Орус миллиардеринин жубайы болуу: байлык менен коркунуч

  • Акмен Хаважа
  • BBC Stories
Alexandra Tolstoy & Sergei Pugachev

Сүрөттүн булагы, Alexandra Tolstoy & Sergei Pugachev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Орус олигархы Сергей Пугачев Александра Толстойду англис тил боюнча мугалим катары жумушка алып, кийин экөө үйлөнүп алышкан

Жаш үй-бүлө Франциядагы чепте жашап, дүйнөнүн булуң-бурчунда кыймылсыз мүлктөрү бар эле. Алардын күнүмдүк турмушун, байлыгын элестетүү кыйын.

Графиня Александра Толстой Англиядагы аристократ үй-бүлөсүндө өскөн. 2008-жылы Орусиянын эң бай адамдарынын бирин Сергей Пугачевду сүйүп калып, жомоктогудай эле жашоосун баштаган.

Бирок алардын турмушу коркунучтуу түшкө айланды.

Беш жыл мурун Александра менен Сергей, үч баласы менен Лондондогу кымбат саналган Челси районундагы үйүндө жашап жатышкан.

"Бизде спорт машыктыруучу, эки үй кызматкер, англис тилинде сүйлөгөн бала багуучу, орус тилинде сүйлөгөн бала багуучу жана француз тилин колдонгон мугалим кызматкерибиз бар эле. Бул үйгө биринчи балабыз төрөлгөндө көчүп келгенбиз. Коңшу үйдү дагы сатып алганбыз",-дейт графиня Александра.Графиня Александра Толстой Англиядагы аристократ үй-бүлөсүндө өскөн. 2008-жылы Орусиянын эң бай адамдарынын бирин Сергей Пугачевду сүйүп калып, жомоктогудай эле жашоосун баштаган.

Сүрөттүн булагы, Alexandra Tolstoy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сергей Пугачев менен Александра Толстой Лондон, Париж жана Орусияда жашаган

Графиня Толстой бала чагынан бери байлыкка бөлөнгөн. Александранын атасы залкар жазуучу Лев Толстойдун алыскы туугандарынын бири. Александра Англиянын кымбат мектептеринде билим алган, кийин Лондондо банк тармагында иштеген.

Бирок графиняга иши жакпай, ал өзүнүн саякаттоо бизнесин ачкан. Александра мурдагы совет өлкөлөрдү, өзгөчө Кыргызстандын кооздугу менен Түркмөнстандын башкаларга окшобогон абалын Батыш мамлекеттеринин жарандарына көрсөтүп бизнес жүргүзгөн. Казак (козак) атчанга күйөөгө дагы чыккан. Бирок аны менен тез эле ажырашкан экен.

Александра күнүмдүк турмушуна жетиштүү каражат таба албай жатканда, Сергей Пугачев менен таанышып калган.

Александра англис тил боюнча мугалим катары ишин баштаган эле.

"Сергейди көргөндө, мени электр тогу уруп кеткендей эле болду. Катуу сүйүп калдым. Ал романтикага жакын адам, бири-бирибизге абдан жакын элек",-дейт Александра.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жаш үй-бүлө дүйнөнү кыдырып чыгышкан. Негизги үйү Лондондо болгон

Чириген байлык

Башында Толстойдун турмушу укмуш болду. Эки жаш үйлөнгөндөн кийин балалуу болушту. Жаш үй-бүлө Москва, Лондон менен Парижде жашаган экен.

"Ал мага кредит картасын берип, каалаганыңды сатып ал деп айтчу. Мен дүкөн кыдырып, эмне жакса ошону алдым. Каалаганды жасадым. Өзүмдүм жеке учагым бар болчу. Каалаган учурда чемоданымды чогултуп, каалаган өлкөгө кетип калат элем",-дейт графиня.

Жаш үй-бүлө 12 миллион долларга бааланган Англиядагы үйү же 40 миллион долларга бааланган Кариб аралындагы вилласында жашашкан.

Бирок Орусиянын бийлиги олигархтарга карата саясатын катаалдаштырганы, жаш үй-бүлөнүн жашоосун кескин өзгөрттү.

Орусиянын президенти Владимир Путин Сергей Пугачев сыяктуу мурдагы өнөктөштөрүнө каршы саясат жүргүзө баштаган.

