Геноцид үчүн кенемте: мурдакы колонияларга Намибия үлгү боло алабы?

  • Тим Уевел
  • BBC News, Namibia
Swakopmund

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Германия жүз жыл мурунку кылмыштары үчүн Намибиядан кечирим сурап, кенемте төлөп бергени жатат. Бул макулдашуу мурдагы колониалдык күчтөр үчүн үлгү болуп калабы?

Намибияда бул келишим кызуу талкууга алынууда.

Учурда Свакопмунд шаарындагы жээк аймагы тургундар жана туристтерге толгон коомдук жайга айланды.

"Бул жээкте концлагер бар болчу. Унаа токтотуучу жайдан баштап тикенектүү зым менен тосулуу эле",-дейт Лэйдлоу Перинганда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Чоң атам туугандарыбыз ушул жерге алынып келинип, мужбарлап иштетилгенин айтып берген. Алардын баары концлагерде өлгөн",-дейт активист.

Лэйдлоу Перинганда 1904-1908-жылы болгон окуялар тууралуу айтып жатат. Анда Намибия Германиянын Түштүк Батыш Африка аттуу колониясы эле. Өлкөдөгү эки эл - Хереро менен Нама оторчул бийликке каршы көтөрүлүп, он миңдегендер мүрт кеткен, көпчүлүгү Омахеке чөлү көздөй качууга мажбур болгон. Чөлгө качкандар ачарчылыктан өлгөн. Ал эми туткунга түшкөндөр концлагерлерге жөнөтүлүп, кул катары колдонушкан.

Германия башкарган Түштүк Батыш Африкада 80 миң хереро элинин 65 миңи, 20 миң нама элинин 10 миңи кырылганы айтылып келет.

2015-жылы Германия расмий түрдө геноцид болгонун мойнуна алган. Андан бери немис бийлиги кылмыш үчүн жоопкерчиликти алып, кенемте төлөп берүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштады. Буга чейин колониалдык өлкө бир дагы жолу мурда башкарган мамлекет менен макулдашууга жетүүгө аракеттенген эмес. Ошондуктан Германиянын бул кадамы үлгү катары бааланууда.

Германия расмий түрдө кечирим суроого даяр. Анын так сөздөрү азыр жазылууда. Бирок намибиялыктарды кызыктырган маселе - мурдагы колониалдык мамлекет кандай кенемте төлөйт.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Лэйдлоу Перинганда концлагерде каза тапкандардын мүрзөсүн көрсөтүп жатат

Лэйдлоу Перинганда хереро элинен. Ал колониалдык бийлик өлкөнүн каймактарын жок кылып, байлыгын тартып алган деген пикирде. Хереро көчмөн эл жана Германия өлкөнү басып алганга чейин бай катары саналган.

Германия хереро эли малын жайган аймактарды айдоо жерлерине айлантып, немистерге таратып берген. Учурда хереро менен нама эли колониалдык бийлик таратып берген чакан жерлерде же чоң шаарлардагы жакыр саналган райондордо жашайт. Дал ушундай жакыр райондордо намибиялыктардын 40 пайызы жашап келет.

Свакопмунд шаарында бай менен кедейлердин теңсиздиги көзгө урунат. Бул шаарды колониалдык бийлик курган. Анда оторчул саясат жүргүзгөн кишилердин неберелери жана чөбөрөлөрү дагы деле көп.

"Айрымдардын дааратканасы жок. Таза суу, электр жарыгы тууралуу сөз кылбай эле коеюн. Ошол жакыр райондордо жашагандардын көбүнүн ата-бабалары концлагерге жөнөтүлгөн. Чоң ата-энесинин байлыгын тартып алгандыктан, алар жакырчылыкта жашайт. Германия алардын ата-бабаларынын жерин тартып алган, эми кенемте төлөп бериши керек",-дейт Лэйдлоу.

Дал ушундай талап улам-улам айтылууда. Жергиликтүүлөр Германия жер реформа долбоорун каржылап, немистердин тукумуна берилген айдоо талаалар кайра бөлүштүрүлөт деп үмүттөнүүдө.

Немис намибиялыктар өлкөдөгү айдоо талааларынын 70 пайызын колго алган. Айрым немистердин жери 600 чарчы чакырымга жетет.

Бирок бул талап чынында аткарылабы? Намибиянын Германия менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн топтун башчысы Зед Нгавиру "Германия коомду кайра куруп чыгуу үчүн каражат бөлүү керек экенин мойнуна алды" деп айтты. Бирок Германия айдоо жерлерди саткысы келген немистерден гана айдоо талааларын алып, өкмөткө өткөрүп бермекчи.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Намибиянын Германия менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн топтун башчысы Зед Нгавиру

"Бирок өлкөдөгү жер маселесин Германия чечип берет дегенге ишенбейм. Бул жерлер бир гана оторчул саясаттан улам жоготулган жок",-дейт Зед Нгавиру.

Германия Биринчи дүйнөлүк согушта утулуп, Намибиядан чыгып кеткенден кийин көптөгөн ак түстөгү дыйкандар өлкөдө отурукташкан. Түштүк Батыш Африка аттуу мамлекетти Түштүк Африка 70 жылдай башкарды. 1990-жылы Намибия эгемендүүлүгүн жарыялагандан бери айдоо талааларды кара түстөгү намибиялыктар жана чет өлкөлүктөр сатып алды.

