Мунай баасы 30 % арзандады: эми акчанын куну түшөбү?

Азиянын базарларында мунайдын баасы 31 пайызга чейин төмөндөдү. Мындай жагдай мунай өндүргөн өлкөлөр бири-бири менен өндүрүштү кыскартуу боюнча тил табыша албай калгандан соң болуп жатат.

Нефтяная вышка в США

Сүрөттүн булагы, Reuters

Айрым өлкөлөрдүн улуттук акча системасына мунун кесепети тийиши мүмкүн. Маселен, долларга карата орусиялык рублдун наркы төмөндөдү.

Мунай өндүргөн өлкөлөрдүн ОПЕК уюмуна кирген ири өндүрүшчү Сауд Арабиясы апрелден тартып мунайдын бир баррелин 6-8 долларга чейин арзандатарын жарыялады. Ушундан кийин Brent үлгүсүнүн бир баррели 31 долларга чейин арзандап, эртең мененки баа боюнча 32,6 долларды түздү, деп кабарлайт "Блумберг".

Февралдын соңунда Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели болжолу 50 доллар эле. Сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай калгандан кийин 6-мартка карата 9 пайызга төмөндөдү.

Блумберг белгилегендей, мунайдын баасы кескин арзандаган учур 1991-жылы Перс булуңундагы согуш уланып жатканда болгон. Агенттик Goldman Sachs божомолуна шилтеме берип, мунайдын баасы 20дан 30 долларга чейин арзандашы мүмкүн деп жазды.

Блумберг жана Рейтер агентиктери ОПЕК+ альянсынын (ОПЕК мүчө өлкөлөрдөн сырткары дагы бир нече мунай өндүрүүчүлөр кошулган) сүйлөшүүлөрүнүн майнапсыз болуп калганын Москванын позициясынан улам деп жазууда. Орус бийлиги мунай өндүрүшүн кыскартуу жөнүндө кошумча сунуштарга каршы болгон.

ОПЕК мунай өндүрүүнү кыскартуу боюнча келишимди жыл соңуна чейин узартуу, 2020-жылдын экинчи кварталында мунай өндүрүүнү стукасына 1,5 млн баррелге чейин дагы кыскартууну сунуштаган.

Орусия кошумча кыскартууларга каршы болуп, бул АКШга жана америкалык чийки мунай өндүрүүчүлөргө гана пайда алып келет деп чочулап жатат.

Мунайга баалардын арзандашы Орусияда бюджеттик таңкыстыкты жаратып, девальвацияга алып келиши мүмкүн, дейт Fitch агенттигинин директору Дмитрий Маринченко.(AbA)