Экинчи дүйнөлүк согуштун талаштуу окуясы: күлү көккө сапырылган Дрезден

"Үрөй учурган оттуу бороон...Денем коркунучтан калтырап, бир сөздү улам кайталап жаттым: "Тирүүлөй өрткө куйкалангым келбейт!". Канча кишинин үстүнөн аттап өткөнүмдү билбейм. Болгону өрттүн ичинде калгым келген эмес".

Дрезден бомбалоодон кийин Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Дрезден бомбалоодон кийин

1945-жылдын 13-февралында британдык авиация Дрезденге сокку урган. Бир нече күндүн ичинде британдыктар жана алардын америкалык союздаштары шаарга 4000 тонна авиабомба таштаган. Аба соккуларынан 25 миң киши мүрт кеткен.

Дрезден аба соккусуна кабылган жалгыз шаар эмес эле. Союздаштар Кельн, Гамбург жана Берлинге бомба таштап, он миңдеген кишилер жер кучактаган. Айрым маанилүү саналган райондордун күлү көккө сапырылган. Бомба чабуулуна жапон шаарлары Токио, Хиросима жана Нагасаки кабылды.

Бирок Экинчи дүйнөлүк согуштагы союздаштардын авиациясы жер менен жексен кылып, бомбалап салган шаарлардын ичинен Дрезден боюнча карама-каршы пикирлер көп.

Шаардын аскердик мааниси канчалык эле деген суроо талаштуу. Ал тургай Улуу Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилль аба чабуулунан кийин күмөнсүнгөн пикирин айткан экен.

"Менимче, немис шаарларын бомбалоо коркутуу үчүн жасалган маселе катары каралууда. Анын башка себептерин таап, кайра карап чыгууга убакыт келди,-деп жазган кызматтык катында. -Дрезденди талкалоо союздаштардын бомбалоосуна каршы олуттуу жүйөө болуп жатат".

Бул материалда үрөй учурган сүрөттөлүштөр бар

Short presentational grey line

Дрезден - Саксониянын борбору. Согушка чейин шаарды Эльб жээгиндеги Флоренция деп аташкан. Шаардын өзүнө таандык жагымдуу климаты жана кооз архитектурасы башкалардын көңүлүн буруп турчу.

Дрезден түстүү сүрөттө, 1900-жыл. Сүрөттө бомбалоого чейинки имараттар көрүнүп турат Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Дрезден түстүү сүрөттө, 1900-жыл. Сүрөттө бомбалоого чейинки имараттар көрүнүп турат

1945-жылдын февралында Дрезден Чыгыш фронттон 250 чакырым аралыкта эле. Нацисттик Германия советтик аскерлердин чабуулун токтотуп, коргонуусун дале кармап турган. Согуштун соңку айларындагы айыгышкан кармаштар жүрүп жаткан маал эле.

Ал кезде Дрезден ири өнөр жай жана транспорт түйүнү болуп эсептелген. Шаарда жайгашкан фабрика жана заводдор согуштук каражаттарды өндүрүп турган. Жөө аскерлер, танк жана артиллерия Дрезден аркылуу өткөн. Жүз миңдеген немис качкындары дагы ушул шаарга баш калкалашкан.

Британиянын Королдук аскер-аба күчтөрү Дрезденди бир да жолу аба чабуулуна туштукпаган, Германиядагы эң ири шаар деп билдирет. Союздаштар Дрезденге урулган аба соккусу Кызыл Армияга жардам болуп, нацисттик аскерлердин аракеттерин токтотуп, чыгышка эвакуацияланышына тоскоолдук жаратат деп чечкен.

Аскер учактары фугас жана күйгүзүүчү бомбаларды колдонгон Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Аскер учактары фугас жана күйгүзүүчү бомбаларды колдонгон

Согуш жылдарында британдык Аскер-аба күчтөрү кубаттанып, чоң тажрыйба алып калган эле. Учактар фугас жана күйгүзүүчү бомбаларды ыргыткан. Биринчиси имараттарды уратып, экинчиси өрт тутантып, алаамат түшүргөн.

Германиянын көп шаары жер менен жексен болгон. 1943-жылы жүздөгөн британдык аскер учактары Гамбургду бомбалоого катышкан.

Дрездендин чоң бөлүгү союздаштардын бомба чабуулунан бүлүнгөн Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Дрездендин чоң бөлүгү союздаштардын бомба чабуулунан бүлүнгөн

Дрезденге чабуул 13-февралда түндөсү башталып, 800 чамалуу аскер учагы тартылган. Жыйырма беш минутанын ичинде британдык учактар 1800 тоннага чукул бомба таштаган.

