Коронавирустан сактануу: алдын-алуу чаралары

Дем алуу органдарын сезгенткен Кытайдан табылган жаңы коронавирус инфекциясын жайылышын токтотуу жана алдын-алуу максатында көп өлкөлөр катаал чараларга барууда. Маселен, Орусия баш калаасы Москванын бийлиги "жогорку даярдык режимин" киргизди.

Коронавирус жайылып жаткан өлкөлөрдөн келгендер бийлик өкүлдөрүнө бул тууралуу кабарлап коюга жана өзүн "изоляцияда" кармоого милдеттендирилди. Бул сыяктуу чараларды бир катар өлкөлөр кабыл алды.

Италия өкмөтү жарандарга кол алышып көрүшүү, кучакташуу, көчөдө өбүшүп учурашууга тыюу салды. Андан сырткары коомдук жайларда дагы кишилер бири-бирине жакын жүрбөшү керек. Бир метр аралыкты карманышы керек. Жыйындарды, спорттук иш-чараларды дагы убактылуу токтотуп, футбол беттештерин күйөрмандары жок өткөрүүнү пландап жатат. Өкмөт өкүлдөрү 75 жаштан өйдө курактагы, ошондой эле оорукчан кишилерге үйдөн чыкпай олтурууну өтүндү.

Коомдук транспорт - вирустун тарап кетишинин эң кооптуу жолдорунун бири. Вирустар аба аркылуу - чүчкүрүп-бышкырган учурдагы шилекейдин эң эле майда бөлүкчөсү аркылуу жугат.

Бир нече иликтөөлөр көрсөткөндөй, грипп жайылып жаткан мезгилде коомдук транспортту көп колдонгондор алты эсе көп ооруган. Мына ошондуктан көп өлкөнүн бийлиги: Түштүк Кореядан Иранга чейин коомдук транпортту - поезд, автобус жана аялдамаларды атайын каражаттар менен тазалоодо.

Жапония, Таиланд, Иран жана Иракта мектеп жана университеттер убактылуу жабылды.

Кыргызстанда сырттан келген жарандардын баары текшерүүдөн өтүп, обсервациялык иш-чаралар жүрүүдө, деди расмийлер.

"Вирус миграция аркылуу: аба жолдору, темир жол, авто-унаа аркылуу келген кишилерден жугушу мүмкүн болгон үчүн ушул багытта иштеп жатабыз. Беш өлкөгө чектөө коюлган: Кытай, Жапония, Түштүк Корея, Иран, Италия эпидемиологиялык кырдаал курч өлкөлөр болуп жатат. Ал жактан келген жарандар болсо обсервациялык шарттарда кармап, медициналык көзөмөлдү катуу жасап, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, анан ошонун жыйынтыгы менен калган иш-чаралар жүрөт. 28-февралдан баштап өкмөттүн токтому чыккан. Жагдайы кыйыныраак болуп калган өлкөлөрдө 20 күн болгон кишилерди он төрт күн карантинге алып жатабыз. Эгерде башка өлкөдөн келгендер болсо, аларга дагы өзүнчө алгоритм иштелип чыгып, үй шартында кармап, байкоого алган эрежелер дагы каралган",-дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы атайын түзүлгөн штабдын катчылыгынын жетекчиси Нурболот Усенбаев.

Окумуштуулардын ырастоосунда, иммунитети алсыз адамга вирус жукса, жаңы инфекция мурунку ооруларды козгойт. Ал эми иммунитети күчтүү адам вирус жукпай деле калышы мүмкүн.

Вирусту жайылтпоонун биз аткара ала турган оңой жолдору бар. Маселен, үйгө киргенде колду самындап жуу, көчөдө медициналык маска тагынуу.

Эң жөнөкөй ыкмалар вирустун жайылышын токтотот. Мындай учурда жеке гигиенага өзгөчө көңул буруу керек.

"Гигиенанын негизги эрежелерин кармануу абдан маанилүү. Учурда инфекцияга каршы вакцина жок болгондуктан, вирус менен күрөшүүдө гигиена абдан маанилүү ролду ойнойт", -дейт британиялык окумуштуу Истон.

Андан тышкары вирусту жуктургандарга тез жардам берүү дагы маанилүү.

"Вирусту жуктургандарды тез аныктап, аларга жардам көрсөтүү дагы вирустун жайылышын алдын алат",-деди Эндрю Истон. (AbA)

*