Планетадагы эң кымбат байыркы кездеме: жаңы доордо өндүрүүгө мүмкүнбү?

Дакка муслин кездемеси

Сүрөттүн булагы, Drik/ Bengal Muslin

Дээрлик 200 жыл мурун дакка муслин планетадагы эң кымбат кездеме катары саналган. Андан бери муслин кездемеси унутта калды. Эмнеге?

XVIII кылымда Европада жаңы мода жаралып, чуу чыккан. Айрымдар жаңы кездемеден жасалган кийимди кийгендер жылаңач жүрөт деген дооматка кабылган.

Бул жерде дакка муслин кездемеси тууралуу сөз болуп жатат. Муслин азыркы Бангладештин Дакка шаарында өндүрүлгөн. Ал доордо муслин Мегхна дарыясынын боюнда өскөн сейрек пахта менен жасалып, өндүрүш процесси 16 баскычтан турган. Бул кездеме жибектей эле кымбат баада сатылган.

Муслинге байланыштуу ар түрдүү уламыштар бар. Мисалы, байыркы Грецияда кудайлар муслинден кийингени, же алыскы аймактагы падыша, Бангладештин ханзадалары жалаң муслинден жасалган кездемени колдонуп келгени айтылган эле.

Муслинден жасалган кездеме же кийим абдан жеңил болгондуктан, аны "аба менен токулган" деген дагы пикир бар болгон.

Бангладеште баалуу кездемеден эркектердин көйнөктөрү жасалган. Британияда болсо аны өзгөртүп, аялдарга көйнөктөр тигиле баштады. Буга чейин мындай көйнөктөр ич кийим катары саналган болчу. Ушундан улам ар түрдүү сындар айтылганына карабастан, муслин кездемеден жасалган кийимдер кеңири тарады. Жада калса Франциянын королевасы Мария-Антуанетта, белгилүү жазуучу Жейн Остин сыяктуу адамдар муслин кездемелерин жактырган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

XIX кылымдагы сатиралык сүрөт: муслин көйнөктөрү күн тийгенде жылаңач жүргөндөй көрүнүп калары айтылат

XX кылымдын башында Дакка муслини жок болуп кетти. Бир гана музейлерде жана кездемелерди аздектеп чогулткан адамдардын колунда гана калды. Ал эми аны жасап чыгуу жолдору унутулду жана кездемени жасаган пахта өстүрүлбөй калды.

Эмнеге жана кездемени кайра жасап чыкса болобу?

Сапатсыз деп саналган пахта

Мегхна дарыясынын боюнда өскөн Gossypium arboreum var. neglecta аттуу сейрек пахтаны өстүрүү оңой эмес. Туздуу талааларда өскөн пахта жылына эки жолу гүл байлат. Азыр өндүрүлгөн пахтага салыштырмалуу, Gossypium arboreum пахтасы тез эле үзүлөт. Көптөр аны начар сапаттагы пахта катары баалашы ыктымал, бирок андан баалуу кездеме жасалып келгени талашсыз.

Колдогу жабдыктардын жардамы менен бул пахтаны кездемеге айлантуу өтө эле татаал. Андан арзан баадагы, үй жыйнаганга жараган гана кездеме чыгарылышы мүмкүн.

Бирок 200 жыл мурун, жергиликтүүлөр мыкты усулдардын жардамы менен, сапаты начар делген пахтадан мыкты кездеме өндүргөн. Муслинди өндүрүү 16 баскычтан турган жана ар бир баскычы мыкты адисти талап кылган. Ошондуктан Бангладеште ар бир баскычка бир айыл жооп берип, ишке аялдар менен эркектер тартылган.

Алгач, пахта тазаланып, жуулуп, андан жип жасалган. Аймактын нымдуулугу жипти ичке кылып чоюп чыгууга шарт түзгөн. Таңга маал же түштөн кийин (нымдуулук эң жогорку чекке жеткен учурда) кайыктарына отурган эркектер тазаланган пахтаны чоюп, ичке жиптер жаралган. Бул ишке жаштар тартылган эле, себеби карыялар ичке жиптерди көрө албай калчу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Наполеондун жубайы Жозефина Богарне Дакка муслин кездемелерин жактырганын, андан бир нече көйнөгү бар экени белгилүү

Андан кийин ичке жиптер токулуп, кездеме даяр болгон. Бул ишке бир нече ай талап кылынган.

Мындай кездемени адам баласы жасаганына ишенбегендер дагы болгон. Айрымдар аны сыйкырчылар же суу алдында жашаган пери жасады деп ишенген.

"Кездеме жеңил жана жумшак эле. Мындайды көптөр көрө элек болчу",-дейт Бангладештин Кол өнөрчүлүк кеңешинин өкүлу Руби Гажнави.

Бүгүнкү күнү Дакка муслиндер бир гана музейлерде сакталуу. Буга чейин мулсинден жасалган көйнөктөр аукциондордо миңдеген долларга сатылган.

Бул өнөрдү Британиянын колониалдык күчтөрү жок кылганы айтылат.

Сүрөттүн булагы, Drik/Bengal Muslin

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дакка муслин кездемеси

Дакка муслин кездемелери Европанын аристократтарын кызыктыргандан мурун, ал планетанын башка аймактарына кеңири тараган.

