2019-жылдагы кеп-кеңештер: керектүүсүн алыңыз

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жыл бою BBC Future жана BBC Worklife баяндамачылары биздин жашоону жеңилдеткен кеп-кеңештерди берип келишти. Ал кеңештер түрдүү чөйрөдө, ар кайсыл темада болгону менен жашоого болгон көз караштарыбызды өзгөрттү.

Жыл ичинде окурмандар эң көп окуган кеңештерди сунуштайбыз.

Күнүгө канча суу ичиш керек?

Девушка, пьющая воду Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Көбүрөөк суу ичкиле деген кеңешти такай угабыз. Бирок мунун илимий негизи болду бекен?

Көптөр күн сайын кеминде сегиз стакан (ар бири 240 мл ) суу ичүү керек деп эсептейт. Мындай болгондо башка суусундуктарды эсепке албасак, эки литрден ашуун суу ичкен болобуз.

Бирок мындай "эреже" бир дагы өлкөдө илимий негиз менен далилденген эмес. Ошол эле британиялык, европалык окумуштуулардын "мынча өлчөмдө суу ичишибиз керек" деген расмий сунуштамасы жок.

Макаланы толугу менен төмөнкү шилтемеден окуңуз: Күнүгө канча суу ичиш керек?

Уйкуну оптималдаштыруу: аз уктап, жетиштүү эс алуу

парктагы олтургучта уктап калган жигит Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Окумуштуулар киши уктап жаткан маалда мээде болгон калыбына келүү жараянын тездетүү жана өөрчүтүү жолдорун таап чыкты. Мындай жол менен аз уктап, жетиштүү эс алууга мүмкүнбү?

Адатта азыркы заманда уйкубуз чала болуп калганына көп даттанабыз. Албетте, мындай абал биздин түмөн түйшүгүбүздү көрсөтүп турат. Томас Эдисон, Маргарет Тэтчер, ошол эле Дональд Трампты эстеп көрөлү. Алар өзүнүн кыска уйкусу менен баарыбызга белгилүү болгон эмеспи. Дарыгерлер сунуштаган 7-9 сааттык уйкунун ордуна алар 4-5 саат эле укташкан.

Кыязы, көптөр ушул кишилерди үлгү катары көрсө керек. Айталы, Амеркадагы ооруну алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, АКШда чоң кишилердин үчтөн бири такай чала уктап жүргөнү аныкталган.

Анын кесепети белгилүү - эстутумдун начарлашынан тартып, инфекциялык илдетке кабылып калуу коркунучу, ашыкча салмакка чейинки маселени жаратат. Бирок көптөр буга көп деле маани бербейт.

Макаланы толугу менен төмөнкү шилтемеден окуңуз: Уйкуну оптималдаштыруу: аз уктап, жетиштүү эс алуу

Ыйласаң, жеңилдеп каласың...же андай эмеспи?

Плачущий мужчина Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Биз ар дайым ыйлаганда киши жеңилдеп калат, көз жаш жан дүйнөнү тазалап, жүрөктү аруулантат деп ойлоп көнүп калганбыз. Экинчи жагынан эл алдында көзгө жаш алууну алсыздык катары көрөбүз, туурабы?

Изилдөөчүлөр болсо мунун экөө тең туура эмес деп жатышат.

Тереза Мэй өзүнүн отставкасы тууралуу Даунинг-стритте билдирүү жасап жатып, аз болгондо ыйлап жибере тургандай көрүнүп турду. Албетте, бул учурду журналисттер өткөрүп жиберген жок. Көзүнө жаш тегеренген Мэйдин сүрөттөрү басылмалардын биринчи бетине жайнап чыкты.

Баяндамачылар болсо премьер акыры өзүнүн адамдык жүзүн көрсөттү, түнөргөн, менменсинген беткабын сыйрыды деп белгилеп жатышты. Ал тургай Мэйди катуу сындап жүргөндөрдүн көпчүлүгү ошол маалда боор ооруп кеткенин айтышты.

Кыязы, телекамералар алдында жашып кеткен саясатчынын репутациясы үчүн пайдалуу дагы болот окшойт.

Бирок бул сыяктуу абалды биз кандай кабыл алабыз, боорубуз ооруйбу же мыскылдайбызбы, мунун баары ыйлоо тууралуу түшүнүккө байланыштуу.

Макаланы толугу менен төмөнкү шилтемеден окуңуз: Ыйласаң, жеңилдеп каласың...же андай эмеспи?

Каалаганыңды 20 саатта кантип үйрөнсө болот?

Кыз китеп окуп жатат Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жаңы маалыматты окуп, тез кабыл алабыз

Орус, араб же кытай тили болобу? Же балким квант физикасыбы? Биздин мээ - канчалык татаал маалымат болбосун бардык нерсени, өзгөчө башында тез кабыл алат.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, жаңы бир нерсени өздөштүрүп баштаганда алгачкы 20 саат абдан маанилүү.

Дал ушул учурда мээ жаңы маалыматты тез кабылдайт. Кызыгууңузга жараша, мээ жаңы нерсеге тез реакция жасайт.

19 кылымдагы немис философу жана психологу Герман Эббингауз, алгачкылардан болуп мээ жаңы маалыматты кантип кабыл аларын изилдеген.

Ал "ийри үйрөнүү" идеясына же жаңы жөндөм менен ага кеткен убакыттын өлчөмүнүн байланыштырган.

Аны графикага чийип көрсөтө турган болсок, "маалыматты" узунунан же у-огуна жана "убакытты" туурасынан же х-огуна жайгаштыруу керек.

Макаланы толугу менен төмөнкү шилтемеден окуңуз: Каалаганыңды 20 саатта кантип үйрөнсө болот?

Оптимисттер көп жашайт

оптимисттер жаман ойдон алыс болгондуктан стрессти оңой жеңет, Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Оптимисттер жаман ойдон алыс болгондуктан стрессти оңой жеңе алат.

Жашоодо майда-баратка көп кейиген, дайыма наалыган пессимисттерге караганда оптимисттердин көп жашаганга шансы чоң болорун америкалык окумуштуулардын изилдөөсү көрсөттү.

Жайдары маанайда жашаган адамдар 85 жашка жетип же андан да узак жашарын Бостон университетинин медицина мектебинин окумуштуулары таап чыкты.

Алардын гипотезасы боюнча оптимисттер эмоцияга көп алдырбай жашаган үчүн стресстин зыянынан көбүрөөк коргоно алат.

Окумуштуулар пессимисттер дагы жашоодо жакшылыктан үмүт үзбөй, жакшы тилек менен жүрсө пайдалуу болот дешет.

Изилдөөгө эки топтогу адамдар катышты, 70 миң аял, бир жарым миң эркек.

Окумуштуулар аларга мүнөздүү оптимизм менен жалпы ден соолугун аныкташкан. Аларга физикалык күчтү талап кылган иштери, диетасы жана тамеки чегери, арак ичери тууралуу суроо беришкен.

Орточо алганда абдан оптимист адамдын жашоо узактыгы 11-15% жогору болуп чыккан.

Макаланы толугу менен төмөнкү шилтемеден окуңуз: Оптимисттер көп жашайт

*