Психологдон кеңеш: Үйдө олтурганда терс ойлордон алыс болуңуз

Терезе карап турган кыз Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

7,8 млрд планета калкынын кеминде төрттөн бири карантинге алынды. Коронавирустан улам көп өлкөлөр улам катаал чараларга барууда. Айталы, карантин, социалдык аралыкты кармоо жана өзүн изоляциялоо.

Психологиялык жагынан дагы, практикалык жагынан кишилер үчүн бул оңой эмес

Ушундай абалда өзүн кантип алып жүрүү керек? Психолог Акчач Жолдошевадан үч кеңеш:

1.Терс ойлордон оолак болуңуз

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Коомдук сайттардагы, массалык маалымат каражаттарындагы түрдүү маалыматтар, башка өлкөлөрдөгү оор абалды көрсөткөн кадрлар жайнап чыгууда. Мунун өзү үйдө олтурган кишилерди бушайманга салып, тескери ойлор чырмайт. Тескери ойлор, албетте, терс эмоцияларды пайда кылат эмеспи. Ошондуктан андан оолактап, жакшы иштер менен алектениңиз. Карантинде олтуруп, айрыкча энелер мектебин калыптандыргыла. Биз балдарыбыз менен толук кандуу олтурганга жакшы мүмкүнчүлүк жаралып жатат. Буга чейин балдарга убакыт бөлө албай калдык, жомок айтып бере албай жатам деп келген болсок, азыр ошого шарт түзүлдү. Маселен, мурда окуйм деп, убакыт таппай жүргөн китептерди барактоого убакыт келди. Карантинде олтуруу көп мүмкүнчүлүктү чектеген менен башка мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Баарыбыз тартипти сактоого тийишпиз. Ошол эле маалда үйдө кыжаалат болуп олтура берген туура эмес.

2.Дүрбөлөңдү ээрчибегиле

Азык-түлүк саткан жерлерде эл дүрбөлөңгө түштү. Эл карантин болгондо дүкөндүн баары жабылып калат деп кооптонду. Мамлекет керектүү азык-түлүк жетиштүү экенин улам кабарлап турушу керек. Кээ бир кишилер өтө сезимтал, ак жүрөк келишет. Ошолор көбүрөөк кабатыр болуп, ичиндегисин башкалар менен бөлүшкүсү келип, бирок дүрбөлөңгө салып коюшу мүмкүн. Андай сезимге алдырбагыла.

3.Коркуу сезиминен арылгыла

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бизге өтө коркуп жатам деп чалган кишилер болууда. "Сыртка чыксам эле вирус жабышып алчудай сезимде жашап жатам" деп чалгандар болот. Негизгиси тескери ойлордон арылгыла. Өзүбүдү өзүбүз алдын ала программалашыбыз керек. Бул деген алдыдагы иштерди пландап алыңыз. Биздин топ азыр обсервацияда олтурган кишилерге психологиялык жардам көрсөтүп жатабыз. "Менин дене табым көтөрүлгөн жок. Жакшы элемин. Качып кетким келет". "Жыйынтык кандай болоор экен" деп тынчсызданган кишилерге жардам көрсөтүп жатабыз. Психологияда адам өзүн жаман сезген абал ушул - күтүү. Анализдер кандай чыгат деп, күтүү сезиминен улам катуу тынчсызданып алышкан. "Төрт, эки, төрт" деген көнүгүүбүз бар. Бир, эки, үч, төрт дегенде терең дем алып. Бир, эки дегенде демди сактап туруп, бир, эки, үч, төрт дегенде демди чыгарабыз. Дем алганда ичке абаны толтуруу керек. Бул нерв системаларына жакшы таасир берип, кыжаалат ойду алыс кубалайт. (AbA)

Image caption Акчач Жолдошева, ОшМУнун доценти, практик- психолог