Борбор Азия: муз доорун басып өткөн жаныбар коркунучта

Борбор Азия: муз доорун басып өткөн жаныбар коркунучта

Бул жаныбар муз доорун басып өтүп, Евразия талааларын байырлап келет. Сайгактар учурда тукум курут болуп кетүү коркунучунда турат. Мыйзамсыз аңчылыктан улам 1990-жылдан бери бөкөндөрдүн саны 1,5 миллиондон 20 миңге түштү.

Казакстанда 2015-жылы сайгактар массалык түрдө кырылып, алардын 65 пайызы жок болуп кетти.

Бирок алардын сырдуу куралы бар... Алар бат көбөйөт. Мисалы, өткөн жылы туулган ургаачы бөкөн быйыл өзү төлдөдү.

Мындай тез көбөйүү сайгактардын миңдеген жылдар бою жашап келатканына шарт түзүүдө.