"Кызматкерлердин айлыгын көтөрүү үчүн миллион доллар маянадан баш тарттым"

Dan Price

Сүрөттүн булагы, Gravity

2015-жылы АКШнын Сиэтл шаарында жайгашкан интернет баракчаларынан төлөм кабыл алган компаниянын ээси кызматкерлер жылына кеминде 70 миң доллар маяна алсын деген эрежени киргизген. Анын компаниясында 120 киши иштейт эле.

Бул идеясын ишке ашыруу үчүн Дэн Прайс өзүнүн бир миллион доллар айлыгын кыскартканы аз келгенсип, өзүнүн дагы эмгек акысын 70 миң доллар чегине койгон. Беш жылдан кийин Дэн идеясы жемиштүү болгонун айтууда.

2015-жылы Дэн Прайс жакын досу Валерия менен Сиэтл шаарынын четиндеги тоолордо сейилдеп жүргөн эле. Эки дос баарлашып жатып, Валерия ижарага алган үйү 200 долларга кымбаттап, каржылык кыйынчылыкка туш болгонун айтып берген.

Валериянын бул сөзүнө Дэн кабатыр болгон. Себеби Валерия аял болгонуна карабай 11 жыл армияда кызмат өтөгөн, Ирактагы согушка дагы катышкан. Эми аптасына 50 саат бою эки башка иште жумуш кылып, акчасы айдан-айга жетпей жаткан экен.

"Валерияны мамлекетке кызмат кылган, жан үрөп иштегенден коркпогон адам катары билем",-дейт Дэн Прайс.

Беш жыл мурун Валерия жылына 40 миң доллар маяна алып жатса дагы, бул кымбат деп саналган Сиэтл үчүн жетишсиз эле. Дэн дүйнөдөгү колунда бар менен жоктордун ортосундагы ажырым кеңейип бара жатканына капа болуп, жок дегенде өзүнүн компаниясында бул көйгөйдү чечүүгө киришкен.

Прайс мырза 31 жашында миллионерге айланган. Ал өспүрүм кезинде негиздеген Gravity Payments компаниясынын эки миңден ашуун кардары болуп, миллиондогон долларга бааланган. 2015-жылы анын бир жылдык айлыгы 1.1 миллион доллар эле. Бирок Валериянын сөзүнөн кийин кызматкерлеринин көбү каржылык кыйынчылыкка туш болгонун түшүнгөн.

Ошондон бери Дэн Прайс Кошмо штаттарындагы бай менен кедейлердин ортосундагы ажырым менен күрөшүп келет.

"Байларга Нью-Йорк шаарынын борборундагы батирде алтын отургучта тамактанууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн көптөгөндөр ачкачылыкка кабылды. Ага карабастан биздин коом, калыптанган маданиятыбыз ач көздүктү даңазалайт. Мисалы, Forbes журналы дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесин чыгарат. Анда Жефф Безос Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстен оозуп өтүп, эң бай адам катары таанылды деп жазылат. Ошонун эмнеси маанилүү?",-дейт Дэн.

1995-жылы кедей деп саналган америкалыктардын эң бай делген бир пайызга салыштырган каржылык абалы дурус болчу. Ошол жылдан кийин баары өзгөрдү. Азыр эң бай делген бир пайыз америкалык кедей делген 50 пайыз жарандан көбүрөк акча табат. Бул ажырым жылдан жылга кеңейүүдө.

1965-жылы АКШда компания жетекчилеринин маянасы кадыресе кызматкерлерден жыйырма эсе көп болчу. 2015-жылы бул ажырым 300 эсеге өскөн. Британияда болсо жетекчинин маянасы кызматкерлеринен 117 эсеге көп.

Сүрөттүн булагы, Gravity

Сиэтлдын четиндеги тоолордо Дэн Прайс идеясын ишке ашырууга киришкен. Ал ошол учурда Нобель сыйлыгын алган экономика боюнча эксперттер Даниел Канеман менен Ангус Детондун эмгегин дагы окуп жаткан эле. Окумуштуулар америкалыктар бактылуу болуу үчүн канча каражат табышы керек деген суроого жооп издешкен экен.

Дэн үйүнө жеткенден кийин көйгөйдү изилдеп, өзү эсептеп чыккан. Ал кызматкерлери жылына кеминде 70 миң доллар маяна алышы керек деген чечим чыгарган. Бирок бул идеясын ишке ашыруу үчүн Дэн бир гана өз айлыгын кыскартпастан, компаниясынын баалуу кагаздарын саткан. Эртеси күнү кызматкерлерин жыйынга чогултуп, жагымдуу жаңылыкты жарыялаган.

Дэн Прайс кызматкерлери сүйүнүп, чоң майрам болот деп ойлогон. Бирок алар Дэндин айткандарына ишенбей, дендароо болуп калышкан. Жетекчиси сөзүн экинчи жолу кайталаганда гана кызматкерлери ишенишкен.

Беш жылдан кийин Дэн ошол жыйынды жылмайып эстейт. Көрсө ал окумуштуулардын изилдөөсүнүн маанилүү бир бөлүгүн эстен чыгарыптыр. Окумуштуулар америкалык бактылуу болуу үчүн жылына 75 миң доллар маяна алышы керек деп жазган экен. Ага карабастан Дэндин кызматкерлеринин маянасы бир күндүн ичинде үч эсеге көбөйгөн.

Беш жылдын ичинде Gravity Payments компаниясы өзгөрдү. Компаниянын кызматкерлеринин саны эки эсеге өстү, ишкананын баалуу кагаздар рыногундагы баасы 3.8 миллиард доллардан 10.2 миллиардга жетти. Бирок Дэн башкага кубанат.

