Бейрут трагедиясы биринчи эмес: тарыхтагы үрөй учурган беш жарылуу

Память о погибших в Бейруте

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бейрут портундагы трагедия 130дан ашуун кишинин өмүрүн алып, жүз миңдеген кишилер үстүндө үйү жок калды. Бул окуянын масштабы дүйнөнү нес кылып, өзөктүк жарылуу тууралуу ушактардын чыгышына себеп болду.

Бейруттагы жарылуу боюнча өлкө бийлиги "шалаакылык" беренеси менен иш козгоп, иликтөөгө алууда. Би-Би-Си өзөктүк курал колдонулбаган масштабдуу беш жарылуу тууралуу айтып берет. Мунун баары шалаакылыктан улам чыгып, кесепети өтө оор болду.

Галифакс (1917)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Галифакс бүлгүнө учураган

1917-жылы 6-декабрда Канаданын Жаңы Шотландия провинциясындагы Галифакс порт шаарында эки чет өлкөлүк кеме кагылышкан.

Француздук аскер транспорту "Монбландын" бортунда жардыргыч зат болгон. Ал эми норвегиялык "Имо" кемеси Бельгияга азык-түлүк тартып бара жаткан эле. Кагылышуу болгондо бензола (таш көмүр чайырынан чыга турган күйүүчү суюктук) агып баштайт. Кемелердин биринен өрт чыгып, өтө кубаттуу жарылуу орун алган.

Шаардын түндүк тарабы урандыга айланды. Эки миңдей киши каза тапты. Анын ичинде жүздөгөн балдар жана өспүрүмдөр бар эле. Анткени жарылуу болгондо мектеп кошо талкаланып, жер менен жексен болгон. Жаракат алгандар 10 миңден ашуун болду. Көбү жарылуу учурунда чачыраган айнекке тилинген. Болжолу 600 кишинин көзүнө айнек сайылып, өрт учурунда терезеден карайм деп, көптөрдүн көзү жакшы көрбөй калды.

Канадалык тарыхчы Жек Уайт бул трагедияны өзөктүк курал пайда боло электеги эң кубатуу жарылуу катары мүнөздөйт. Көп кишинин каза табышы, жарылуунун кубаты, бүлүнгөн аймактын радиусу, жардыргыч заттын көлөмү жана жарылуудан кийинки бүлүнүүнүн масштабы үрөй учураарлык эле.

Узакка созулган соттук териштирүүдөн кийин эки кеменин командачылыгына тең кагылышууда бирдей айыбы бар деген чечим чыккан.

Оппау заводу (1921)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

1921-жылдары германиялык Оппаудагы BASF компаниясына таандык химиялык завод - жардыргыч заттарды, газ жана жер семирткич сыяктуу уулуу заттарды, аммоний нитратын өндүргөн борбор саналчу.

Жер семирткичтин корун атайын жайда сакташкан. Ал жерге жумушчуларды киргизүү өтө кооптуу болгондуктан селитра алыш үчүн жардыргыч зат колдонушчу.

21-сентябрда кезекеги ушундай аракеттердин бири кампада сакталып турган жер семирткичтерге - 4,5 миң тонна сульфат жана аммоний нитратына тутанып кетип кырсык болду. Айрым эксперттер сакталып турган заттын 10 пайызы жарылган деп эсептейт.

Бирок ошого карабастан жарылуунун кубаты үрөй учурду. Ар кандай маалымат боюнча 500дөн 600гө чейин кишилер каза тапканы айтылат. Эки миңдей киши жаракат алып, жумушчулар шаарчасынын төрттөн үчү таптакыр талкаланган. Аймактан бир нече чакырым аралыктагы айыл-кыштактар дагы жарылуудан жабыр тартышкан экен.

Порт-Чикаго (1944)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Экинчи дүйнөлүк согуштагы окуялар курчуп турган 1944-жылдын 17-июлунда калифорниялык Порт-Чикагодо АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн эки кемесине 10 килотонн курал, ок-дары жүктөлгөн. Анын ичинде көп сандагы жардыргыч зат жана бомба бар эле.

Бир маалда эле кемелердин биринен жарылуу орун алып, анын кубаты Бейрут портундагыдан дагы күчтүү болгон. Кемедеги 320 деңиз аскеринин баары каза тапкан. Жарылуу Порт-Чикаго шаарчасын жер менен жексен кылган. 390 киши жаракат алып, каза тапкан аскерлердин сөөгүн жарылуу болгон жерден бир нече чакырым аралыктан табышкан.

Иликтөөлөр жарылуунун так себебин таба алган эмес.

Тексас-сити (1947)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Тексас-сити портундагы трагедия дагы жер семирткичтен улам болгон жарылуунун кесепети. АКШ тарыхындагы техногенндик кырсыктардын ичинен көп кишинин өмүрүн алган трагедиялуу окуя болуп калды.

Жарылуу 1947-жылы 16-апрелде болуп, ага франциялык "Гранкан" кемесиндеги өрт себеп болгон. Кемеге жер семирткич жүктөп жатышкан. Өрт башталган учурда кемеге 2 миң тоннадай аммоний нитраты жүктөлгөн эле.

"Гранкандагы" жарылуудан соң жээктеги мунайды кайра иштеткен заводдон өрт чыккан. Жарылуудан кийин кеменин 1,5 тонна якорун үч чакырым аралыктан табышкан. Кырсыктан 580 киши каза тапкан. Алардын 27си өрт өчүргүч кызматкерлер эле. 3,5 миң киши ар кандай жаракат алды.

Окуянын күбөлөрү жардырууну көргөн маалда СССР өзөктүк курал менен кол салды деп ойлошкон экен. Иликтөө көрсөткөндөй, өрттүн чыгышына тамеки себеп болгон. Ал эми кошумча себептеринин бири катары - жер семирткичти сактоонун эрежелери сакталбаганы айтылган.

Жарылуудан жабыр тарткандар өкмөттү сотко беришкен. Сот арызды четке каккан, бирок конгресс компенсация төлөп берүү боюнча мыйзам кабыл алган.

Тяньцзин (2015)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кытайдын Тяньцзин портундагы жарылуу дагы химикат өндүрүшүнө байланышкан үрөй учурган кырсыктардын бири. Жарылуу кубаты боюнча жогоруда биз келтирген мисалдарга караандай албайт. Бирок кишилей жоготуулар көп болду.

2015-жылы 12-августта портто эки жарылуу болду. Ага катуу күн тийгенде контейнерден өрт чыкканы себеп болгону айтылган. Өрт аммоний нитраты жана башка химикаттар сакталган кампага да тутанып кеткен.

Жарылуудан 173 киши каза тапкан. Анын ичинен 104 өрт өчүрүү кызматкери, 11 полиция кызматкерлери болгон. Андан сырткары кампаларга жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн 798 тургуну жаракат алган. Жарылуу жана өрттөн 12 миң авто-унаа керектен чыккан.

2016-жылы сот Тяньцзиндеги логистикалык компаниянын жетекчисин өлүм жазасына тартты. Ага пара берүү, кооптуу химикаттарды порттун аймагында мыйзамсыз сактоо сыяктуу айыптар тагылган. Андан сырткары жергиликтүү аткаминерлер жана жеке компания өкүлдөрүнөн 48 киши "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып менен жоопко тартылган. (AbA)