Жаңылыктар биздин түшүнүктү бурмалап, аң-сезимибизди бузуп жатабы?

Жители Северной Кореи слушают выступление своего вождя

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Канчалык көп жаңылык окуп, аны көрө берген сайын сиздин дүйнө тууралуу түшүнүктөрүңүз бурмалана берет. Мунун өзү чындыкка коошпогондой, коркунучтуу угулуп жатабы? Келгиле, талдап көрөлү.

...бул трагедияга чейин Элисон Холмэн америкалыктардын психикалык саламаттыгы боюнча адаттагы эле иликтөөлөр менен алектенчү. 2013-жылы 15-апрелде Бостон марафонунда жүздөгөн жөө күлүк биринин артынан экинчиси мара сызыгын кесип өтүп жаткан маалда 10 секунд ортосунда эки бомба жарылды. Колго жасалган бомбалар.

Үч киши, анын ичинде 8 жаштагы тестиер каза тапты. Жүздөгөн киши ар кандай мүнөздө жаракат алышты.

Дүйнө үрөйү учуп, ЖМК бул окуяны кеңири чагылдырып жатты. Маалымат каражаттары бул окуяны бир-эки эле күн эмес, айлап, жыл бою чагылдырып турду. Жардыруу учурундагы кадрлар, үрөйү учуп, эси кеткен кишилердин кебетеси телеканалдардан тынымсыз көрсөтүлдү.

Газиттер коркунучтуу сүрөттөрдү жарыялашты: кан болгон көчө, кийими тытылган кишилер...

Мына ушунун алдында эле Холмэн өзүнүн Калифорния университетиндеги кесиптештери менен беш миң америкалыктын психикалык абалы жөнүндө маалыматтарды жыйнаган болчу. Окумуштуулар кайгылуу окуядан бир нече апта өткөндөн кийин муну салыштырып көрүүнү чечет. Бостон трагедиясынан кийин эмне өзгөрүү болгонун билгилери келген.

Албетте, ошол окуяга түз же кыйыр түрдө күбө болуп калган кишилердин психикалык абалы оор болчу. Бирок күтүүсүз көрүнүш - окуядан таптакыр алыс турган кишилерде өзгөрүүлөр болду. Алар окуяны теле аркылуу тынбай алты саатка чейин жаңылыктардан көрүп олтуруп, кийинки аптада абалы ого бетер оорлоп кеткен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жаңылыктар биздин психикабызга кандай таасирин тийгизип жатканы көп жагынан психологиялык табышмак бойдон калууда. Көпчүлүк учурда анын бизге түздөн-түз таасири болбойт

Стресстин жогорку деңгээлинин террордук актыдан каза тапкандарга такыр тиешеси жок эле. Анткени бул кишилердин жакындары ал жерде болгон эмес.

"Бул биздин көзүбүздү ачты десем болот. Көп учурда кишилер жаңылыктар аларга кандай таасир тийгизерине маани бербейт",- дейт Холмэн.

Көрсө, жаңылыктар журналисттер тапкан кызыктуу фактылар эле эмес экен. Жаңылыктар - биздин аң-сезимге сиңип, жашообузга укмуштуудай таасирин тийгизет. Алар биздин мигранттарга болгон мамилебизди өзгөртөт, кайсыл бир илдеттерге болгон коркунучтарга реалдуу кароого тоскоол болот, башка өлкөлөрдө эмне болуп жатканына көз карашыбызды өзгөртөт. Ал тургай бүтүндөй өлкөнүн экономикасына таасир берет.

Такай эле жаңылыктын артынан түшүп алуунун өзү ден соолукка дагы терс таасирин тийгизе баштайт. Бул үчүн күнүгө бир нече саат жаңылыкты көрүү эле жетиштүү. Бул кантип болот?

...сырдуу жаңы коронавирус тууралуу Кытайдан маалыматтар келе баштаганда маалымат программаларынын рейтинги кескин жогорулады. Көрүүчүлөр саны рекорд жаратты.

