Планетадагы эң ысык температура катталды

Ажал өрөөнү, июль айында тартылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ажал өрөөнү, июль айында тартылган сүрөт

Өткөн апта соңунда планетадагы эң жогорку температура катталды. Калифорниядагы Ажал өрөөнү деп аталган улуттук паркта күндүн ысыгы Цельсий боюнча +54,4 градус болду, деп кабарлады АКШнын метеорологиялык кызматы.

Мурдагы эң ысык +54,0 градус температура дагы ушул эле өрөөндөн 2003-жылы катталган эле. Мээ кайнаткан ысык АКШнын батыш жээктеринде дагы бир апта сакталат деп күтүлүүдө. Мындай экстремалдуу аба ырайы дем алыш күндөрү Калифорнияда электр жарыгын үзгүлтүккө учуратты.

1913-жылы Ажал өрөөнүндөгү эң жогорку температура +56,6C. болгону айтылып келет. Бирок азыркы метеорологдор жүз жыл мурунку ченемге анчейин ишене беришпейт. 1931-жылы Тунисте дагы глобалдык температуралык рекорд: +55С катталганы айтылып жүрөт. Бирок мунун дагы так экенинен күмөн санаган пикирлер бар.

Ысык аба ырайы дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү эң жогорку чегине чыгып, анын илеби кайта баштайт деп күтүлүүдө. Калифорнияны электр энергиясы менен камсыздаган CISO түйүнү штатка үчүнчү баскычтагы өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ишембиде аймакты куюн каптады

Калифорниянын көпчүлүк райондору күндөн жана шамалдан алынган электр энергиясы менен жабдылган.

АКШнын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору эскерткендей, мээ кайнаткан ысык адам өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратып келет. Мындай учурда каза тапкан кишилер саны да көп болот.

Андан сырткары ысык аптап айыл чарбасына катуу зыянын тийгизүүдө. Аба каттамдары убактылуу токтоп, жолдогу асфальт эригенден улам, унаа каттамдарына да тоскоолдук жаратат.