Мухамметкалый Абулгазиев: Урандылардын алдынан адамдын дене бөлүктөрү да чыгып жатат
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Абулгазиев: Kыйроо болгон жер толук тазаланып бүтө элек

Кырсыкка кабылган Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк тарткан учак боюнча өкмөт расмий түшүндүрмө берди. Өкмөт түзгөн авиакырсыкты иликтеген комиссияны жетектеп жаткан биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: "Алдын ала маалымат боюнча биздин адистер кырсыкка экипаж себепкер болушу мүмкүн экенидигин айтып жатат. Дал ушул эле экипаж курамы биздин аэропортту абдан жакшы билишкен. Себеби булар буга чейин 3 жолу конушкан. Аны ошол компаниянын өкүлдөрү да келип ырасташты. Ар кандай деңгээлде жаракат алгандардын саны тогузга жетти.Каза тапкандар отуз бир. Бул сан дагы өсүшү мүмкүн",-деп айтты.