Улгайган адамдар таяк менен жөө жүрүү мелдешин өткөрдү
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Видео: Бишкектеги улгайган адамдар жарышы

Бишкектеги улгайган адамдар апта соңунда таяк менен жөө жүрүү мелдешин өткөрдү. Иш-чараны Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому менен Улуттук Олимпиада комитети уюштурду.

Анын максаты улгайган кишилерге дем берип, аларды активдүү болууга чакыруу. Скандинав басыгынын пайдасы - көкүрөк булчуңдарын бекемдейт, иммунитетти көтөрөт, организмде зат алмашууну жакшыртат, муундардын бекем болушун камсыздайт.

Мелдешке катышкандардын ар бири жеңүүчү аталды.