2019-жылдын жакшы жаңылыктары

2019-жылда согуш, саясий тиреш жана табигий кырсыктар жүз берип, жаңылыктардын баш сабынан түшкөн жок. Негативдүү маалыматтар басма сөздө көп чагылдырылганы менен быйылкы жылы жүрөктү жылыткан жакшы жаңылыктар көп. 2019-жыл менен коштошуп жатып, бир жылдын ичинде болгон негизги жакшы жаңылыктарды окуп алыңыз.

Happy woman in a light pink background

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Айрымдар 2019-жылга кылчайып, жалаң кризис, террордук чабуул, согуш жана табигий кырсыктар болду деп ойлошу ыктымал. Анткени адам баласы негативдүү ойлорду эстеп каларын айта кетели. Чынында 2019-жыл - позитивдүү окуяларга мол жыл болду.

2019-жыл менен коштошуп жатып, бир жылдын ичинде болгон негизги жакшы жаңылыктарды окуп алыңыз.

Планетаны жашылдандыруу

АКШнын космос агенттиги (НАСА) жыйырма жыл мурункуга салыштырганда, Жер планетасы беш пайызга жашылданганын жар салды. Буга дүйнөгө тарап жаткан интенсивдүү дыйканчылык ыкмасы менен Африка, Индия жана Кытайдагы бак-дарак тигүү улуттук программалары себеп болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жашыл планета

НАСА уюмунун айтымында, планетадагы жашылданган аймактар беш миллион чарчы километрге кеңейди. Бул аймак Амазон тропикалык токоюна барабар.

Тукум курут болду делген ташбаканын түрү табылды

Жүз жыл мурун тукум курут болду делген эбегейсиз чоң ташбаканын түрү Тынч океандагы Галапагос аралдарында табылды. Эквадордон бир миң чакырым аралыкта жайгашкан Галапагос аралдар ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Chelonoidis phantasticus аттуу ташбаканын түрү акыркы жолу 1906-жылы байкалган. 2019-жылдын башында Галапагос аралдарына кирген Фернандина аралынын алыскы аймагында 100 жашка чыгып калган ургаачы ташбаканы көргөн окумуштуулар катуу майрамдашты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жоголду деп жүрүп табылган ташбака

Андан дагы кубанычтуусу - изилдөөчүлөр ташбаканын изине түшүп, сhelonoidis phantasticus ташбакалардын бир нечеси бар экенин аныкташкан. 2019-жыл жалпы ташбакалар үчүн жакшы жылы болду, аларды дүйнөдөгү саны 980 пайызга өстү.

Ташбакалар тукум курут коркунучуна кабылгандыктан, жаныбарлар 1973-жылы "Кызыл китепке" кирген.

Өркөчтүү (бүкүр) киттердин саны өстү

1980-жылдан бери тукум курут коркунучуна кабылган өркөчтүү киттердин саны 93 пайызга өстү. 2019-жылы киттердин бул түрүнүн саны 25 миңден ашты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сүйүнгөн киттер

Кылымдарга созулган аңчылыктан улам Атлантика океанынын түштүк-батыш тарабында өркөчтүү киттер кырылган эле. Эми мындай тренд токтотулду окшойт.

Диабет илдети менен күрөшүүдөгү жаңы ачылыш

АКШнын окумуштуулары адамдын клеткаларын инсулин жарата алгыдай кылып оңдоонун жолун тапты. Мындай ачылыш диабеттин биринчи түрүнө чалдыккандарга абдан жагымдуу жаңылык.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Диабеттин биринчи түрү менен күрөшүүдөгү ачылыш

"Биз адамдын клеткаларын оңдоп, аны диабетке чалдыккандарга трансплантация кылууга жакындадык",-деди Диабет борборунун башчысы Матиас Хеброк.

... Альцгеймер (алжып калуу)…

Окумуштуулар альцгеймер же алжып калууну жайлаткан aducanumab аттуу дарыны ойлоп чыгарышты. Ошол эле учурда Беркли университетинин изилдөөчүлөрү альцгеймерге түрткү болгон мээнин шишигенин жайлаткан, айрым учурда толугу менен токтоткон дарыны дагы чыгарышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Альцгеймерди илдеттин белгилери байкала электе эле аныктап койсочу?

Германиялык окумуштуулар болсо альцгеймердин симптомдору пайда боло электе эле, оору бар экенин аныктаган ыкманы табышкан. Башкача айтканда, адам илдетке кабыла электе эле коркунучта экенин билип, эрте дарыланууга мүмкүнчүлүк алды.

…жана ВИЧ

Абройлуу Lancet журналы жарыялаган изилдөөгө ылайык, ВИЧ вирусунун жайылуусун алдын алган дары чыгарылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жаңы ыкма ВИЧтин жайылышын токтотот

Изилдөөгө ылайык, ВИЧ вирусуна каршы чыгарылган дары сегиз жыл бою дээрлик миң кишиге берилген. Алар сактанбай жыныстык катнашка барса дагы вирус жуккан эмес.

Кызыл деңиздеги корал рифтерин коргоо келишими

Океандар жылууланып, ууланганы жана көп сандагы туристтердин табиятты булгаганы Кызыл деңиздеги суу алдындагы жандыктарга коркунуч жаралды.

Андан улам Кызыл деңиздин түштүк тарабында корал рифтердин өңү өчө баштады. Ал эми Кызыл деңиздин түндүк тарабындагы корал рифтерине эч кандай коркунуч жаралган жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Корал жандыктарды коргоп калууга региондогу бир нече мамлекет бирге иш алып баруусу керек эле. Ошондон улам Иордания, Египет, Сауд Арабия, Йемен, Израил, Эритрея, Жибути жана Судан Кызыл деңизди изилдөө борборун түзүштү. Борборду швейцариялык институт каржылап, изилдөө иштерин жүргүзөт. Окумуштуулар климаттын өзгөрүүсү менен туристтерди агымы айрым корал рифтерине эмнеге терс таасир этип, башкаларына коркунуч жаратпаганын карамакчы.

*