"Мурда жылына эки гана кызматкерибиз балалуу болгонун сүйүнчүлөчү. Айлыкты көтөргөндөн бери командабызга 40 ымыркай кошулду. Беш жылдын ичинде көп кесиптештерибиз балалуу болду",-дейт Дэн.

Gravity Payments компаниясынын кызматкерлеринин 10 пайыздан көбү турак-жай сатып алды. Сиэтл Кошмо штаттарындагы эң кымбат шаарлардын бири экенин эске салалы. Мурда кызматкерлеринин бир гана пайызы турак-жай сатып алууга жетишкен.

Сүрөттүн булагы, Gravity

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дэн Прайс энеси менен

Андан тышкары пенсия фондуна болгон ыктыярдуу түрдөгү которуулар дагы эки эсеге өстү жана кызматкерлеринин 70 пайызы карыздарынан кутулду.

Ага карабастан Дэнге жеңил болду деп айтууга болбойт. Анын бул кадамы жаңылыктардын баш сабына чыгып, айрым журналдан Дэнди "Американын эң мыкты жетекчиси" деген наам берген. Ал эми Gravity Payments компаниясынын өнөктөштөрү жана айрым кардарлары Дэнге кат жолдоп, саясий оюндарды токтотууга чакырган.

Дал ошол учурда Сиэтл шаар бийлиги минималдуу эмгек акыны саатына 15 долларга көтөрүүнү талкуулап жаткан. Чакан бизнестер мындай кадам аларды каржылык кризиске түртөт деп эскертишкен.

Компаниянын эки жетекчиси дагы нааразылыгын билдирип, ишканадан кеткен. Алар кызматкерлердин айлыгын дароо көтөрүү аларды жалкоо кылат деген пикирин айткан.

Бирок алардын жоромолу ката болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Gravity

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Росита Барлоу

Gravity Payments компаниясынын сатуу бөлүмүнүн башчысы Росита Барлоу маяна көтөрүлгөндөн бери кызматкерлер натыйжалуу иштеп калганын айтат.

Кадыресе кызматкерлердин жемиштүү ишинен улам жетекчилерге болгон басым дагы азайды.

Дэн Прайс болсо кызматкерлеринин биринин окуясын айтып берди.

Биздеги бир кызматкер бир жарым саат ыраак жашайт экен. Ал ишке унаа айдап келген. Анын дөңгөлөктөрү эски болгондуктан, ишке келе жатканда "дөңгөлөктөрүм жарылбаса экен" деп тиленип, күндө стресс болуптур. Жаңы дөңгөлөк сатып алууга акчасы жеткен эмес.

Маяна 70 миң долларга көтөрүлгөндө, ошол кызматкер кеңсеге жакын жерге көчтү. Саламаттыгын ойлогон кызматкер унаасын сатып, ишке жөө басып келет.

Дэн Прайс компаниясы дагы көбүрөк акча таап жатканын айтат. Кызматкерлеринин маянасын көтөргөндөн бери алар ишке чыгармачыл мамиле кылып, башка компаниялардан айырмаланып турган идеяларды сунушташууда.

"Көптөр ишке акча керек болгону үчүн келет. Бул компанияда болсо ишимди кантип жакшы аткарам деп ойлонуп калдык",-дейт Росита.

Ал Gravity компанияда көп жылдан бери иштейт. 2008-жылкы каржылык кризисте Росита карызга баткан. 2015-жылы ал тапкан акча жетишсиз болуп жаткандыктан башка иш карай баштаган эле. Ошондо жетекчилер аны жыйынга чакырыптыр.

"Мени иштен кетиришет деп ойлодум. Балким, башка компаниялар менен сүйлөшүп жатканымды билип калышты деген ой келди. Алар мага жылдык маянаң 40 миң долларга көтөрүлдү деп айтышканда, токтобой ыйладым",-дейт ал.

Дэн Прайс Gravity Payments компаниясы башкаларга үлгү болот деп үмүттөнгөн. Бирок андай болгон жок.

Бостондо жайгашкан PharmaLogics компаниясы кызматкерлеринин бир жылдык маянасын 50 миң долларга көтөргөн, Атлантадагы Rented.com компания дагы көтөрдү. Бирок булар саналуу гана ишканалар.

Дэн болсо чечими анын жашоосун кескин өзгөрткөнүн белгилейт. Мурда кымбат ресторандарда тамактанып, шаардын борборунда жашаса, чечиминен кийин акчасы жетпей, ал өз үйүндөгү бөлмөсүн ижара берген. Жумушка эски Audi айдап келгенин көргөн кызматкерлер акча чогултуп, жетекчисине жаңы Tesla сатып беришти.

Сүрөттүн булагы, YouTube

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дэн Прайс жаңы Tesla унаасын белекке алып жатат

Компания YouTube баракчасына жаңы унааны жетекчисине тартуулап жаткан учурду чыгарган. Анда Дэн өзүн кармана албай, ыйлап жибергенин көрүүгө болот.

"Биз жетекчибизге ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келди. Ал кызматкерлери үчүн көп нерседен баш тартты. Бирок канча адамды бактылуу кылды",-дейт компаниянын кызматкери Алиса Онил.

Беш жылдан бери Дэн өзүнүн маянасын 70 миң доллардан көтөрө элек. Бирок ал мурда миллиондогон доллар тапкан учурга салыштырганда аз каражат менен көбүрөөк ийгиликке жеткенин айтат.

"Айрым учурда мен деле Марк Цукерберг менен атаандашып, чириген байга айланып, Time журналына чыккым келет. Мен дагы ач көздөнүп кетем. Ошондуктан бул кадамга барууну оңой деп айтууга болбойт. Ага карабастан менин жашоом жакшы жакка өзгөрдү",-дейт Дэн.