“Үйдө болуп, илдетти эмес боорукерликти тараткыла”

Дүйнө жүзүндө көп кишилер үйүндө изоляцияда олтурууга мажбур болууда. Сүрөтчү Стивен Лавкин ушундай абалда олтурган Бруклиндеги жалгыз бой жана үй-бүлөлүү кишилердин сүрөттөрүн тарткан.

Анна-Бет Русакис кызы менен: "Илдетти эмес боорукерликти тараткыла. Үйдө болгула!". Сүрөттүн автордук укугу Stephen Lovekin/Shutterstock
Image caption Анна-Бет Русакис кызы менен: "Илдетти эмес боорукерликти тараткыла. Үйдө болгула!".
Presentational white space

Башында Лавкин үйүнүн босогосунда олтурган үй-бүлөлөрдү көргөндө, сүрөткө тартууга кызыгып жүргөн. Кийин терезенин артындагы кишилерди тартуу идеясы жаралды.

"Биз терезе аркылуу сырткы дүйнөнү карайбыз. Сырттан бизди караганда рамкада тургандай көрүнөбүз. Кеп ушунда, биз дүйнөнү кандай көргөндүгүбүз",-деди сүрөтчү.

Жубайлар Кларис Инс менен Ансил МакКейн. Алар кино тармагында иштейт. Жазууда: "Баарыбыз бирге". Сүрөттүн автордук укугу Stephen Lovekin/Shutterstock
Image caption Жубайлар Кларис Инс менен Ансил МакКейн. Алар кино тармагында иштейт. Жазууда: "Баарыбыз бирге".
Presentational white space

Лавкин кимди сүрөткө тартса дагы дүйнөгө жолдой турган эмне сөзүңөр бар деп сураган. Бул долбоор бир аптанын ичинде коомдук сайттарда көптүн көңүлүн бурду. Азырынча коопсуз деп эсептеген автор долбоорун дагы улантууну көздөйт.

Профессор и активистка Кристин Лоулер Сүрөттүн автордук укугу Stephen Lovekin/Shutterstock
Image caption Профессор жана активистка Кристин Лоулер: "Машина балким токтойт"
Presentational white space
Роберт Кларк кичүүсү: "Оор мезгилдер өтүп кете берет, күчтүү кишилер калат" Сүрөттүн автордук укугу Stephen Lovekin/Shutterstock
Image caption Роберт Кларк кичүүсү: "Оор мезгилдер өтүп кете берет, күчтүү кишилер калат"
Presentational white space

"Азыркы башаламан абалыбызда жана белгисиздик өкүм сүрүп турганда, менин долбоорум кишилерге жардам берет деп ишенем. Бири-биринен алыстап калган кишилер сырткы дүйнө менен байланышын сезет. Биз азыр бири-бирибизден алыспыз жана бул канчага созуларын эч ким билбейт",-деди Лавкин.

"Коопсуз жерде калгыла. Үйдөн чыкпагыла. Менин балдарымдын плакатында жазылып тургандай "жакында баарыбыз чогуу болобуз", ушундай эмеспи".

Кэлли менен Лукас Лавкин: "Жакында баарыбыз чогуу болобуз. Үйдө калып, үмүт үзбөгүлө". Сүрөттүн автордук укугу Stephen Lovekin/Shutterstock
Image caption Кэлли менен Лукас Лавкин: "Жакында баарыбыз чогуу болобуз. Үйдө калып, үмүт үзбөгүлө".
Presentational white space
Том Смит менен Лора Росс, кыздары Кэролайн, Элизабет жана Эбигейл: "Эгерде сиз жакшы көргөн киши жаныңызда болсо, сиз жалгыз эмесиз". Сүрөттүн автордук укугу Stephen Lovekin/Shutterstock
Image caption Том Смит менен Лора Росс, кыздары Кэролайн, Элизабет жана Эбигейл: "Эгерде сиз жакшы көргөн киши жаныңызда болсо, сиз жалгыз эмесиз".
Presentational white space
Агнета менен Мэттью Септимус балдары Эрза жана Нора: "Үмүт" Сүрөттүн автордук укугу Stephen Lovekin/Shutterstock
Image caption Агнета менен Мэттью Септимус балдары Эрза жана Нора: "Үмүт"
Presentational white space
Майк менен Дениз Пергола балдары Генри, Жек, Уилл: "Биз баарыбыз чогуу элек. Башкасы эсимде жок". Сүрөттүн автордук укугу Stephen Lovekin/Shutterstock
Image caption Майк менен Дениз Пергола балдары Генри, Жек, Уилл: "Биз баарыбыз чогуу элек. Башкасы эсимде жок".
Presentational white space
Сүрөтчү Ширли Фюрст - "Искусство сактап калат!" Сүрөттүн автордук укугу Stephen Lovekin/Shutterstock
Image caption Сүрөтчү Ширли Фюрст - "Искусство сактап калат!"
Presentational white space

Сүрөттөрдүн автордун укугу Stephen Lovekin/Shutterstock