Эң узак жашаган жубайлар дүйнөлүк рекорд койду
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Эң узак жашаган жубайлар дүйнөлүк рекорд койду

Бул жубайлар 80 жыл мурда баш кошкон. Абышка 108 жашта, байбичеси 100 жашка толду.

Абышка менен кемпир эң узак жашаган жубайлар катары дүйнөлүк рекорд коюшту. Мияконун айтымында, узак жана бактылуу жашоонун сыры чыдамкайлык жана туруктуулукта.

Жубайлар 1937-жылы баш кошкон. Тилекке каршы, той өткөрүүгө каражаты болгон эмес. Абышка менен кемпирдин беш кызы, 13 небереси жана 25 чөбөрөсү бар.

Жапондор дүйнөдөгү эң узак жашаган эл деп айтылып келет. (ErA)