Данакер айым
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Данакер айым

Зууракан Давлеталиева айымдын ишмердиги тууралуу Кыргызстанда кеңири коомчулук биле бербесе керек. Ал Тажикстандагы атуулдук согуш учурунда курчоодо калган Жерге-Тал аймагында элге көмөк көрсөткөнү үчүн Кыргыз өкмөтүнүн "Данакер" медалы менен сыйланган. Анын эмгегин Тажикстан өкмөтү да көптөгөн сыйлыктар менен белгилеген. Продюсер Акчолпон Койчиева Зууракан айымды маекке тартып, анын Тажикстандагы атуулдук согуш учурундагы гуманитардык ишмердиги тууралуу сурады.