келгендер үйүнө жөнөтүлөт.

Бирок илимий изилдөөлөргө карабастан, жумуш учурунда чырм этип алууга дагы деле терс көз караш бар. Мисалы, Ben & Jerry's компаниясынын өкүлү Лора Питерсен жумушчулар уктап алуу бөлмөнү колдонсо дагы, ал тууралуу ачык айтуудан уялат дейт.

Компания үч жыл мурун уктап алуу бөлмөсүн киргизген, андан бери өндүрүштө жылыштар бар экен.

"Биринчи жолу уктоо бөлмөсүнө киргенде бир кызыктай болгом. Натыйжада эс алып калдым, чын эле түштөн кийин ишим жакшы жүрдү. Бир күн кечке компьютерди тиктеп олтуруу абдан оор. Чырм этип алгандан кийин, ишти жаңы баштап жаткандай болосуң",-дейт Ben & Jerry's компаниясынын кызматкерлеринин бири.

Сүрөттүн автордук укугу MetroNaps
Image caption MetroNaps' компаниясы чыгарган дивандарын офис, аба майдан жана ооруканаларда тапса болот

Ал аңгыча, түштө чырм этип алуунун ыңгайлуу жолдорун сунуштаган компаниялар улам жаңы ыкмаларды чыгарышууда. Мисалы, MetroNaps компаниясы атайын дивандарды сунуштайт.

Азырынча мындай дивандар 24 саат бою иштеген офис, аэропорт жана ооруканаларда орнотулууда. Бирок келечекте алар университет же кадыресе ишканаларга дагы тарайт дейт MetroNaps компаниясынын негиздөөчүсү Кристофер Линдхолм.

"Ишти баштап жатканда, көптөр идеябызга күлүшкөн. Жумуш учурунда ким уктамак эле деп айтышкан. Эми түштө уктап алууга көз караш өзгөрүп жатат",-дейт ал.

Тектеш темалар