Германиянын өкмөтү "кенемте" деген сөздү колдонуудан тартынып жатат. Бирок Зед Нгавиру Германия саламаттыкты сактоо, билим берүү, таза сууну жеткирүү, турак-жай куруп берүү долбоорлорун каржылоого даяр экенин айтууда. Азырынча так канча каражат бөлүнөрү тууралуу сөз боло элек.

Германия азыркыга чейин бул тууралуу ачык эчтеке жарыялай элек. Сүйлөшүүлөр алты жылга созулуп, хереро менен нама эли тынчсыздануусун билдирүүдө.

Эки эл Германия бир гана Намибиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөстөн, жабыркаган элдин талабын дагы угушу керек деген пикирде. Хереро менен нама эли кенемте өкмөткө төлөнсө, каражат оторчул саясаттан жабыркабаган өлкөдөгү башка элдерге дагы бөлүнөрүн айтууда. Мисалы, Намибиядагы эң чоң этникалык топ Овамбо колониалдык бийликтен жабыркаган эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Векуй Рукоро

Ошондуктан Векуй Рукоро сыяктуу лидерлер эл аралык сотторго Германия өкмөтүнө каршы доо-арызы менен кайрылууда. Векуй Рукоро хереро элинин башчысы. Ал өкмөт Германиядан түшкөн каражат менен жабыркаган элдерге жардам бергендин ордуна, өзүнүн долбоорлорун ишке ашырууну көздөп жатканын айтууда. Бирок Намибиянын өкмөтү дооматтарды четке кагып, кенемте акчасын жабыркаган топтор көзөмөлдөйт деп билдирди.

Германия менен Намибиянын ортосундагы макулдашууга өлкөдөгү немис жарандар дагы каршы чыгышууда. Намибияда 30 миңге чукул теги немис жаран бар.

"Геноцид болду деген миф жана ал моралдык опузалоо үчүн колдонулуп жатат", -дейт тарыхчы Андрейс Вогт. Ал 1904-жылы колониалдык күчтөрдүн башчысы генерал Лотар фон Тротанын "Германиянын чегине жакын келген мылтыгы бар же жок херерону атып өлтүргүлө" деген буйругу жалпы саясат болбогонун жана ал эч качан ишке ашырылбаганын айтууда.

"Бир тарапта ырайымсыз, геноцид жүргүзгөн Германиянын оторчул бийлиги, экинчи тарапта эч күнөөсүз хереро эли деп айтуу чоң катачылык. Эки тарап тең кылмышка барган",-дейт Андрейс Вогт.

Намибиялык теги немис тарыхчы хереро эли 1904-жылы Германиянын бийлигине каршы чыгып, 120 немисти өлтүргөнүн айтат. Бирок хереро менен нама Ватерберг кармашууда жеңилип калганын белгилейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Өткөн жылы Намибия эгемендик алгандан кийин өкмөттө иштеген теги немис саясатчы Антон фон Уейтершейм немис намибиялыктар менен хереро жана нама эли ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоо керек экенин билдирип, атайын конференция уюштурган.

"Ак түстөгү намибиялыктардын көбү тарыхый окуялар бул элдерге канчалык таасир эткенин али түшүнө элек",-дейт ал.

Антон фон Уейтершейм теги немис намибиялыктар геноцид боюнча макулдашууну колдосо, эки мамлекет келишимге кыска мөөнөттө жетерине ишенет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Хереро туткундары (1904-жыл)

Теги немис намибиялык, актвист жана окумуштуу Хеннинг Мелбер болсо, Европадагы башка колониалдык күчтөр Германиянын Намибия менен макулдашуусуна тынчсызданып турганын айтат. Себеби бул кадам Европанын бир нече мамлекетине каршы доо-арыздарды алып келиши ыктымал. Өзгөчө Африка жана Азиянын түштүк-чыгышында жабыркаган элдер тарабынан.

Мисалы Танзания, Германиянын мурдагы колониясы, эмитен эле кенемте талап кылып жатат.

"Эгерде маселе ушул бойдон чечилип, башка көтөрүлбөй турган болсо Германия кенемте төлөп берүүгө даяр. Андан дагы чоң көйгөй бул келишим прецедент түзүп, оор кесепеттерге алып барышы ыктымал",-дейт Мелбер.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Концлагерден туткундарды алып чыгып жаткан поезд

Тажрыйбалуу дипломат Зед Нгавиру сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча убада берүүдөн карманат.

"Саясатта баары мүмкүн",-дейт ал.

Свакопмунд шаарынын жакыр райондорду жашап, теги немис бизнес ээлерине иштеген хереро менен нама эли өз талабынан кайтпайт. Алар ата-бабалары кулчулукка мажбурланып, жеринен айрылганын, ошонун арты менен теги немис намибиялыктар байыганын белгилешет.

"Айрым жаштар сүйлөшүүлөрдөн тажап, жерди күч менен тартып алгысы дагы келет. Ошондуктан Германиянын өкмөтүн оюнун узартпай, мунаса табууга чакырат элем",-дейт активист Лэйдлоу Перинганда.