Майсалбек Бишкек көчөлөрүндө

Майсалбек Бишкек көчөлөрүндө

Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган спектаклдер жана кинофильмдер өлкөнүн бардык аймактарында көргөзүлүүдө. Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык драма театры “Саманчынын жолу” спектаклин көрөрмандарына тартуулап жатат. Ал спектаклге Кыргыз өкмөтүнүн курамындагы бардык министрлер чакырылганы белгилүү. А Би-Би-Си кабарчылары аталган спектаклде Майсалбектин ролун аткарган актер Данияр Жанжигит уулунун чыгармачылык даярдык иштерине күбө болуп келишти.