Элдин баары үйүндө, интернеттин ылдамдыгын кантип жакшыртабыз?

Планшетный компьютер Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Коронавирус пандемиясынан улам Жер шарындагы миллиондогон кишилер үйдөн иштөөгө аргасыз болууда. Ошондуктан интернетке болгон суроо-талап мурда болуп көрбөгөндөй жогорулап, жыйынтыгында ылдамдыкка кескин таасирин тийгизди.

Британдык Ofcom компаниясы интернеттин ылдамдыгын кантип күчөтүү жана өчүп калуусун алдын алуу үчүн кеңештерди берди.

Анда айтылган сунуштарда мурдатан өзүбүз деле көрүп, билип жүргөн кеңештер бар. Айталы, кинону алдын ала көчүрүп алып көргөн жакшы. Себеби, үйдө ошол маалда дагы бир киши видео байланышка чыгып калыш мүмкүн.

Бирок биз мурда билбеген кеңештерге көңүл буруңуз.

"Сиз микротолкундуу меш вай-файдын сигналына тоскоолдук жаратарын билчү белеңиз? Билбесеңиз, анда видео байланышка чыгып, онлайн аркылуу иштеп жатканда же HD сапатындагы тасмаларды көрүп жатканда, мешти колдонбогонуңуз туура", - деп кеңеш берет Ofcom адистери.

  • Роутерди башка техникалардан алыс жерге койгон туура. Анан сөзсүз бийик жерде турсун. Ошондо сигналга тоскоолдук жаралбайт;
  • Роутериңиз дайыма күйүп турсун;
  • Видео байланышка же конференцияга аудио аркылуу гана чыксаңыз болот. Албетте, зарылчылыгы болбосо, байланыш учурунда видеону өчүрүп коюңуз;
  • Интернет аркылуу чалуулардын убактысын белгилеп алыңыз. Сааты, минутасын аныктап, макулдашып алгыла. Так сааттарга белгилебегиле, мисалы: саат Х.38 же Х саат 13 минута.
  • Интернеттин ылдамдыгы үчүн компьютерди вай-файга байлабай, роутерге Ethernet-аркылуу туташтырып алуу керек;
  • Телефон аркылуу интернетке туташуу тоскоолдук жаратат;
  • Интернет аркылуу иштеген башка жабдыктарды зарылчылыгы болбосо, өчүрүп салыңыз. Анткени аны колдонбосоңуз деле интернетти бөлүп кете берет.

Маселен, мобилдик телефон, радио, галогендик лампалар, музыка ойнотуучу жабдыктар, телевизор жана мониторлор активдүү эмес режимде деле интернет "жей" бериши мүмкүн.

Сапаты төмөн болсо дагы ишенимдүү болсун

Ofcom ошондой эле мобилдик байланышка суроо талап күчөгөндүктөн жөнөкөй телефонду колдонууну кеңеш кылат.

Интернетке күч келтирбөө үчүн популярдуу коомдук сайттар YouTube, Facebook, Netflix жана Disney+ соңку күндөрү видеолорун жеткиликтүүрөк форматтарга өткөрө баштады.

Британиянын интернет түйүндөрүн башкарган Openreach компаниясы өлкөдө провайдерлер интернетти тийиштүү деңгээлде тейлеп жатканын билдирди.

Ага ылайык иш кундөрү интернет-трафик көлөмү 20% өстү. Британ өкмөтү интернеттин жогорку кылдамдыгын камсыздоо - коронавирус менен курөшүүнүн "маанилүү фактору" деп жатат. (Ek)