Америкалык авиация британдыктардын артынан эле күндүзү бомба чабуулун улантат. АКШнын 520 чамалуу учагы эки күн шаарды бомбалайт.

Алардын негизги бутасы - темир жол түйүндөрү эле. Бирок иши жүзүндө шаардын борбордук бөлүгүндөгү чоң аймакты талкалаган.

Дрезденде бомбалоодон кийин өрткө күйүп жана түтүндөн думугуп он миңдеген кишилер өлгөн Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Дрезденде бомбалоодон кийин өрткө күйүп жана түтүндөн думугуп он миңдеген кишилер өлгөн
Көптөгөн тарыхый имараттар ураган Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Көптөгөн тарыхый имараттар ураган

Шаар тургундарынын үрөйү учкан. Көптөр сиренанын үнүн уккандан кийин жер төлөгө жашынган экен. Бирок биринчи соккудан кийин эле шаарда жарык өчүп, экинчи чабуулдун алдында көп кишилер жер төлөдөн сыртка чыгып алышат.

Көптөр өрттөн качып, кислород жетишпей жерге кулаган. Ошол окуялардын күбөсү Маргарет Фрейер колундагы баласы менен качып чыккан келинди мынтип сүрөттөйт: "Ал качып бара жатып, кулап түштү. Баласы отко ыргып кетти...келин жерде кыймылсыз жатып калды".

Америкалык жазуучу Курт Воннегут аскер туткунунда болуп, Дрездендеги чабуулдан аман калган.

"Дрезден өрттүн арасында калды. Жалын тирүү нерсенин баарын куйкалап, күйө турган нерсенин баарын жалмады",-деп жазган "Бешинчи кандуу булоон" китебинде.

Жалпысы болуп британдыктардын алты аскер учагы жок болгон. Алардын үчөөнү өздөрү бомбалап алышкан. Америкалыктар бир учагын жоготкон.

Дрезден бир нече жыл боюу уранды алдында жатты, 1946-жыл Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Дрезден бир нече жыл бою уранды алдында жатты, 1946-жыл
Дрезден, 1946-жыл Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Дрезден, 1946-жыл
Дрездендин көп райондору ГДР учурунда калыбына келтирилди, 1969-жыл Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Дрездендин көп райондору ГДР учурунда калыбына келтирилди, 1969-жыл

Нацисттик Германия бул бомбалоону тез аранын ичинде кайра союздаштарга пропагандалык сокку катары колдонгон. Дрезденде эч кандай аскер өндүрүшү болгон эмес, бул маданий борбор гана болчу деп билдирүү жасаган.

Шаар бийлиги 25 миң киши каза тапканын кабарлаганына карабастан (азыркы тарыхчылар дагы ушул сандарды көрсөтүшөт), нацисттер Дрезденде 200 миң жайкын тургун каза тапты деп айтып чыкты.

Көптөгөн жылдар аскер мемориалы катары кызмат кылган чиркөөлөр Британия жана АКШдан түшкөн кайрымдуулук ачкасына оңдолгон. 2004-жылдагы сүрөт Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Көптөгөн жылдар аскер мемориалы катары кызмат кылган чиркөөлөр Британия жана АКШдан түшкөн кайрымдуулук ачкасына оңдолгон. 2004-жылдагы сүрөт
Дрезденде азырга чейин ошол соккулардын издери байкалат, 2015-жылдагы сүрөт Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Дрезденде азырга чейин ошол соккулардын издери байкалат, 2015-жылдагы сүрөт

Британияда Дрезден туристтик кооз жай катары белгилүү болчу. Ошондуктан парламент мүчөлөрүнүн көбү жана коомдук ишмерлер аба соккусу зарыл беле деген суроону көтөрүшкөн.

Бирок америкалык жана британдык аскер стратегдери операция зарыл болгонун, аскер өндүрүшү жана транспорт түйүнү чабуулга алынганын айтат.

1953-жылы жарыяланган америкалык отчетто аба чабуулу шаардын өндүрүш имараттарынын 23 пайызын жана турак-жайлардын 50 пайызын талкалаганы айтылат.

Арадан 75 жыл өткөнү менен союздаштардын аба чабуулу боюнча талаштар азырга чейин уланып келүүдө. (AbA)

*

Тектеш темалар