Бул түшүнүктүү, миллиондогон киши сырдуу вирусту билүүгө, маалымат алууга умтулду. Өкмөт тарабынан киргизилген чектөөлөр, вирустун тарашынын көрсөткүчү, айтор жаңылыктарды кароого баарыбыз мажбур болдук.

Бирок азыр маалымат алуунун булагы бир гана тележаңылыктар эмес. Подкасттар, стримингерлер, коомдук сайттар, кат алышуу кызматтары тынымсыз жаңыланып турат. Достор же тааныштар ар кандай маалыматтарды сизге жөнөтүшөт. Аны ачып кароо сизге деле кызык. Маалыматтын икир-чикиринен чыкпай, кечинде уктай албай кыйналасыз.

2018-жылдагы маалыматтар боюнча, орточо алганда бир америкалык жаран телевизор, компьютер же смартфонго 11 саат убакыт короткон. Көпчүлүгүбүз уктар алдында дагы телефонду чукулай баштайбыз. Мындай жашоо образы дүйнөдөгү окуялар, жаңылыктардан качууга мүмкүн болбогон абалды көрсөтөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Биз ушундай программаланып калганбызбы?

Жаңылыктардын бизге таасиринин бир себеби - психологияда мурда эле белгилүү болгондой, биз негативге жакынбыз. Айланабызда болуп жаткан жаман көрүнүштөргө көбүрөөк көңүл бурабыз. Мындай тартылууну коркунучтан сактануу үчүн өөрчүгөн сезим десек болот. Мунун өзү көп нерсени түшүндүрүп турат. Ошон үчүн биз шыктанууга караганда коркутуунун, бирдемени тапканга караганда жоготуунун таасиринде көп болобуз. Көп учурда жакшы жаңылыктар аудиторияга кызыксыз.

Бийликтегилер кайсыл бир саясатты ишке ашырууда ушундан колдонуп кетет. Негативдүү стимул коомдо натыйжалуу иштейт.

Дайым эле боло берген негатив жаңылык коомдун ичинде өлкөнүн экономикасы жөнүндө бурмаланган түшүнүктү жайылтат.

Жаңылыктар бизди реалдуулук жөнүндө элестетүүбүздү бурмалайт. Эл аралык туризмди алып көрөлү. Адатта саясий олку-солку болуп турган өлкөлөргө, террордук коркунучу жогору же согуш жүрүп жаткан аймактарга барууну каалагандар жокко эсе. Көп учурда жаңылыктар түз кеңеш берүүнүн булагы болуп калат. Эгерде расмий сунуштамалар болбосо деле жаңылыктар биздин эстутумга таасирин берип, түшүнүктөрүбүздү бурмалап жибере алат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жаңылыктар биздин кайсыл бир өлкө тууралуу пикирибизди калыптандырат

Мунун бир себебин "фрейминг эффектиси" деп түшүндүрсө болот. Айталы, кайсыл бир дарыны "95 пайыз натыйжалуу" деген позитивдүү кабыл алынат. Ал эми ушул эле дарыны "5 пайыз учурда натыйжа бербейт" деп айтса, дароо башкача кабылдана баштайт. Бирок ошол эле дары жөнүндө сөз болуп жатпайбы.

"Террористтик кол салууну жергиликтүү жикчил топтор ишке ашырган" дегенге караганда "кол салууну Аль-Каидага" (тыюу салынган террордук уюм) байланышы бар радикалдуу исламчыл топтор жасаган" деп жазганда тынчсыздануу катуу болот. Мына ушундай байкалбаган факторлордун кесепети чоң.

Коронавирустан кийин психикалык көйгөйлөр боюнча иш алып барган кайрымдуулук уюмдары көп сандагы кайрылуулар түшүп жатканын айтууда. Көп кишилер маалымат агымынан өзүн коргоо үчүн коомдук сайттардан убактылуу баш тартып жатышат.

