Советтер Союзунун акыркы маршалы Язов дүйнө салды

Дмитрий Язов Сүрөттүн автордук укугу Yuri Mashkov/TASS

96 жаш курагында Советтер Союзунун акыркы маршалы Дмитрий Язов дүйнө салды. Язов узакка созулган оорудан улам көз жумду деп айтылат Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.

Тарыхта Язов 1991-жылдагы СССРди сактап калуу аракети менен белгилүү.

"Август путчунда" классикалык аскер төңкөрүшүнүн белгилери бар. Демек, бул жерде коргоо министри негизги ролдо болушу керек. Бирок тергөө комиссиясынын материалдарында Язов ГКЧПнын башка мүчөлөрүнө караганда, күнөөсү аз болгону: кутум уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышпаганы жана акыркы учурларда гана ага аралашканы айтылат. Ошол эле маалда акыр аягына чейин ал күмөнсүп, баш-оту менен аралашпаганы белгиленет.

Язов 1924-жылы Орусиянын Омск облусунда туулган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда аскердик окуу жайын бүтүрүп, Ленинград жана Прибалтикада согушкан. Согуштан кийин ротанын командиринен баштап, Чехословакиядагы советтик күчтөрдүн командачысы, Орто Азия жана Ыраакы Чыгыштагы аскер округдарын башкарган.

Кариб кризиси маалында өзөктүк дүрмөтү бар ракетаны Кубага коштоп барган эки мото аткычтар полкун башкарган.

1987-жылы 30-майда күтүүсүз жерден Дмитрий Язов СССР коргоо министри болуп дайындалган. Ошол учурда ал аскер мекемесинин 14 орун басарынын бирөөсү болгон.

Бейрасмий иерархия боюнча кеминде сегиз маршал андан жогорку даражада эле.

Тарыхчылардын пикиринде, Горбачев министрлик кызматка кадыр-барктуу кол башчыны эмес, аткаруучу аскер чиновнигин издеген.

1990-жылдын 28-апрелине чейин Язов министр болуп турду. СССР тарыхындагы маршалдык даражасы жок министр болгон биринчи учур Язовго таандык. Кийин бул даражаны алды, бирок 41 маршалдын ичинен Язовдун гана Советтер Союзунун баатыры наамы болгон эмес.

Өмүрүнүн соңку жылдарын жупуну жашап өткөргөн. Мамлекет Дмитрий Язовго айына 60 миң рубль өлчөмүндө пенсия төлөп берип турган. Москва бийлиги тарабынан берилген үч бөлмөлүү жөнөкөй эле батирде жашады. (AbA)

Тектеш темалар