Жаштар берүүсү: чай берсең, чоң болосуңбу?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Жаштар берүүсү: чай бербесең, чоң болбойсуңбу?

“Мага баары бир эмес” аталган топко бириккен жаш жарандык активисттер Кыргызстанды өнүктүрүүнүн башкача жолун даярдаганын айтышууда. Алардын буга чейинки өнүктүрүү стратегиялардан өзгөчө делген манифести жакында жарыяланат.

Би-Би-Синин жаштар тууралуу берүүсүндө саясатчылардын папкесин көтөргөн жаштар, алардын принциптери, пайда көрүү максатында бирөөгө чай берүү адаттары талкууланды. Ага жарандык активисттер Перизат Сайтбурхан, Улан Үсөйүн жана Улан Дуулатов катышты. Берүүнү Азиза Марат кызы алып барды.

Би-Би-Си аларга адегенде азыркы жаштар кимдин артынан ээрчийт деген суроону узатты.