“Мени зордуктагандар видеону интернетке жүктөшкөн”

Rose Kalemba Сүрөттүн автордук укугу Rose Kalemba

Өткөн жылы Роуз Калемба өзүнүн үрөй учурган окуясын блог катары ачык жазды. Ал 14 жашында зордукталган жана кылмышкерлер окуяны видеого дагы тартып алган экен.

Үрөй учурган тасма белгилүү порно сайтына жүктөлгөн, аны интернеттен алдыруу үчүн Роуз бир нече ай бою кыйналган. Блог ачыкка жарыялангандан кийин ондогондор Роузга кайрылып, дал ошондой окуяга туш болгонун айтып чыгышты.

Эскертүү: Үрөй учурган окуя, 18+

Медайым Роузду ооруканадан жетелеп чыгарып, "сен мындай окуяга туш болбошуң керек эле, кечирип кой...сени түшүнүп турам, менин кызымды дагы зордуктап кетишкен" деп акырын үн менен айткан экен.

Роуз түн ортосунда жатып алып, полиция менен дарыгердин окуяны ишенбей кабыл алганына таң калган. Чынында, анын айрым туугандары дагы "өзүң күнөлүүсүң" деп урушкан. Медайым болсо башкача мамиле кылганы дароо байкалды.

"Ал мага ишенди", -дейт Роуз.

Ошол Роузго үмүт берген. Бирок көп өтпөй үрөй учурган окуянын видеосун жүз миңдегендер көрүп, бөлүшкөн. Алардын бири дагы жаш кызга жан тарткан эмес.

Роуздун ошол учурдагы абалын түшүндүрүп берүү татаал. Ал өзүнүн жүзүн карай албай, үйдөгү ар бир күзгүнү шейшеп менен жаап чыкканы өспүрүм кыз үчүн канчалык оор болгонун көрсөтөт.

Учурда Роуз 25 жашта. Мурдагы сезимдерин жеңип чыгуу үчүн Роуз өзүн колго алганды үйрөндү. Таң атпай туруп, өзү жактырган какао жасап, күзгүнүн алдына отуруп алып боёнот, чачын жасалгалайт. Андан тышкары күзгүнүн алдына отуруп алып, өзүнө эргүү берген сөздөрдү улам кайталайт:

"Мен мыкты айдоочумун. Роберт экөөбүз бактылуубуз. Мен мыкты энемин".

Роуз Огайодогу чакан шаарчада туулуп-өскөн. Өспүрүм кыздын кечинде сейилдеп келүүсү шаарчада көнүмүш адат эле. Роуз бир нече саат бою сабактарын жасагандан кийин, таза абаны дем алып, басып келгенди жактырчу.

2009-жылы жайында, 14 жаштагы Роуз адаттагыдай эле көчөгө сейилдеп келүүгө чыккан.

Сүрөттүн автордук укугу Rose Kalemba
Image caption Бала кезиндеги Роуз

Көлөкөдөн белгисиз адам чыгып, бычак такап аны унаага алып кирген. Унаада дагы бирөө олтурган экен, болжолу 19 жаштарда. Роуз ал кишини шаарда мурда көргөн. Эки кылмышкер Роузду шаардын аркы четиндеги үйгө алып барып, 12 саат бою зордукташкан. Үчүнчү адам видеого тарткан.

Роуз дендароо абалына кабылып, дем алалбай кыйналып жатканда, кылмышкерлердин бири ага компьютериндеги видеолорду көрсөткөн. Анда негизинен афро-америкалык кыздар зордукталган.

"Кол салгандар расист ак эркектер эле. Алар афро-америкалыктардан башкаларды дагы зордукташкан экен", -дейт Роуз.

Кылмышкерлер Роуз зордукталганы боюнча полиция кайрылса, аны өлтүрүп кетерин айтышкан. Жаш өспүрүп коркуп, аны кое беришсе эле эч кимге "айтпайм" деп убада берген.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Зомбулукка кабылган аял жардам сурагандан тартынбаш керек

Роузду кайра унаага отургузуп, үйүнөн жарым саат жөө баскан аралыкта таштап кетишкен. Ал үйүнө басып кирип, күзгүдөн өзүн карап калып, жийиркенген экен. Башынан кан чыгып жаткан, бутун дагы бычак менен тилишкен.

