Лондондогу глобалдуу туризм көргөзмөсү
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Лондондогу глобалдуу туризм көргөзмөсү

Лондондогу атактуу "Эксел" имаратында дүйнөлүк туризм боюнча көргөзмө өтүп жатат. Ага ондогон мамлекеттердин катарында USAID уюмунун жардамы менен, кыргыз туроператорлору да катышууда. Алар экология, маданият, ат минүү, лыжа тебүү туризми менен тааныштырууда. World Travel Market London - саякат өндүрүшүндөгү жылына өтчү глобалдуу чара. Анын катышуучуларынын өз ара түзгөн келишимдери 2.8 миллиард фунтка барабар.