Альтернативалуу жол 2022-жылы пайдаланууга берилет
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Aльтернативалуу жол, 850 млн, 433 км

Жолдун ар бир чакырымына орточо эсеп менен 1 миллион 617 миң доллар жумшалууда. Бул ири долбоордун болжолдуу наркы 850 миллион долларга бааланганы айтылган эле.

Ош-Бишкек жолуна альтернатива катары курулуп жаткан Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Бул долбоор 2014-жылы башталган.

Ири курулушту кытайлык China Road and Bridge компаниясы ишке ашырууда.

Түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун башкы өзгөчөлүктөрү катары анда салынып жаткан эстакадалык көпүрөлөрдү жана тоннелди айтууга болот. 29,5 миллион долларга эки эстакадалык көпүрө курулуп жатат. Булар 2019-жылы толугу менен курулуп бүтөт.

Бул жолдо ошондой эле өлкөдөгү эң узун тоннель курулууда. Бул жакта беш жүзгө жакын жумушчу иштеп, курулуш эки жылдан кийин колдонууга берилет деп пландалууда. Көк-Арт ашуусундагы бул тоннелдин узундугу- 3890 метр.

Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык жанжалдан кийин парламенттеги депутаттар Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушун дагы текшерип чыгыш керек деп, депутаттык комиссия түзгөн.

Транспорт министрлиги далилденбеген кабарлары үчүн маалымат каражаттары менен соттошууга даяр экенин мекеме өкүлдөрү билдирген болчу.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативдүү жолду куруу иштери Казарман айылынан башталган. Бул жол Кочкор, Чаек, Көкөмерен жана Казарман аркылуу өтөт.

Негизинен байланыштардын көбү автожолдор аркылуу ишке ашкан өлкөдө бул жолдун мааниси абдан чоң деп айтылууда. (ErA)