Кишинин дене температурасы төмөндөп, муз каптаган аймактар жылып баратабы?

Бала кезден бизге кишинин кадыресе температурасы 36,6 градус деп үйрөтүшкөн. Бирок белгилүү болгондой XIX кылымдын орто ченинде Америкада нормалдуу температура 37 градус деп эсептелген.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Эч нерсе түбөлүктүү эмес, Американын табы кайтты. Мындай жыйынтыкка келгендер көптөгөн изилдөөлөрдү өткөрдү. Жулия Парсоннет жана анын Стэнфорд университетиндеги кесиптештери өтө чоң көлөмдөгү маалыматтарды жыйнашты.

Алды менен алар Америкадагы жарандык согуштун 24 миң ардагеринин температурасын салыштырып чыгышты. Алардын маалыматтары 1860-жылдардан 1940-жылдарга чейин алынган. Андан кийин 1971-1975-жылдагы алынган температуралар текшерилген. Соңунда 2007-2017-жылдардагы кишинин температурасын салыштырып көрүштү. Белгилүү болгондой, ар бир он жылда америкалыктардын температурасы 0,03 градуска төмөндөп олтурган. Жыйынтыгында АКШ Орусияны кууп жетти. Эми аларда дагы температура 36,6.

Парсоннет температуранын төмөндөшү реалдуу кубулуш экенин, муну градусниктен күмөнсүбөө керектигине дароо эле эки далилди келтирет.

Биринчиден, температуранын төмөндөшү такай байкоого алынып келүүдө жана термометрлер так көрсөтөт.

Экинчиден, улгайган кишилердин температурасы ченеп келгенде, алар кайсыл жылдарда болбосун дене температурасы бирдей кармалган. Бирок алардыкын жаңы муундагы жаштардын температурасы менен салыштырганда, жогору болуп чыкты.

Ошентип барган сайын биз бабаларбыздан айырмаланып баратабыз дейт окумуштуу. Чынында антибиотик жана вакциналардан улам, биз инфекцияларга аз кабылабыз. Ошондон улам биздин иммундук система активдүүрөк жана ткандарыбыз азыраак сезгенет.

Муз менен кар жапкан Гималайды гүл каптайбы?

Соңку 25 жылдан бери НАСАнын спутник сүрөттөрү аркылуу бийик тоолуу аймактарды изилдеп жүргөн Эксетер университетинин окумуштуулар тобунун жетекчиси Карен Андерсондун айтымында, барган сайын бийик тоолуу аймактарда өсүмдүктөр көп кездеше баштады.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Адистер Гималайдын туруктуу кар жатпаган, дарак өспөгөн аймактарына көңүл бурушкан. Ал жерде майда бадалдарды, чөп жана жапыз өсүмдүктөрдү кезиктирүүгө болот.

Спутник сүрөттөрү көрсөткөндөй, 1993-жылдан бери өзгөчө деңиз деңгээлинен 5000-5500 метр бийиктиктеги алкактарда өсүмдүктөрдүн кеңири тамырлай баштаганы байкалган.

Бийиктик алкактары - тоолордо абсолюттук бийиктиктин өсүшү менен жаратылыш шарттарынын, жаратылыш зоналарынын алмашуусу. «Бийиктик алкагы», «бийиктиктин ландшафттык зонасы» — тоо ландшафттарынын бийиктик-зоналдык бөлүнүшүнүн бирдиги. Бийиктик алкагы - жаратылыш шарттары салыштырмалуу бир өңчөй алкакты түзөт. (караңыз: el-sozduk.kg)

Тоо тектирлерин өсүмдүктөрдүн активдүү колонизация кылып башташынын так себебин окумуштуулар азыр түшүндүрүп бере элек. Бирок Андерсондун болжолунда, кептин баары атмосферага бүркүлгөн парник газдарынын натыйжасы, ошондой эле көмүр кычкыл газынын концентрациясынан улам Гималай массивиндеги улам күчөп бараткан жылуу аба ырайы болушу мүмкүн.

Баштагыдай эле окумуштууларды Гималайдагы мөңгүлөрдүн ээриши көбүрөөк кызыктырат. Анткени коңшу өлкөлөрдөгү суу бөлүштүрүү, болжолдуу суу ташкыны жана кургакчылык ушул маселеге байланыштуу. Бирок Эксетер университетинин окумуштуулары бийиктик алкактарында пайда болгон өсүмдүктөр дагы суу бөлүштүүрүү маселесине түздөн-түз таасирин тийгизет деп эсептейт. Алардын кесепети мөңгүлөрдүн эришин тездетип, тоо кыркаларындагы суунун кармалышына чейин тескери натыйжа берет дейт окумуштуулар.

Азырынча өсүмдүктөр муз тиштеген тоо чокуларына канчалык жетип бара турганы белгисиз. Адатта муз менен кар каптаган тоо чокуларында өсүмдүктөр дээрлик болчу эмес. Азыр айрым түрлөрү деңиз деңгээлинен 1659 метр бийиктикке чейин жетти.

"Өсүмдүктөр Эверест чокусуна чейин жетип, тамырлап калабы? Алдыдагы жүз жылдыкта мунун болушу күмөндүү",-дейт Андерсон. (AbA)