Сүрөттүн булагы, Sergei Pugachev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сергей Пугачев "Путиндин банкири" атка конгон

"Путиндин банкири"

Сергей Пугачев 15 миллиард доллар байлыгын СССР ыдырагандан кийин топтогон. Ал көмүр кенине, кеме оңдоочу жайларга, дүкөндөргө жана Орусиянын эң чоң жеке банктардын бирине ээлик кылган.

Пугачев Путинге абдан жакын болгонун айтат. Экөө бир нече жолу эс алууга чогуу барышкан. Пугачев өкмөткө карызга акча берип тургандыктан, ага "Путиндин банкири" деген каймана ат ыйгарышкан.

Бирок Владимир Путинге Пугачевдун Александра Толстой менен мамилеси жаккан эмес.

"Путин мырза жаңылыкты угуп, таң калды. "Эмнеге? Ал британиялык да? Орусияда 140 миллион киши бар, бул идея мага жаккан жок",-деп айтканын Сергей Пугачев эскерди.

Сүрөттүн булагы, Sergei Pugachev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

2003-жылы президент Путин Ельциндин доорунда саясатка аралаша баштаган олигархтарга каршы катаал чара көрө баштаган

"Уулуңдун манжасын кесип салабыз"

2006-жылы Орусия жаңы мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, Орусиянын атайын кызмат өкүлдөрү өлкөнүн душмандарын чет мамлекетте дагы жок кылууга укуктуу. Мыйзам кабыл алынгандан кийин Орусия Пугачевго дагы көңүл бура баштаган.

2008-жылы Пугачевдун банкы кыйынчылыктарга туш болду. Орусиянын өкмөтү банкка бир миллиард доллар карыз берген экен. Ага карабастан, эки жылга жетпей банк банкрот болду.

Пугачев банкты бир жыл мурда сатып салганын айткан. Бирок Орусиянын бийлиги бул сөзгө ишенген эмес. Сот Пугачев банктын карыздарын төлөшү керек деген өкүм чыгарган. Көп өтпөй ал Орусиядан качып чыгууга аргасыз болгон.

Сергей Пугачев Орусиянын Депозиттерди камсыздандыруу агенттигинин өкүлдөрү өкмөттүн миллиард доллар карызын кайтарып берүүсүн талап кылганын айтат.

"Алар мени ресторанга чакырышты. "Бизге 350 миллион доллар төлөп бер же биз сенин үй-бүлөңдү өлтүрөбүз. Кааласаң, уулуңдун манжаларын кесип, сага жөнөтөбүз""-деп эскерет Пугачев.

Би-Би-Си Орусиянын Депозиттерди камсыздандыруу агенттигине байланышканда, мекеме Пугачев менен жолугушуу болгонун четке какты.

Коркутууларга карабастан Пугачев акчаны кайтарып берүүдөн баш тарткан. Алдыдагы жылдары Орусиянын душмандары деп саналган кишилер биринин артынан бири каза таап жатты.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Борис Немцов 1990-жылдары Орусиянын экономикасын реформалаган алдыңкы адистердин бири болгон

Орусиянын душмандары

2012-жылы Кремлди сындап жүргөн миллиардер Александр Перепеличный Лондон шаарында спорт менен машыгып жаткан учурда көз жумган.

2013-жылы Путиндин каршылашы Борис Березовский Аскоттогу үйүндө каза тапкан.

2015-жылы оппозициянын лидери Борис Немцов Москванын көчөсүндө атып өлтүрүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Sergei Pugachev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сергей Пугачев СССР ыдырагандан кийин 15 миллиард доллар топтогон

Орусиянын өкмөтү 2015-жылы Сергей Пугачевду Британиянын соттору аркылуу жоопкерчиликке тартууга киришкен. Британиянын соту Пугачев бир миллиард долларды Орусиянын өкмөтүнө кайтарып бериши керек деген өкүм чыгарган.

Пугачев акчаны Швейцариядагы банкка которгон. Бизнесмендин айтымында, каражат бир эсептен экинчи эсепке которулуп жатып дайынсыз жоголду.

Пугачевдун дүйнөдөгү мүлктөрү тоңдурулуп, паспортунан дагы ажыраган. Францияда жашап жаткан Пугачев, бизнестерин жоготкону үчүн Орусиянын өкмөтүн сотко берген экен.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Александра Толстойдун айтымыда, Пугачев Францияга качып баргандан кийин экөөнүн мамилеси бузулду

Күйөөсү бир жерден экинчи жерге качып жаткандыктан, Александра Толстой өзүнүн жана балдарынын коопсуздугу үчүн кабатыр болгон. 2016-жылы үй-бүлө Францияда жашап жатканда, Пугачев өзүн агрессивдүү алып жүргөн экен.

