Жапайы жаратылыштан келген жаңы илдеттер көбөйө берет

Жарганаттар коронавирус үчүн табигый резервуар

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жарганаттар коронавирус үчүн табигый резервуар

Адамзаттын жапайы жартылышка улам сүңгүп кирип бара жатышы Covid-19 сыяктуу пандемиялардын жаралышына себеп боло бермекчи. Эл аралык изилдөөчүлөр тобу ушундай тыянакка келет.

Окумуштуулардын алдындагы тапшырма - жаңы инфекциялык оорулар кайдан чыгат жана жаңы эпидемиялардын булагы, алардын адамга коркунучу тууралуу божомолдорду даярдоо эле.

Инфекциялардын тарашы боюнча иликтөөнүн жаңы усулу Ливерпуль университетинин окумуштуулары тарабынан колдонулду. Британдык биологдор мурда медицинага белгисиз болгон коркунучтуу илдеттер кандай шартта, кантип пайда болгонун изилдешкен. Негизинен кишилер жапайы жаныбарлардан жуктурган. Кишиде ага иммунитет жок болгондуктан жана жаңы инфекция менен күрөштүн жолу табыла электен улам токойдогу өрт сыяктуу жайылып кетүүдө.

"Акыркы 20 жылда биз мындай алты ири кесепетке учурадык: SARS, MERS, Эбола, куш, чочко тумоосу жана Cоvid-19. Бешөөнөн буйтап кетүүгө мүмкүн болду. Бирок алтынчысына кармалып калдык",-дейт Ливерпуль университетинин профессору Мэтью Бэйлис.

"Анан калса бул биз бет келген акыркы пандемия эмес. Ошондуктан жапайы жаныбарлардын ылаңдарын ийине-жибине чейин билишибиз керек",-деди эксперт Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Төөлөр дагы жаңы коронавирустун бири түрүн ( MERS) алып жүрөт

Профессор Бэйлис жана анын кесиптештери илимде белгилүү вирус, бактериялардын миңдеген түрүнөн адамзат үчүн коркунучтуу болгондорун атайын бөлүп алып, бир система түзүштү. Булар адамга опурталдуу болгон вирустар. Келечегинде буга каршы коргонуу айласын табуу керек.

"Кийинки этабында кандай конкреттүү козгогучтар эпидемияны жарата турганын изилдейбиз",-деди профессор Бэйлис.

Көптөгөн окумуштуулардын пикиринде, жапайы жартылышты бузуп, токойлорду кыйып, жаңы жерлерди өздөштүрүү менен адамзат улам жаңы ооруларды табууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жунгли аркылуу өткөн жол

1999-жылы Малайзиядан чыккан вирус токойдун четинде жайгашкан чочко фермасынан башталган. Чочколор жерге түшүп калган жапайы мөмө-жемиштерди жеген. Ал жерди жарганаттар булгап кетишкен экен. Жыйынтыгында чочко аркылуу кишиге өтүп, ошондон 250 киши жуктуруп алган. Анын жүзгө чукулу каза болуп калат. Бул Нипа вирусу кишиге өткөн учурда 45 пайыздан 75 пайызга чейинкиси көз жумат. Covid-19 коронавирусунун көрсөткүчү болсо болжолу 6% деп айтылууда.

Өзгөчө опурталдуу болгон жерлер катуу көзөмөлдө болушу керек деп эсептейт профессор Эрик Февра. Айталы, жапайы жаратылышка жакын фермалар, айыл чарба жерлери, жапайы жана үй жаныбарлары сатылган сатылган базарлар сыяктуу.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жапайы жаратылышы менен чек арада турган адамдын чарбалык ишмердиги жаңы оорулардын очогу болуп калышы мүмкүн

Учурдагы кризис адамзатты, дүйнөнү ойлондурушу керек деди Эрика Февра. Биз канча ресурстарды керектеп жатканыбызды жана анын табиятка таасирин ойлонууга тийишпиз.(AbA)