Жумгалдыктар кытайларды кууп чыктыбы?

Вотсап аркылуу тараган сүрөт Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Whatsapp аркылуу тараган сүрөт

Whatsapp аркылуу тараган билдирүүдө өзүн жумгалдыкмын деп тааныштырган жарандар кытайлыктарды кууп чыкканын айтышууда. Алар коронавирустун жайылышынан кооптонорун айтышууда.

Өрнөк айылынанбыз деген тургун Кытайдан келген сегиз кишини жол салып жаткан ишкананын базасынан кууп жибердик, пикетке чыктык деп айтат тараган билдирүүдө.

Жумгал районунун акими Адыл Сапаровдун айтымында, бул маалымат чындыкка дал келбейт. Анын билдиришинче, жергиликтүүлөр кытай жарандарын кууп чыгарган жок, карантинге толук алынышын талап кылышты.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Whatsapp аркылуу тараган сүрөт

"Учурда жол куруу жумушу токтоп турат. Кытайлыктар дээрлик жок. Төрт жетекчи кызматкерлер келишкен. Алар азыр Бишкекте. Алар тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин киришти. Эл аларды он төрт күн карантинде кармоо талабын гана коюшту", - деди Сапаров Би-Би-Сиге.

Жумгалда түндүк-түштүк альтернативдик жолду салып жаткан ишкананын базасы бар. Акимдин айтымында, ал жерде сезон күчөгөн учурда 200 чамалуу кытай иштейт.

Кыргызстандагы бул окуя кытайларга каршы маанай же синофобия дүйнөнүн айрым жерлеринде байкалып жаткан учурда чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Whatsapp аркылуу тараган сүрөт

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда расмий иштеген кытайлыктардын дээрлик бардыгы China Road компаниясынын жумушчулары.

Ал тапта Кыргызстан Кытайдан сырткары Жапония, Корея жана Ирандан келген жарандарды да карантинге ала баштады. Мындай чечим Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушуна ылайык кабыл алынды.

Кытайдан келген мекендештерин жериген украин кыштагы

Мурдараак Украинанын Полтава облусунун Новые Санжары аталган шаар конушунун тургундары коронавируска байланыштуу Кытайдан эвакуация болуп келген улутташтарын жергиликтүү санаторияга киргизбөөгө аракет кылышты.

Айыл тургундары вирус көзөмөлдөн чыгып, жайылып кетет деп чочулап, шаарчага кирчү жолдорго тосмолорду коюп салышкан. Полиция жолду тазалоого аракет кылганда, каршылык көрсөтүп, Кытайдан келген кишилер түшүп бараткан автобуска таш ыргытышты.

Улуттук гвардиянын 45 кызматкерин жана Кытайдын Ухань шаарынан эвакуацияланган 27 украин, 27 чет элдик жаранды санаторияга өткөрбөө аракетин көргөн тургундар өздөрүнүн «Сталинград» коргонуусун уюштурду. Бирок алар чегинүүгө арагасыз болуп, жыйырма минутадан кийин тарашты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Окуяны сырттан байкап тургандар үчүн бул өтө эле одоно көрүндү - кантип өздөрүнүн мекендештерине ушундай мамиле кылып жатышат?

Жаңы Ухань

Коронавируска байланыштуу дүрбөлөң Украинага өтө тездик менен жайылды. Алды менен "Кытайда келгендерди ушул аймакта карантинге кармайт экен" деген каңшаар Батыш Украинаны аралай чапты. Андан кийин дүрбөлөң Новые Санжары менен Полтавщинага жетти.

Эл арасында шаарчаны Жаны Уханга айлантып жибере тургандай төбө чачты тик тургузган кеп-сөздөр айтылып жатты. Бийликтин түшүндүрүү иштери кечиккенин пайдаланып, ортодо коомдук сайттарда тири шумдук ушактарды таратышты.

«Коомдук сайттарда бизди "чет элден келген вирустун күрөшкерлери" атап жатышты".

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

«Фейсбукта» эвакуацияланган кишилер тууралуу үрөй учурган эле имиштерди жазып жатышты. Ошондуктан санжарлыктар таң атпай эле чогулуп, Ухандан келгендерди киргизбей коюшну урпактар алдындагы милдет катары көрүшкөн.

Мына ушундай түшүнүктөн улам жергиликтүүлөр шаарга бара турган жолду бөгөп, санаторияга өткөрбөштүн айласын издешкен.

Бул күнү шаарчада эки «стратегиялык объект» пайда болду: Улуттук гвардиянын санаториясынын чет жакасын жана ага бара турган жолдогу көпүрөнү санжарлыктар тосуп алышты.

«Бул илдет бүт баарыбыздын түбүбүзгө жетет",-деди көпүрөнү тосуп турган аялдардын бири.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Ухандан келгендер бул жакка жөнөп жатканда үчөөнүн дене табы көтөрүлүп турганын кытайлык дарыгерлер аныкташкан. Алар учакта башкаларга дагы жуктурушу мүмкүн деген жүйөнү айтып жатышты.

Анда буларды эмне кылыш керек деген суроого: "Бул жакка эмес, бизден алыс жакка. Балким, бир токойго",- деген жоопту угасың.

Болбосо, Чернобыль аймагындагы кайсыл бир мейманкананы оңдоп, түзөп бериш керек дешет. Бирок жергиликтүүлөр кайсыл бир конкреттүү кишилерге " кастыгы жок" экенин айтышты.