Германияда коронавирус көп катталганы менен өлүм-житим аз. Буга эмне себеп?

Инфекциянын тарашын чектөө үчүн айрым клиникалар унаа токтотуучу жайдан эле тест алууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Инфекциянын тарашын чектөө үчүн айрым клиникалар унаа токтотуучу жайдан эле тест алууда

Коронавирусту жуктургандар саны боюнча Германия бешинчи орунда. Бул өлкөдө 107 миң кишиден Covid-19 аныкталып, эки миңге чукул киши көз жумду.

135 миң киши вируска кабылган Италияда каза тапкандар саны 17 миңге чукулдады. Ал эми Испанияда 140 миң кишиге жугуп, 14 миң бейтап кайтыш болуп кетти.

Германия сыркоо кишилердин өмүрүн кантип сактап калууда?

Өлкөдө алгачкы жолу коронавирустан каза тапкан учур 9-мартта белгилүү болгон. Хайнсбергде 78 жаштагы эркек киши, Эссенде 89 жаштагы аял көз жумган эле.

Бул эки шаар тең жаңы коронавирустун 484 учуру катталган аймакта жайгашкан болчу. Ошол маалда өлкө боюнча 1112 кишиден вирус аныкталган.

Мындан жарым ай мурун, 27-январда Баварияда 33 жаштагы Webasto компаниясынын кызматкеринен вирус аныкталган. Аталган компания унаа тетиктерин жеткирүү менен алектенет. Бейтап вирусту Шанхайдагы кесиптешинен жуктуруп алганы белгилүү болгон. Кеисптеши Уханда жашаган туугандарына барып келген экен. Бул Германиядагы биринчи учур эле.

Эртеси, 28-январь күнү Webasto компаниясынын үч кызматкеринен вирус аныкталат. Ошентип уланып олтуруп, кийин бул компанияда иштеген башка шаардагы эки кишиден, бирөөсүнүн аялынан табылган. 11-февралга барып, компаниянын бир нече кызматкери менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнөн вирус чыкты.

Жыл башында вирус Кытайдын чегинен чыга элек мезгилде эле германиялык окумуштуулар вирусту аныктоочу тест түзүүнүн үстүнөн иштешкен. Январдын орто ченинде Берлиндеги Вирусология институту биринчи тестти түздү. Окумуштуулар тобун институттун директору Кристиан Дростен жетектеген. Ал 2003-жылы SARS анализин алуу боюнча дагы иш алып барган.

Доктор Дростен күн сайын жарым сааттык подкаст алып барып, Covid-19 вирусу тууралуу айтып берет. Ал миллиондогон угарманды өзүнө тартты.

Өзүнүн уктурууларынын биринде Дростен "Германия жарандарын коргоо үчүн чараларды эрте киргизгендиктен" иш жакшы баратканын белгилеген. Ошол эле маалда илдеттин жаңы толкуну кырдаалды начарлатып жибериши мүмкүн экенин дагы эскертти.

Дростен канцлер Ангела Меркелдин коронавирус маселеси боюнча кеңешчиси катары дагы кызмат аткарууда. Анын пикиринде, Германияда башынан эле дарыгерлердин бейтаптарды мыкты диагностикага алганы жакшы жардам болду.

Ийгилик катары ушуну атаса болот. Биринчи учур катталган аймакта вируска кабылгандарды аныктап, анын жайылышын тездик менен алдын алышты. Алгачкы бейтап белгилүү болгон аймакта лабораториялык иликтөөлөр жүрүп, бейтапты бат аныктоо жана аны изолияциялоо колго алынды.

"Диагностика жай жүрүүдө жана айрым аймактарга жетпей жатат деген даттанууларга карабай, башка өлкөлөргө караганда биздеги мүмкүнчүлүктөр чоң. Балким, башка жерлерге салыштырганда, биздеги диагностика эң мыкты деп айтуу болот",-деп эсептейт Дорстен.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Германияда башка өлкөлөрдөгүдөй эле дарыгерлер беткаптын жетишсиздигин даттанып жатышат

Күнүгө 50 миң тест

Күн сайын Германияда 50 миң киши коронавируска тесттен өтөт. Мындай көрсөткүчү менен бул өлкө Европанын эң алдында. Мына ушул өлүм-житимдин аз катталганына бир жооп.