Жаңылыктардан алган стресстин биздин ден-соолукка тийген кесепети дароо эмес, бир нече жылдан кийин билиниши мүмкүн.

Жаңылыктар биздин психикабызга кандай таасирин тийгизип жатканы көп жагынан психологиялык табышмак бойдон калууда. Көпчүлүк учурда анын бизге түздөн-түз таасири болбойт. Ал эми таасир эткен учурда (Бостон марафонунда болгон жардырууну изилдөөлөр көрсөткөндөй) окуялардын өзүнө караганда аны чагылдыруу биздин психикага көбүрөөк зыян алып келиши мүмкүн.

Муну эмоционалдык божомол деп аталган теория менен түшүндүрсө болот. Бир нерсе жөнүндө биздин ой-сезимибизди алдын ала болжолдоп айтуу аракети ушундай аталат.

Калифорния университетинин психологу Ребекки Томпсон түшүндүргөндөй, кризистер маалындагы көрүнүш ушундай. Мындай абалда кишилер болочоктогу балээ тууралуу ойлонуп, ошого байланып кетпей туруп алышат. Бул катачылык оорукчан кишидей жүрүм-турумга алып келет.

"Эгерде сиздин жашооңузда реалдуу коркунуч болуп жатса, ал тууралуу көбүрөөк билүүгө аракет кылып, анын кандай өөрчүп жатканынан кабардар болууга аракет кыла баштайсыз",-деп түшүндүрөт Томпсон. Мунун өзү бизди жаңылыктардын тузагына түшүп берүүгө алып барат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кеп стресске алып бара турган маалыматтардын көлөмүндө. Көп жаңылыктар күчөтүлгөн сенсация менен берилет эмеспи. Ураган тууралуу сөз болгондо теле экранда репортер шамалга учуп кетчүдөй болуп, тизелеп отура калып сүйлөп жатат. Негизги басым окуянын өнүгүшү чатагына айланып баратканына жасалат.

2012-жылдагы изилдөө көрсөткөндөй, негативдүү маалымат агымына кабылган аялдарда стресс көп болгон. Алардын организминде кортизол, стресс гормонунун деңгээли жогорулаган. Аялдардын эстутуму негативди жакшы сактап калгандыктан, анын таасири дагы күчтүү болот.

Эмне үчүн миңдеген чакырым алыста болуп жаткан окуяларга мынчалык катуу таасирленебиз?

Холмэндин бир нече божомолу бар. Анын бири - теле жаңылыктардагы ачык сүрөттөр. Телевизор жөн эле фон катары деле илинип турушу мүмкүн. Мисалы, спорт залда. Холмэн эскергендей, репортер окуя жөнүндө айтып жатканда, бир эле кадр кайра-кайра көрсөтүлүп турду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жаңылыктар биздин аң-сезимдин түпкүрүнө чейин жол таап, керек болсо биздин түшүбүзгө кирет

"Бул туңгуюк айлампа биздин мээбизге кирип, улам кайталана берет, кайталана берет... Бирок биз ойдон чыгарылган коркунучтуу тасма көрүп жаткан жокпуз да, бизге реалдуу жашоону көрсөтүп жатышат! Ошондон улам мен дагы шектүү ойго түшпөй кое албайм, балким улам кайталанган туңгуюк бизге жаңылыктардын ушундай таасир этип жатканынын башкы себебидир".

Холмэн баса белгилегендей, жаңылыктарды чагылдыруу эч качан алар жөнүндө жөн эле кабар берүү болгон эмес. Бул ЖМКлар кыныгын алган өзүнчө бир көңүл ачуунун формасы, биздин кымбат убактыбызды алыш үчүн алардын ушундай өжөр атаандаштыгы. (AbA)

BBC Future сайтындагы Зария Горветтин макаласы айрым кыскартуулар менен сунушталды.