"Бир күнү Сергей мага кол көтөрдү. Балдарды бир бөлмөгө камап, мени башка бөлмөгө камады. Паспортторубузду алып алды. Ошондон тарта балдарымдын коопсуздугуна коркуп калдым",-дейт Александра.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Би-Би-Сиге маек курган Александра Толстой күйөөсүнөн эч кандай каржылык колдоо албай калганын айтты

2016-жылы жазында Александра балдарын алып, Франциядан качып чыккан. Ошондон бери күйөөсүн көрө элек.

"Айрымдар мени сындашат, каалагандай жашадың, балдарың эмнени кааласа, ошону алды. Кичине кыйынчылык болгондо качып кеттиң дешет. Бирок алар жаңылышат. Эң негизгиси балдарыңдын коопсуздугу. Коопсуздук болгондо гана үй-бүлө бактылуу болот",-дейт Александра ыйлап.

Александра Толстой Орусиянын өкмөтү Франциядагы үйдү сот аркылуу тартып алып, сатыкка койгонун айтты. Ага бир жыл жашап турууга уруксат берилиптир, бирок анда ал Сергейден бир тыйын сурабашы керек эле. Александра сунушталган келишимге кол койбой, үйдөн көчүп кеткен.

Сүрөттүн булагы, BBC/Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Орусиянын мурдагы чалгын кызматынын офицери Сергей Скрипал жана анын кызы Юля ууландырылгандан кийин аман калышкан

2018-жылы Орусиянын мурдагы чалгын кызматынын офицери Сергей Скрипал Британиянын көчөлөрүндө ууландырылып, Лондон менен Москванын мамилеси бузулган.

Британия мурда белгисиз себептерден көз жумган орусиялыктардын иштерин кайра карай баштаган. Британиянын Ички иштер министрлиги 14 ишти кайра карап жатканын маалымдаган. Бул иштерде Британиядагы белгилүү орусиялыктар кырсыкка учурап, жүрөгү кармап же белгисиз себептерден көз жумган.

Скрипал окуясынан кийин Орусия менен Британиянын мамилеси кескин бузулду.

Сүрөттүн булагы, Alexandra Tolstoy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Александра Толстой учурда Британияда жашайт

"Акыркы 70 миллион долларым калды"

Пугачев болсо Франциядагы чебинде жашайт. Бул чечимге аргасыз барган. Мурдагы олигарх акыркы "70 миллион доллары калганын" айтат.

"Балдарымды сагындым. Жакын арада балдарымды көрөм деп үмүттөнүп жатам, баары жакшы болот",-дейт Сергей Пугачев.

Александра Толстой болсо Оксфордшир аймагындагы үйүндө балдары менен жашайт. Александранын балдары атасын 2016-жылдан бери көрө элек.

"Балдарыма атаң биринчи иштериндеги маселелерди жайгарышы керек деп айтам. Балким чоңойгондо түшүнүшөт",-дейт ал.

Толстой жан багуу үчүн саякаттоо фирмасы кайра ачкан. Азыр ал ат минип саякаттоону каалагандарды Кыргызстанга алып келет. Ошондой эле Орусияга көп барып турарын айтат.

"Орусияны абдан жакшы көрөм. Кызыгы, Орусия өкмөтү менен мамилем Сергейге караганда жакшырак",-дейт Александра.

Сүрөттүн булагы, Alexandra Tolstoy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Александра Толстой туристтерди Кыргызстанга алып келет

Эми графиня кадыресе жаран катары жашайт. Мурдагы байлыгы жок.

"Чын айтсам, ошол байлыкты жек көрүп калдым. Себеби байлык мага жакпаган жашоо менен байланып калды. Мен дагы деле жашмын, көп үмүттөрүм, пландарым бар. Өзүмө жаккан жумушка кайтып бардым. Сергей "акчаны сагынып, мага кайтып келесиң" деп айткан. Бирок өз тиричилигимди өзүм жасап жатам",-дейт Александра Толстой.

Би-Би-Синин "Графиня жана Орусиянын миллиардери" аттуу документалдык тасмасы 8-апрелде 21:00 обого чыкты.