Кыздын атасы Рон, алыскы туугандары менен тамактанып жаткан. Кызын көргөн Рон коркуп кетип, эмне болгонун сураган. Роуздун айткандарын угуп, дароо полицияга чалган.

"Атам мени кучактап, полицияга чалды. Башкалар кечинде эмнеге көчөгө чыгасың, өзүң күнөлүүсүң деп айтышты",-дейт Роуз.

Ооруканада Роузду эркек дарыгер менен полиция кызматкери кабыл алган. Алар фактыларды сурап, Роузду сезимдерине эч көңүл бурган эмес. Полиция дароо эле "сен жыныстык катнашка макул болдуң беле? Балким сен макул болуп, анан окуя туура эмес нукта уланып кетти" деген суроо жолдоптур.

"Мени сабашып, башым жана бутум канап жатса, алар ушундай суроо беришти".

Өспүрүм жыныстык катнашка макул болбогонун билдирип, бирок коркконунан ким кол салганын айта албай койгон. Ооруканадан чыккандан кийин Роуз өз өмүрүн кыюуга аракеттенген.

"Жашоомду кантип улантам деген ой келди",-дейт Роуз. Аны агасы убагында көрүп калып, ата-энесин жардамга чакырган экен.

Бир нече айдан кийин Роуз MySpace коомдук сайтты карап жатып, мектептеги курбулары интернет баракчасына шилтемени бөлүшүп жатканын байкап калган. Роуз дагы аны басып, белгилүү Pornhub порно сайтына кирген. Баракчада зордукталып жаткан кыз Роуз эле.

"Бир нече видео бар экен, аларга "кичинекей өспүрүп ыйлап жатат", "өспүрүм кыз талкаланды", "эсин жоготкон өспүрүм" деген тема коюшуптур. Алардын бирин 400 миң жолу көрүшүптүр. Эсимди жоготкондо эмне кылгандарын көрүп, жүрөгүм айланды. Себеби ал учур эсимде жок эле",-деп эстейт Роуз.

Роуз видео тууралуу жакындарына айткысы келген эмес. Анткени туугандарынын көбү тескерисинче аны күнөөлөшкөн.

Мектептеги окуучулардын көбү дагы порно сайттагы Роуздун видеону көргөнү бир нече күндүн ичинде белгилүү болду.

"Шылдыңдашып, өзүң күнөлүүсүң, бул эркектерди өзүң чакырдың, сен сойкусуң", -деген сөздөр айтылды.

Айрым окуучулардын ата-энеси бул кызга жолобогула деген буйрук бериптир. Көптөр Роуз зордукталганына ишенген эмес.

2009-жылы Роуз алты ай бою Pornhub сайтына кат жолдогон. Ал видеону алып салууну суранган.

"Мен аларга жашым жетиле элек кыз экенимди түшүндүрүп, видеону алып салууну сурангам. Жалынып кат жазып турдум",-дейт Роуз.

Ага эч ким жооп жазган эмес, видео сайттан алынган жок.

Ошол жылы Роуз катуу өзгөрдү. Эч ким менен сүйлөшпөй, эч нерсеге кызыкпай калган.

"Көчөдөн бирөө карап калса эле, ал порно видеону көрсө керек деп шекшип калат элем. Балким ал видеону көрүп ыракат алгандыр деген дагы ой келчү".

Ошондуктан Роуз өзүн карагысы келбей, үйдөгү күзгүлөргө шейшеп илип чыккан.

Порно сайтына жазган каттарынан майнап чыкпай жатканда, Роуз башка ыкманы пайдаланууну чечкен. Ал жаңы почта ачып, өзүн Pornhub сайтына адвокат катары тааныштырып, кат жолдогон.

"Видеону албасаңар соттошом деп жаздым, 48 сааттын ичинде тасма баракчадан өчүрүлдү".

Бир нече айдан кийин Роуз психологиялык жардам алып, ага кол салгандар ким болгонун айткан. Бирок видео тууралуу айтып бере алган эмес. Психолог мындай маалыматты жашыруун кармап тура албайт, мыйзамга таянып, ал полицияга кайрылган.

