Жапония дыйкандары жана айдоо жерлери жок эле айыл чарбасын өнүктүрдү

Demonstration of a strawberry-picking robot Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Өлкөдө дыйкандардын саны кыскарып жаткан учурда, Жапония жаңы технологияларды колдонууда

Жапониянын элет жеринде көбүнчө улгайган кишилер басымдуулук кылат. Ошондуктан Жапония азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жаңы ыкмаларды, технологияларды колдонууга өттү.

Ючи Мори жашылча-жемишти топуракта өстүрбөйт. Жапониялык окумуштуу адамдын бөйрөгүн дарылоо үчүн колдонулган полимердик желимди айыл чарбага өздөштүрдү. Жашылча-жемиш желимдин үстүндө өсөт, нымдуулук жана керектүү заттар мыкты сакталат.

Бул ыкма менен жашылча-жемишти каалаган жерде өстүрсө болот жана ал 90 пайыз азыраак сууну талап кылат. Полимердик желим болсо өсүмдүктөрдү вирус жана бактериядан дагы коргойт.

Жапония дал ушундай ыкмалар менен кыска мөөнөттүн ичинде, дыйкандар жана айдоо жер тартыш болсо дагы, айыл чарбасында ыңкылапты ишке ашырды.

Сүрөттүн автордук укугу Mebiol
Image caption Ючи Мори медицинадагы бөйрөктү дарылоо ыкмасын изилдеп, аны айыл чарбада колдонуп көрүүгө умтулду

"Бөйрөк диализинде канды бөлүп чыгарган материалды колдондум",-дейт окумуштуу.

Изилдөөчүнүн Mebiol компаниясы 120 мамлекетте бул ыкмага патент алган. Окумуштуу сунуштаган усул Жапониядагы айыл чарба ыңкылабынын бир гана ыкмасы. Учурда өлкөдөгү айдоо талаалар жасалма акыл колдонулган технология борборлоруна айланууда.

Жапониялык окумуштуулар агротехнология күндөн күнгө маанилүү тармакка айланарына ишенет. Айталы, Бириккен улуттар уюмунун баяндамасына ылайык, суу ресурстары туура эмес башкарылып жана айлана чөйрөнүн бузулушу азыркыдай темп менен улана берсе, 2050-жылга чейин дан азыктарынын түшүмү 40 пайызга кыскарат, глобалдык Ички дүң өнүмү болсо 45 пайызга төмөндөйт.

Сүрөттүн автордук укугу Mebiol
Image caption Полимердик желим колдонулса, химиялык пестициддин кереги жок болуп калат

Ючи Мори сунуштаган ыкма Жапониянын 150 аймагында жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу башка мамлекеттерде дагы колдонулууда. 2011-жылы цунамиден кийин зилзала катталып, өзөктүк реактордо кырсык болгондо, Жапониянын түндүк-чыгыш тарабындагы айдоо жерлер колдонулбай калган. Бул кризистен өлкө Ючи Мори сунуштаган ыкма менен чыккан.

Робот тракторлор

Жер планетасындагы калктын саны 2050-жылга барып 7.7 миллиарддан чейин 9.8 миллиардга өсүшү күтүлүүдө. Ошондуктан азык-түлүк тармагында иш кылган компаниялар талап дагы жогорулайт деген пикирде. Муну менен бирге айыл чарбасында колдонулган жабдыктарга болгон талап өсөт.

Жапониянын өкмөтү окумуштууларга робот башкарган 20 башка тракторду иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүдө. Бул тракторлор бир нече өсүмдүктү талаага эккенден тарта, түшүмдү жыйнап алууга чейин иштерди аткара алат. Хоккайдо университети эмитен эле унаа моторлорун чыгарган Yanmar компаниясы менен бирге робот тракторлорун чыгарды. Учурда бул тракторлор сыноодон өтүп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Yanmar
Image caption Yanmar компаниясынын робот тракторлору алыстан башкарылат жана тоскоолдуктарды айланып өтөт

Сенсорлордун жардамы менен бир эле киши эки тракторду бир учурда башкара алат.

Жылдын башында Nissan компаниясы дагы күндүн нурунан кубатталган роботту ойлоп чыгарган. Duck же өрдөк аттуу төрт бурч аппарат күрүч талааларын кыдырып, андагы сууну тазалап чыгат.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption БУУ 2050-жылга чейин дан азыктарынын түшүмү 40 пайызга кыскарат деп эскертүүдө

"Дыйкансыз дыйканчылык" ыкмасы

Жапониянын өкмөтү технологиянын жардамы менен талаада иштегиси келбеген жаштарды айыл чарбага тартууну көздөп турат. Учурда Жапониянын бул тармагы олуттуу кыйынчылыктарга туш болду, себеби жаштардын көбү бур тармакта иштегиси келбейт. Учурда дыйкандардын орточо жашы 67 болуп саналат.

Андан тышкары топографиясынан улам Жапония керектүү азык-түлүктүн 40 пайызын гана өлкөнүн ичинде өндүрө алат. Өлкөнүн 85 пайызы тоолуу аймак жана айдоого жараган талаалардын көбүнө күрүч эгилет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жапонияда дыйкандардын орточо жашы 67

Күрүч жапониялыктардын улуттук тамагына киргендиктен, өкмөт бул дан азыкты өстүргөн дыйкандарга субсидия дагы төлөп берет. Ага карабастан, соңку статистика жапониялыктар адатын өзгөртүп жатканын көрсөтөт.

Айыл чарбадагы дрон

Күрүчтүн калктын жан башына керектөөсү 1962-жылы 118 килограммды түзсө, 2006-жылы бул көрсөткүч 60 килограммга төмөндөгөн. Ошондуктан Жапон бийлиги азык-түлүк диверсификациясына көңүл бура баштаган.

Дыйкандардын саны аз болгондуктан, өкмөт аргасыздан технологияга көңүл бурду. Учурда жапон талааларын дрондор учуп жүргөнү кадимки эле көрүнүш болуп калды. Бир дрон жарым сааттын ичинде дыйкан бир күн бою жасаган ишти аткарып коет. Негизинен дрондор өсүмдүктөргө пестициддерди себүүгө колдонулат.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Дрон жарым сааттын ичинде дыйкан бир күн бою жасаган ишти аткарып коет

Технологияны жайылтуу

Жапония Африка континентиндеги айыл-чарба долбоорлорун колдоп, 2030-жылга чейин жылдык күрүч түшүмүн 50 миллион тоннага чыгарууга умтулууда. Маселен, Сенегалда жапониялык адистер жергиликтүү дыйкандарды окутуп, сууну туура пайдалануу ыкмаларын көрсөтүп, жаңы технологияларды үйрөтүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жапония азык-түлүктүн 60 пайызын импорттойт

Жапониянын жардамы менен Сенегалдагы дыйкандар бир гектар жерден мурда төрт тонна күрүч алса, азыр жети тонна алып жатышат.

Жапония жеке инвестицияларды Африкага тартып келип, өлкөдө өндүрүлгөн трактор сыяктуу жабдыктарды континетке сатуу стратегиясын колдонууда. Ушундай эле ыкма Вьетнам, Мьянма жана Брализияда ишке ашырылууда.

Бул жол менен Жапония өзүнүн азык-түлүк коопсуздук көйгөйүн чечип жатат. Өлкө технологиянын жардамы менен 2050-жылга чейин азык-түлүктүн 55 пайызын өздөрү өндүрүүгө умтулууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар