Тамекини таштагандан кийин өпкө кайра калыбына келет

тамеки Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Сиздин өпкөңүз тамекинин кесепетинен пайда болгон канцерогендик мутацияны "сыйкырдуу жол" менен айыктырып алууга жөндөмдүү. Мындай көрүнүш тамекини таштаган кишилерде болот, дейт окумуштуулар.

Буга чейин дарыгерлер өпкө рагына алып келген мутацияны тамекини таштаган соң деле кала берет деп эсептешкен. Бирок Nature журналына жарыяланган изилдөөнүн тыянактары күтүүсүз болду. Көрсө, жабыркабаган айрым клеткалар өпкөнү кайра калыбына келтирүүгө жөндөмдүү экен. Мунун натыйжасы 40 жыл бою күнүгө бир куту тамеки тартып, кийин таштап салган кишиден дагы байкалган.

Тамекинин курамындагы химиялык элементтер өпкө клеткасындагы ДНКны бузат. Изилдөө көрсөткөндөй, мындай абал өпкөдө рак пайда болгонго чейин жүрөт.

"Бул акырындап жарыла турган бомба сыяктуу, ракты пайда кылыш үчүн кийинки соккуну күтүп турат",-дейт Лондон колледжинин (UCL) окумуштуусу, изилдөөчү доктор Кейт Гауэрс.

Бирок клетканын айрым бөлүктөрү соо калат. Бул клеткалар тамеки тартканда пайда болгон генетикалык мутациядан кантип качып кетери түшүнүксүз. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, "бункердин ичинде" калган сыяктуу. Киши тамекини таштап салгандан кийин дал ушул клеткалар өөрчүп баштайт дагы, өпкөдөгү жабыркаган клеткалардын ордун ээлейт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Чылымдан баш тарткандардын өпкөсүндөгү клеткалардын 40 пайызга чейинкиси эч качан тамеки тартпагандар сыяктуу эле көрүнүштө болушу мүмкүн.

"Мындай ачылышына таптакыр даяр эмес болчубуз",-деп агынан жарылды Сенгер институтунун изилдөөчүсү Питер Кэмпбелл.

"Дем алуу органдарын кандайдыр бир сыйкырдуу жол менен калыбына келтирген белгилүү өлчөмдөгү клеткалар бар",-деди ал.

Мурда чылым тартып жүрүп, кийин таштап салган кишинин өпкөсү кантип калыбына келет? Алдыда окумуштуулар муну түшүндүрүшү керек. Тагыраагы, иликтөө негизинен өпкөнүн альвеолаларына жүргүзүлгөн.

Британияда жыл сайын 47 миңдей кишиден өпкө рагы табылат. Алардын дээрлик көпчүлүгү чылым тарткандан улам ооруга чалдыккандар. Изилдөө көрсөткөндөй, тамекини таштап салуу өпкө рагына чалдыгуу коркунучун кескин азайтат. (AbA)

Би-Би-Синин тегерегиндеги жаңылыктар