Коопсуздук кымзаткерлер кылмышкерлерди кармаганда, алардын адвокаттары Роуз жыныстык канташка барууга макул болгонун айткан экен. Роуздун үй-бүлөсүнүн күчтүү адвокат жалдоого акчасы жок болгондуктан, кылмышкерлер "зордуктоо" факты менен жазаланбай, "мыйзамсыз жорук" үчүн соттолгон. Бир дагы күн абакта отурган эмес.

Роуздун атасы Рон, Pornhub сайтындагы видео тууралуу 2019-жылы кызынын блогун окугандан кийин гана уккан. Ал кызынын видеосу интернетте желдей тарап, аны мектептеги окуучулары шылдыңдаганын билген эмес экен.

"Кызымды мектеп окуучу кезин эстедим. Ага башка балдар көп тийишип, уруп, чалып салган учурлар болгону эске келди. Бирок биз эчтеке деп айтчу эмеспиз. Бул дагы туура эмес экен. Себеби, кызым дүйнөнүн баары мага каршы. Ал тургай ата-энем дагы мага каршы деген ой калыптанып калды. Айрым учурда унчукпай коюу туура эмес",-дейт Рон.

Image caption Роуз Калемба атасы менен

Үрөй учурган окуядан кийин Роуз санарип дүйнөсүнө кирип кеткен. Ар түрдүү ысымдарды колдонуп, блог жазып, өзүнүн сезимдери менен бөлүшүп турган.

2019-жылы коомдук сайттарда отуруп, Роуз Pornhub сайты тууралуу окуп калган. Анда порно сайты кайрымдуулукка көңүл буруп, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга жардам берип, технология багытында окугусу келген кыздарга каражат бөлгөнү жазылган.

Pornhub сайты тараткан маалыматка ылайык, 2019-жылы сайтка 42 миллиард киши кирген, бул 2018-жылга салыштырмалуу 8.5 миллиардка көбүрөөк. Ошондо сайтка күнүнө 115 миллион киши кирет.

"Pornhub тууралуу бүт дүйнө укса керек. Алар өзүнүн жакшы тарабын көрсөтүүгө аракеттенди. Максатына жетти. Бирок меникине окшош видеолор сайтта дагы деле көп. Бул тасмалардагы кыздар чын эле зордуктоо учурунда тартылганбы же жөн эле ошентип атап коюшканбы айта албайсың",-дейт Роуз.

Роуз ысымын жашырбай блог жазып, Pornhub ал адвокат экенинен кооптонгондо гана видеону алып салганын билдирген. Роуздун блогуна ондогон аялдар кошулуп, алар дагы дал ошондой окуяга туш болгонун ачык айтып чыгышты.

Би-Би-Си Pornhub сайтына кайрылганда, алар мындай жооп кайтарды:

"2009-жылы үрөй учурган окуялар тууралуу сөз болуп жатат. Ал учурда бул сайттын ээси башка киши болчу. Ошондуктан окуя кандай чечилгени тууралуу маалыматыбыз жок. Pornhub сайтынын жаңы ээси өспүрүмдөрдүн сексуалдык зомбулукка кабылганына каршы күрөшүү жана мыйзамсыз видеолорду жүктөп албоо үчүн эң катаал эрежелерди колдонот. Компания Vobile программасынын жардамы менен сайтка жүктөлгөн ар бир видеону текшерилет. Мыйзамсыз тасмалар платформага жүктөлбөйт".

2015-жылы Pornhub үрөй учурган видеолорго каршы чара көрүү үчүн атайын ыкмаларды киргизген. Ага карабастан жаш кыздар зордукталган видеолор дагы деле сайтка жүктөлүүдө.

Өткөн жылы октябрь айында 30 жаштагы флоридалык Кристофер Жонсон 15 жаштагы кызды зордуктап, видеону Pornhub сайтына жүктөгөнү үчүн абакка кесилди.

Би-Би-Синин ушул окуя тууралуу суроолоруна Pornhub "мыйзамсыз видеолор аныкталар замат, сайттан өчүрүлөт" деген жооп алды.

2019-жылы Pornhub Girls Do Porn каналын сайтынан алып салган. Анда 22 аял аргасыздан видеого тартылганын айтышып, сотко кайрылышкан. Girls Do Porn каналынын ээси күнөлүү деп табылды.