Мындан сырткары Германия коронавируска карата кишинин антителосун аныктаган тесттерди жүргүзүүдө. Мындай текшерүүлөр аркылуу киши вирусту качан жуктуруп алганын түшүнсө болот.

Маселен, Британия күнүгө 12 миң тест өткөрүүдө. Бирок өкмөт суткасына 100 миңге жеткирүү зарылдыгын айтууда.

Профессор Дростен диагностика тууралуу даттануулар жөнүндө айтканда, жаңылган эмес экен. Би-Би-Си Германиянын ар кайсыл аймагындагы медкызматкерлер менен байланышканда, алар тест "оңду-солду таратылбай" турганын айтты.

Ысымын жашыруун калтырууну каалаган дарыгерлердин бири клиникада иштеп, коронавируска шектелген кишилерден тест алат.

"Эгерде дем алуу кыйындап, температура, жөтөл байкалса, ооруканага келбей телефон чалуу керек экенин баары билет. Бул атайын номерде олтурган дарыгер бейтап менен сүйлөшүп, үйүнө баруу же "Тез жардам" чакыруу керектигин аныктайт. Тест оорунун белгилери байкалган учурда гана берилет. Тест клиниканын имаратында эмес, бейтап белгиленген жерге келип, унаадан түшпөй олтурган шартта эле алынат",-деп айтып берди дарыгер.

Дарыгерлердин дагы бири Би-Би-Сиге ырастагандай, бейтап ким менен карым-катнашта болгонун, анын дарегин дагы ала келиши керек.

Нордерштедт шаарында иштеген медкызматкерлердин бири айткандай:

"Немистер өтө тартиптүү эл. Аларга эмне сунуш болсо, аны так аткарышат. Колду жууш керек деп айтылдыбы, алар күнүгө 400 жолу жууйт. Дезинфекция кылуу керек дедиби, аны дагы аткарат".

Германияда 35 жаштан кийин кишилер ар бир эки-үч жылда сөзсүз медтекшерүүдөн өтүп турат. Ошондуктан дарыгерлерде кимде кандай өнөкөт оорулар бар экени тууралуу маалымат жетиштүү. Мындай маалыматтар Covid-19 вирусун жуктуруп алган шартта оперативдүү чара көрүүгө жардам берет.

Германияда деле башка өлкөлөр сыяктуу дарыгерлер үчүн коргоочу каражаттар жетишсиз болуп жатканы айтылды.

"Алар чектелүү гана санда бар. Беткап жана коргоочу костюмдарды кызматкерлер кол коюп анан алышат,-деди мед кызматкерлердин бири. - Медкызматкерлерди дагы улам текшерип жатышат. Биз өзүбүз дагы тез-тез текшерилип жатабыз. Азыркы маалга чейин эч кимге вирус жуктурган жок".

"Бул вирустун корунучу ооруканага чейин жеткени. Болбосо карылар үйүнө жайылганы. Биз калктын аярлуу катмарын мыкты коргоп, аларга жетишине жол бербешибиз керек. Маселен, карылар үйүндөгү кызматкерлердин баары 4-7 күн сайын текшерүүдөн өтүп турат",-деди Бонн университетинин алдындагы Вирусология жана ВИЧти изилдөө институтунун жетекчиси Хендрик Штреек.

Азыркы маалдагы Германиядагы оптимисттик статистикалык маалыматтарга карабастан, өлкөдөгү оорунун жогорку чеги али келе элек дейт дарыгерлер. Ошондуктан ооруканалар даярдык көрүп, айдын аягына карай кырдаал чыңалат деп күтүлүүдө. . (AbA)