Сулуулук салонун онлайн ачуу: интернет жылдызына айланган ишкерлер

  • Лиз Ашаму
  • BBC Three
Contributor images

Сүрөттүн булагы, Contributor images

Учурда миллиондогон интернет колдонуучулар TikTok, Instagram жана YouTube видеолорун көрүп, боёнгонду, чач жасалгалоону үйрөнүшөт. "Ютуб" платформасында күнүнө миллиондон ашуун киши (орточо эсеп менен алганда) дал ушундай видеолорду көрүшөт.

Интернетте жасалгалоо видеолорун сунуштап, жылдызга айланган Жэймз Чарлз, Никки Туториалз жана Патрисиа Брайттын "Ютубда" он миллиондогон күйөрмандары жана өздөрүнүн жасалгалоо компаниялары бар.

Мындай видеолорду негизинен жаштар көрөт деп ойлосоңуз керек. Бирок абройлуу Хенлей бизнес университети жүргүзгөн изилдөөсү, жасалгалоо видеолордон үйрөнүп, көптөр өз ишин баштап жатканын же андай видеолор аркылуу кардар тартып жатканын көрсөттү.

Би-Би-Си бул тармактагы алдыңкы адистерден, сулуулук салонду кантип онлайн баштаса болорун сурады.

"Көп учурда чарчап, алсыз калам. Бирок ишимди жакшы көрөм"

Сүрөттүн булагы, instagram / shopkembeauty

25 жаштагы Кеми технология фирмасында иштейт. Бирок жасалгалоону жактыргандыктан, ал ишемби менен жекшемби күнү онлайн сулуулук салонун баштаган.

"Кандай гана компанияда иштеп жатсам же университетте окуп жатсам, сөзсүз түрдө сулуулук салонду дагы ала жүрүүгө даяр элем. Себеби муну иш катары көрбөйм",-дейт Кеми.

Анын бош убактысы жок. Иштен чыгып, Кеми үлпөт тойго даярданып жаткан кыздын үйүнө чуркайт. Аны боеп, чачын жасалгалагыча түн кирет. Айрым учурда таңкы беште туруп, ишке барар алдында сулуулук салонун иштетет.

"Боенгонду, бирөөнү сулуу кылып боегонду жакшы көрөм. Жаш кезде көбүрөөк иштешим керек, кийин эс алууга мүмкүнчүлүк болот",-дейт ал.

Ишемби, жекшемби күнү дагы Кеминин кардарлары көп. Бир шаардан экинчи шаарга жүрүп, онлайн видеолорду жүктөп баштаган сулуулук салону чоң бизнеске айланды. Кеми видеолор аркылуу кардарларды өз бизнесине тартты. Эми ал сапатка жана так жүрүүгө көңүл бурууда.

"Онлайн баштап, атагым чыкканда аны акчага айланттым"

Сүрөттүн булагы, Instagram / necropheliac

25 жаштагы Офелия 15 жашында Гонконг шаарынан Британияга көчүп келген. Анын ата-энеси сулуулук салон ачуу идеясын колдогон эмес.

"Көптөр өздөрү эле үйүндө отуруп боенот эмеспи. Ошондуктан ата-энем сулуулук салонуна каршы болгонун түшүнөм. Алар негизги ишиңден тышкары жасай бер деп айтышты. Бирок башында интернетке видеолорду жүктөп, кийин андан акча тапса мүмкүн экенин көрсөттүм. Ошондон кийин ата-энем унчукпай калды",-дейт Офелия.

Офелия университетке дагы тапшырып, мода боюнча жогорку билим алган. Университетте окуп жатып, курбуларын бекер боеп, чачтарын жасалгалап, бирок видеосун интернетке жүктөп, "Ютубда" өз канал ачкан.

Жогорку билим алгандан кийин Офелия өз ишин баштагысы келген. Бирок белгилүү компаниялардын бири анын видеолорун жактырып, Офелияны ишке чакырган.

"Бала кезимден бери сулуулук салон ачууну кыялдангам"

Сүрөттүн булагы, Instagram / holayeme

23 жаштагы Йеми университетте юрист кесибинде окуп жатып, курбуларын жасалгалап акча таап келген.

"Нигериядан Британияга көчүп келген үй-бүлөнүн балдары дарыгер же юрист болушат. Ошондуктан мен дагы юрист болууга умтулдум. Мага бул кесип жакты, бирок өз бизнесимди өнүктүрүүнү чечтим",-дейт Йеми.

Йеми бейөкмөт уюмда юрист катары ишин баштаган. Бош убактысында сулуулук салон иштеткен. Бирок эки ишке убактысы жетпей, бирөөнү тандоого аргасыз болду.

"Мага эки кесип тең жагат. Видеолорду жүктөп, көп кардарларды топтодум. Башында иш күндөрү юрист катары иштеп, дем алыш күндөрү салон иштетет элем. Азыркы доордо жаштар бир иште гана отура бергени болбойт. Сөзсүз четте киреше алып келген экинчи иш же бизнесиң болушу керек. Замандын талабы ошондой",-дейт Йеми.

"Убакытты кой, алым жетпей калды"

Сүрөттүн булагы, Instagram / _empty_alien

"Өсүрүм кезимде көп боендум. Мага көрүнүшүм жакчу эмес. Ошондуктан боенуп, башка образ түзүп алат элем. Убакыт өткөн сайын боенуу, чач жасалгалоо өнөргө айланды, аны колдонуп, акча табууну чечтим",-дейт Ханна.

25 жаштагы Ханна чоң компанияда иштейт, бош убактысында салон иштетет.

"Башында абдан оор болду. Ишимден кеч келет элем. Чарчап турсам да интернетке видео жүктөшүм маанилүү болчу. Улам видео жүктөп турбасаң, күйөрмандарың менен кардарларыңан айрыласың. Ошондуктан башында кыйналдым",-дейт Ханна.

Андан бери жаш ишкердин атагы чыгып, азыр ал мода фирмасында иштейт. Сулуулук салонун убактылуу жаап турууну чечти.