Бишкек: жүргүнчүлөр жөө жүгүрүп убара
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Бишкек: жүргүнчүлөр жөө жүгүрүп убара

Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук унаа айдоочуларынын иш таштоосу шаардын турмушун оорлотту. Бишкек мэриясы айдоочуларды ишке чыгууга чакырып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

1-апрелден тарта өкмөттүн “жүк жана жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек” деген токтому күчүнө кирди. Мындай камсыздандыруу полиси жок болсо, 500 сом өлчөмүндө айып пул салынары же унаасы айып төлөөчу жайга токтотулары эскертилген. Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук унаалардын айдооочулары мына ушуга нааразы болуп, иш таштады.

Мэриянын маалыматы боюнча, Бишкекте күнүнө 2700 микро автобус жүргүнчү ташыйт. Учурда ошол маршруттук унаалардын ээлери ар бир орундукту камсыздандырууга милденттендирилди.