Музыка дарылайт: жүрөктө калган обондуу ырларды тандайбыз

жер жана кулакчын

21-сентябрь Дүйнөлүк альцгеймер күнүнө карата Би-Би-Си атайын өнөктүк өткөрүп, көпчүлүктүн жүрөгүндө калган ырлардын тизмесин түзүүдө. Бул өнөктүккө кыргыз обондорунун дагы тизмесин түзүп, элүү ырды тандап алабыз. Ал Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы түзгөн тизмеге киргизилмекчи.

Жашы өткөн сайын карыялардын кыймылы азаят. Жакындар ортосунда байланыш үзүлүп калышы мүмкүн. Азыркы учурда дүйнөдө деменциядан жабыркаган адамдар саны 50 миллионго жетти. Кеңири тараганы илдет болгону менен, ага даба жок. Соңку изилдөөлөр музыка деменцияга кабылган адамга мурда болгон окуяларды эстөөгө жардам берерин тапты.

Обондуу ырларды, тандоодо профессионал музыканттар, аткаруучулардан тартып, эл арасындагы ырга шыктуу кишилерге чейин маектерди алып, элүү ырды тандап алабыз.

Ж.Кошбаев: "Ак булуттар" ички бугуңду чыгарып, сыздап ырдай турган обон

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Музыканы угуп, ырдап, бийлеп жүргөн кишинин көңүлү ачык болот"

Бүгүнкү маектешибиз Жаркынбай Кошбаев, пенсионер. Кыргызстандын тоолуу Алай районундагы чакан айылда туруп алып, жашы өйдөлөп калганына карабай интернеттеги коомдук сайттарды актвидүү колдонуп, миңдеген катталуучуларды тапты. Аккордеон аркылуу ырдап, коомдук сайттарда түз эфирлерге чыгып жүрөт. Өзү сыяктуу музыка сүйүүчүлөрүнүн "Фейсбукта" атайын тайпасын түзүп, Кыргызстандын ар бурчунан чогулуп ыр-шеринелерди өткөрүшкөнү менен белгилүү. Биз Жаркынбай Кошбаевден өзү аткарып жүргөн кыргыз обондорунун кайсынысы жүрөгүңүзгө жакын жана ал обонду укканда эмнелер эске келет?,-деп сурадык.

Ж.Кошбаев: Ырдын эң эле башы - бул "Бешик ыры" деп айтаар элем. Алдейлеп эне баласын уктатат эмеспи. Өтө жөнөкөй, бирок өтө жагымдуу. Ошон үчүн бала уктап калат. Эс тарта баштаганда ата-энелерибиз ырдаган обондорду уктук. Ошол ырлар эмдигиче жүрөккө жакын. Жаш кезде ар кайсыл ырдарды уктук, чет өлкөлүк музыкаларды уктук. Алар жакшы болгону менен жашың өткөн сайын баягы эле комуз, аккордеон менен аткарылган обондор жүрөккө жакын болуп кала берди. Айрыкча, Асанкалый Керимбаевдин обондору жүрөктүн түпкүрүнөн чыгат. "Ак булуттар" ыры - адамдын ичиндеги бугун чыгарып, сыздап олтуруп ырдай турган обон. Өткөндү эстөө, айрылуу, ошонун баарын эске салат. Сөзүн Омор Султанов жазган экен, мыкты жазылган.

Аудионун түшүндүрмөсү,

Бул жерден угуңуз: “Ак булуттар”

Би-Би-Си: Мына, изилдөөлөрдө окумуштуулар музыка деменцияга кабылган адамдын эстутумун калыбына келтирүүгө жардам берет экен деп айтып жатышат. Негизи бул ооруну кыргыз коомунда алжып калды деп, көп маани бербейт. Сиз жашаган айылда карыя кишилердин музыкага мамилеси кандай болду экен? "Ыр угалы, кыякты тартчы" деп келгендер болобу?

Ж.Кошбаев: Мен өзү жаш кезде гитара, комуз, аккордеонду өз алдынча үйрөнүп, ырдап жүргөм. Атайын музыкалык билимим жок. Анан 35-40 жашымда "болду, эми мен токтолдум, ырдабайм" деп чечтим. Музыкалык аспаптардын баарын сатып жибергемин. Ошондо 40тан ашуун обонду билсем, кийин ырдайын десем эки-үчөө эле эсимде калыптыр. Калганы эстен чыгыптыр. 55 жаштан кийин "Фейсбуктагы" досторго аралашып калдым. Мен курактуу досторумдун көбү ырдайт экен, аккордеон ойношот. Атайын тайпа бар, чогулуп алып бир жылда бир жолу ырдап-чоорлоп олтурабыз да. Анан кой эми, мен дагы өнөрүмү кайра баштайын деп, аккордеон сатып алдым. Колдорум да унутуптур, көп ырлар эстен чыгыптыр. Ошентип акырындап аракет кыла баштадым эле, ырлар кайра эстутумума келди. Көрсө, музыкалык дүйнөнү таштабаш керек экен. Музыкалык дүйнө көңүлүңдү ачат, мээңди сергитет, эстутум жакшырат. Жаш кездеги өнөрдү таштап койгон болбойт экен. Унутчаактык, сөзүн кайталай берген, алжып калуу, бир окуяны эстеп, калганын унутуп калуу ошондон келип чыгат деп ойлойм. Ал эмес жаш кездеги ойноп жүргөн оюндарды ойносоң дагы өзүңө пайда болсо керек. Топ ойногон, чүкө, ал эмес жашыңда велосипед тепсең, аны кийин да тебе бериш керек. Сүрөт тартсаң мээңдин иштеши жакшырат деп эсептейм. Эми айылда жаштар ыр-күүгө жакын, орто муундагылар биз эми токтолдук деп, алыстап кетет. Бирок теледен угат да баары бир. Ал эми улгайган кишилердин мээси чарчайбы, ыр уккканга көңүлсүнбөйт. Эстутумдун жакшырышына намаздын да пайдасы болот экен. Сүрөөлөрдү кайра-кайра кайталап турасың.

Сүрөттүн булагы, Facebook

Би-Би-Си: Маркум байбичеңиз менен гитаранын коштоосунда дуэт ырдап Facebook аркылуу түз эфирге чыгып калчу элеңер. Силердин жашоого музыка кандай таасирин тийгизди. Ден соолукка пайдасы сезилеби?

Ж.Кошбаев: Музыканы угуп, ырдап, бийлеп жүргөн кишинин көңүлү ачык болот. Көңүлсүздүк, кыжаалатчылык, стресстен оорулар пайда болот да. Турмушта ар кандай кыйынчылык болот, жетишпестик болот. Ошол маалда адамга кыйын болот. Ушул учурда кээде бир жакын кишилер менен олтуруп ырдасаң, кичине көңүлүң көтөрүлөт. Бирок жашың өткөн сайын алыстайт экенсиң, аз угуп каласың. Мээңдин кабыл алуусу начарлайт окшойт. Мурда 5-6 саат ырдай берчү болсом, азыр 10-15 минутада эле чарчап, алсырап, каалабай калам. Укканда дагы ошондой. Музыка баары бир турмушка, жашоого керек. Музыка жандүйнөңдү байытып турат да. (AbA)