Жоокерлик өнөрүн көрсөткөн кыздар
Көчмөндөр оюндарында орто кылымга таандык курал-жарактар, зоот-чопкуттар менен жоокерлик уруш өнөрүн көрсөтүү кызыктуу болду. Спорттун бул түрү көп өлкөдө анчалык кенен жайылган эмес, бирок бул жоокердик өнөргө тарбиялайт дейт Омск шаарынан келген спортчу Анастасия Деружинская. Аны менен кабарчыбыз Гүлнара Касмамбетова маектешти:
Анастасия: Менин атым Анастасия. Орусиянын Омск шаарынан келдим. Бизди жакын тааныштарыбыз Көчмөндөр оюндарына чакырган болчу. Биз тарыхты көрсөтүү максаты менен келдик, тагыраак айтканда, зоот-шаймандарды тагынып, кылыч менен чабышып, байыркы жоокердик оюндарды көрсөтүп беребиз.
Гүлнара Касмамбетова: Бул курал-жарактар, шаймандар, оюндар Орусиядан тараганбы?
Анастасия: Жок, ар кимдики ар кандай. Мисалы, монголиялык, орусиялык жоокердик шаймандар бар, а меники европалык комплект.
Гүлнара Касмамбетова: А эмне үчүн буларды Көчмөндөр оюндарына алып келип көрсөтөйүн деп чечтиңиздер?
Анастасия: Уюштуруучулар биз көрсөтө турган оюндар кызыктуу болот деп айтты. Ошондуктан бизди чакырышыптыр. Анын үстүнө биз сыяктуу элдердин ушундай зоот-шаймандары бар деп, дүйнөгө даңазалоо жакшы көрүнүш.
Гүлнара Касмамбетова: Сиз Кыргызстанга биринчи жолу келип жатасызбы?
Анастасия: Ооба, алгачкы жолу келдим. Бул жер мага абдан жакты. Тоолор, жайлоолорду көрө элек болчумун. Бул жакка келип, менин балалык кыялым орундалды. Азырынча көп жерди кыдыра элекпиз. Бирок абдан кызыктуу болот деп ойлоп жатам.
Гүлнара Касмамбетова: Сиздер көрсөтө турган оюндар жөнүндө айтып берсеңиз. Эрежелери кандай?
Анастасия: Кылыч менен чабышууда спорттук эрежелер сакталат. Корголгон, тосулган жерлерге гана сокку уруу керек. Мисалы моюнга, тизенин ичине жана киндиктин ылдый жагына урганга болбойт.
Гүлнара Касмамбетова: Байыркы жоокерлердин курал-жарак, зоотторун биринчи жолу жакындан көрүп жатам. Ушуларды тааныштырып, түшүндүрүп айтып берсеңиз.
Анастасия: Бул мээлей. Мындай шаймандын баары эле оор болот. Башында аны көтөрүп жүрүү кыйын. Чопкут негизи оор келет, ар бири үч-төрт килодон болуп отуруп, жалпысынан отуз килонун тегерегинде. Аптасына эки жолу машыккандан кийин ага көнүп каласын.
Гүлнара Касмамбетова: Мунун баарын кийип, тагынып алгандан кийин оңой эле басып жүрө аласызбы?
Анастасия: Зоот-шаймандарды тагынып алып, эркин эле басып жүрсө же чуркаса болот. Албетте, кыйын.
Гүлнара Касмамбетова: Бул мээлейди кийип көргөндө бир топ эле салмактуу экен. А кылычты көтөрсөң, абдан эле оор. Булар баатыр кыздар экен.