100 айым: Ашынган оңчулдарга каршы күрөш
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

100 айым: Каршылык көрсөтүү

100 айым өнөктүгүнүн алкагында Би-Би-Си адаттан тыш аракет жасаган чыгаан аялдар менен жолукту. Үстүбүздөгү жылы май айында бир аялдын сүрөтү дүйнө жүзүнө тараган. Анда кара түстөгү аял Нелсон Мандела сыяктуу муштум болуп түйүлгөн колун асманга сунуп, Швециядагы 300гө чукул адамдан турган нео-нацисттердин маршын токтотууга аракеттенген.

42 жаштагы Тесс Асплунд Швецияда активист катары белгилүү. Би-Би-Си Асплунд айымга кошулуп Стокгольмдогу фашисттердин маршына каршы уюштурулган демонстрацияны көрүп келди.