Мисалы байыркы Грецияда, андан кийин Рим империясында муслин кездемелери тууралуу сөз болгон учурлар бар.

Бирок анын өзөгү Моголдор империясына барып такалат. Азыркы Андижанда туулган Захреддин Бабур Индия аймагын басып алып, империясын негиздеген. Дал ошол империядан Иран, Ирак, Түркия жана Жакынкы Чыгышка мулсин кездемелери сатылган. Империя өнүгүп, анын падышалары жалаң муслин кездемеден жасалган кийимдерди кийгени айтылат.

Бирок 1793-жылдары Британиянын аскерлери Моголдор империясын талкалап, аймакты басып алган. 1851-жылы Британиядагы чоң көргөзмөгө муслин кездемелери коюлган эле. Бул көрмөзмөгө Королева Викториянын күйөөсү принц Алберт дагы катышкан. Көргөзмөдөгү муслин кийимдер өтө кымбат баада сатылгандыктан, Бангладештеги оторчул күчтөр муслин кездемесин өндүрүү жолдорун тездетүүнү караштыра баштаган.

Сүрөттүн булагы, Drik/Bengal Muslin

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Пахтадан муслин кездемесин жасап чыгуу абдан татаал

Натыйжада, 16 баскычтан турган өндүрүш жок кылынган. Анын ордуна тез арада көп санда кездеме жасоо аракети болгон.

"Бангладеште өскөн пахтадан кездеме жасап чыгуу оңой эмес. Бир килограмм пахтадан 8 грамм муслин гана өндүрүлөт",-дейт актвист, Бенгал муслин уюмунун башчысы Сайфул Ислам.

Бирок Британия өндүрүштү көбөйтүү жолу менен кездеменин баасын арзандатууга умтулган. Бирок жергиликтүүлөр талапты аткара албай, карызга баткан. Себеби алар акчаны буюртмага жараша алып, кездемелерди даярдай албай калган эле.

Андан дагы маанилүүсү, Британиянын колониалдык күчтөрү 16 баскычтан турган жараянды дыкат изилдеп, кездемени өз өлкөсүндө өндүрүүгө аракет кыла баштаган. Кездеме барону атка конгон Самуел Олдкноу 1784-жылы Лондондо 16 баскычтан өндүрүш жараянын аткара алган жабдыкты чыгарып, фабрика ачкан эле.

Сүрөттүн булагы, Drik/Bengal Muslin

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Бенгал муслин" аттуу уюм унутта калган кол өнөрчүлүктү жандандыруу үчүн айылдарды кыдырып жүрүшөт

Албетте, Британияда жабдык менен өндүрүлгөн кездеме Дакка муслинине жеткен эмес. Бирок көп көлөмдө жасалган кездеме кеңири сатыла баштаган. Дал ошол учурда Бангладеште согуш чыгып, кубаттуу зилзала катталып, жакырчылык каптагандан улам муслин кездемесин чыгарган кол өнөрчүлөр дыйканчылык менен алектене баштаган.

Өндүрүштү жандандыруу аракети

Сайфул Ислам Бангладеште туулуп-өскөн, бирок жыйырма жыл мурун Лондонго көчүп кеткен. Ал Дакка мулсини тууралуу 2013-жылы угуп, өз изилдөөсүн жүргүзгөн.

Британиядагы музейлерди кыдырып, Дакка муслинден жасалган көптөгөн көйнөктөрдү байкаган. Кызыгы, Бангладештин музейлеринде муслин кездемелери такыр жок. Ошондон улам Сайфул Ислам бул өнөрдү кайра жандандыруу аракетин көрө баштады.

Сүрөттүн булагы, Drik/Bengal Muslin

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сайфул Ислам муслиндин тарыхын изилдеп, көргөзмөлөрдү уюштуруп келет

Алгач, пахтанын туура түрүн табуу керек болду. Gossypium arboreum пахта уругу жок болгондуктан, Ислам Британиянын Королдук Ботаникалык бакчасында бул пахтанын кургатылган жалбырагынын ДНКсын алып, ошондой өсүмдүктү Мегхна дарыясынын боюнан издеди. Мурдагы өсүмдүктүн ДНКсына 70 пайыз жакын болгон пахтаны таап, ошону көбөйтүүгө умтулду.

Андан кийин кол өнөрчүлөрдү табуу керек эле. Бангладеште жамдани муслин кездемелери жасалып келет. Ислам кол өнөрчүлөрдүн чеберчилигин жогорулатып, Дакка кездемесин өндүрүүгө мүмкүн болот деп ойлогон. Бирок кол өнөрчүлөр мындай иштен баш тарткан. Себеби ичке жипти токуп чыгуу оңой эмес. Ал Амин аттуу кол өнөрчү макул болуп, Дакка муслин кездемелерин өндүрүүгө жабдыктарды даярдашкан.

Сүрөттүн булагы, Drik/Bengal Muslin

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дакка муслин кездемелерин чыгарган кол өнөрчүлөр

Алты айдан кийин гана алгачкы Дакка муслини жасалган. 2021-жылы Ислам бир нече көйнөк жасап чыкканын айтат. Алар дүйнөнүн булуң-бурчундагы көргөзмөлөргө коюлду. Айрымдары миңдеген долларга сатылды. Ошондон улам Ислам Дакка муслиндин келечеги бар экенине ишенет.