Дүйнөлүк экономика жүз жылдыктагы эң оор кризис коркунучунда

Манекен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Коронавирус дүйнөлүк экономиканын кыймылдаткычы болгон керектөөчүлөрдү үйгө камады

Коронавирус дүйнөлүк экономиканы муунтуп турат. Бирок алдыда анын чеңгээли бошоңдоп, ишкердик тез эле жанданат деп күтүлүүдө. Ошондой болсо дагы анын кесепети оор болду.

"Кризис эми гана башталды. Ал эми алдыдагы божомолдор биз ойлогондон дагы начар болот. Эгерде медицина вирусту токтото албаса, көп экономикалар дагы катуу жабыр тартат",-деди Эл аралык валюта корунун жетекчиси Кристалина Георгиева.

Апрелдин ортосунда дүйнөлүк экономика үч пайызга төмөндөдү. Эл аралык валюта кору оптимисттик көз карашынан жазбай турат. Эгерде эле вирустун экинчи толкуну башталып, кайрадан карантин киргизилбесе, кийинки жылы 6 пайыз өсүү болушу мүмкүн. Ошону менен жоготуулардын ордун толуктаса болот.

Дүйнөнүн алдыңкы эң ири үч экономикасы артка кетти. Чейрек кылымдан бери биринчи жолу Кытайдын экономикалык активдүүлүгү кыскарды. Евробиримдик мындай жоготууларды баштан өткөрө элегине бир топ болгон эле. Ал эми АКШ экономикасынын узак жылдан берки өсүүсү токтоду. Америкада жумушсуздук жүз жылдыкта болуп көрбөгөндөй күчөдү.

Мурунку каатчылык он жылга созулган. Андан акча саясатын жумшартуу акрылуу, башкача айтканда акча басып чыгаруу менен чыгууга мүмкүн болгон. Бул жолу маселе капиталдын жетишсиздигинде эмес, вируска байланыштуу чыгымдар жана чектөөлөрдө.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Туризмдин токтошу көп өлкөлөргө олуттуу сокку болот

Экономиканы кайра жандандыруу үчүн карантинден кийин дүйнөнүн бардык өлкөлөрү казынасынан кошумча 9 трлн доллар бөлүүнү убада кылышкан, дейт Георгиева.

Мындай каражаты жок өлкөлөр аны карызга алышат. Насыяны төлөө кийинки муундун моюнуна жүктөлүп калмакчы. Өнүккөн өлкөлөр насыя берүүчүлөрдү бат эле таап алган болсо, калгандарын Covid-19 өтө ыңгайсыз абалга кептеди.

Катаал жылдары каражаттын баары өнүккөн базарлардан агып чыга баштайт. Азыр дал ушундай маал. Капиталдын агымы девальвацияга алып келет. Бул жаңы алынган насыяларды эле эмес, эски карыздарды дагы көбөйтмөкчү.

Жыйынтыгында, салыштырмалуу анчалык бай эмес өлкөлөр, айталы, Орусия, Индия же Мексика сыяктуулар коронакризистен көбүрөөк жабыр тартат. БУУ бул тууралуу эскертүү жасап, антикризистик пакет үчүн 2,5 трлн доллар чогултууга чакырган.

Март айында вирустан ажал тапкандар саны көп каттала баштаганда, өнүккөн базарлардан акча каражаттарынын агып чыгуусу 100 млрд долларга жеткен. Мындай абал буга чейинки үч каржы кризиси маалындагыдан болжолу төрт эсе көп.

Георгиеванын айтымында, апрелден тарта бир катар өлкөлөр жана инвесторлор капиталын өнүккөн базарларга кайтара баштады. Бирок мунун баары убактылуу. Бардык нерсе вирус менен күрөштүн жыйынтыгынан көз каранды. Эгерде вирус экинчи толкуну менен кайра жапырып кирсе, жоготуулар олуттуу болушу мүмкүн. Ал эми экономикалык божомолдорду кайра карап чыгууга туура келет.

"Ар кимдин өзүнүн стратегиясы бар. Болжолу Европа Азияга караганда, эпидемиологиялык циклдын кыйла эрте баскычында эле карантинден чыгууда. Анткени толук масштабдуу тест жүргүзүү, вирустун очокторун, аны алып жүргөн кишилерди көзөмөлдөөдө Европа азиялык аналогдордон калып калды",-деп эскертет ЭВК эксперттери.

Баары карантинден олуттуу экономикалык жана психологиялык сокку алды. Ошондуктан мүмкүн болушунча мындан кутулууга шашып жатканын түшүнсө болот. Бирок өтө этияттык менен аракеттенип, дароо эле баарын ачып салуудан кармануу керек. Мунун өзү вирустун кайра күчөшүн жаратышы мүмкүн, деди ЭВК.