"Айрымдар менин он жыл мурун болгон окуямды угуп, азыр андай болбойт деп айтышат. Бирок алар жаңылышат. Менин блогумду окуган кыздар мага байланышып, дал ушундай окуяга туш болгонун айтышууда. Алар Батыш мамлекеттеринде жашаган, интернетке байланышы бар аялдар. Жакынкы Чыгыш, же Азия өлкөлөрүндө зордукталып, видеосу интернетке жүктөлгөнүн билбей жүргөндөр көп болсо керек деп ойлойм",-дейт Роуз.

Би-Би-Си Роузга кат жолдогон аялдардын бири менен байланышты. Ал дагы зордукталып, тасма бир нече жыл бою чакан порно сайтында жүктөлүп турган экен. Бул аял дагы компанияга кат жолдоп, жада калса видеонун астына дагы жазган. Калифорниянын тургуну бул видео башка порно сайттарга дагы тарап кеткенин айтат. Порно сайттын адвокаттары Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип, компаниянын ээси ушундай окуя болгону тууралуу маалымат жок деп айтты. Би-Би-Си сайттан тартылган сүрөттөрдү, анын ичинде аялдын кайрылуусун дагы көрсөткөндөн кийин, видео баракчадан өчүрүлдү.

"Роуздун 2009-жылы болгон окуясы азыр деле кайталанып жатат. Бир гана Pornhub сайтында эмес, бир нече бекер порно сайттарында ушундай жагдай байкалат",-дейт Not Your Porn уюмунун өкүлү Кэйт Исакс. Бул уюм порно сайттарды иликтеп келет.

"Чакан, бир киши түзгөн порно баракчаларга эч нерсе кыла албайсың. Ал эми Pornhub сыяктуу чоң сайттар жоопкерчиликке тартылышы керек. Азыр аларды эч ким жоопкерчиликке тарткан жок. Аларды чектеген мыйзам дагы жок",-дейт Кэйт Исакс.

Айрым учурда мурдагы сүйлөшкөн кызы же жубайынан өч алуу үчүн, сурабай туруп анын интимдик сүрөт, видеолорун интернетке жүктөп салган учурлар дагы арбын. Англия менен Уэльс 2015-жылы өч алуу максатындагы порнографияны мыйзамсыз деп таап, бул кадамга баргандарды эки жылга чейин абакка кесет. Бирок ошол видео же сүрөттөрду бөлүшкөн платформалар жоопкерчиликке тартылбайт.

"Порно сайттар айрым видео же сүрөттөр уруксат сурабай туруп жүктөлгөнүн билишет. Видео атайын тартылганбы же чын эле зордук-зомбулук экенин аныктоо абдан татаал экенин дагы порно сайттар жакшы билишет",-дейт Исакс.

Кэйт Исакс анын 16 жашка чыга эле курбусунун видеосу Pornhub сайтына жүктөлгөндөн кийин Not Your Porn аттуу уюм түзгөн. Анын айтымында, соңку алты айдын ичинде эле ага элүүдөн ашуун аял видеосу порно сайтка жүктөлгөнү боюнча кайрылган.

Ошондой эле Кэйт Pornhub сыяктуу сайттардан видеону компьютерге көчүрүп алуу мүмкүн экенин айтат. Демек баракчадан үрөй учурган видео өчсө дагы, ал башка сайтка жүктөлүп калышы мүмкүн.

Not Your Porn уюму Британиянын өкмөтү порнография видеолоруна карата мыйзамдарды катаалдаштырууну үндөп келет.

Роуздун окуясына 10 жыл өттү. Учурда ал күйөөсү Роберт жана Белла аттуу ити менен жашайт. Күйөөсү Роберт Роуздун үрөй учурган окуясы тууралуу сүйлөшүп, түшүнүү менен кабыл алган.

Сүрөттүн автордук укугу Rose Kalemba

"Өмүр бою абакка кесилгендей эле болдум. Азыр дагы дүкөнгө барып, бул киши менин видеомду көрдүбү деген суроолор пайда болот",-дейт Роуз.

Бирок Роуз он жылдан соң башкалар сабак алсын деген ой менен окуясын кеңири жайылткысы келет. Анткени унчукпай, өзүн-өзү жеп жүрө бергенде эмне өзгөрмөк эле...