Наркы нааразы кылган электр жарыгы
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Наркы нааразы кылган электр жарыгы

Кечээ Нарын шаарында 100 чамалуу киши свет жана көмүрдүн баасын арзандатуу талабы менен нааразылык акциясына чыгышкан. Мындай нааразылыкка эл свет үчүн мурдагыдай эле импорттолгон электрдин баасы менен төлөп жатканы себеп экенин айрым эксперттер айтууда. Кабарчыбыз Абдыбек Казиев “Түндүк электр” ишканасынын электр энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Мадалбеков менен энергетика боюнча эксперт Расул Үмбөталиевди чакырып, энергетикадагы оош-кыйыштарды талкуулады.