Булганыч аба ден соолугубузга кандай таасир этет?

Булганыч аба ден соолугубузга кандай таасир этет?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, көрүнбөгөн "киши өлтүргүч" деген атка конгон булганган аба жылына жети миллион адамдын өмүрүн алат.

Буга чейин булганыч аба альцгеймер жана деменцияга (алжып калуу) алып келери аныкталган. Окумуштуулар булганыч аба өзгөчө улгайган адамдарга терс таасир этээрин айтышууда.

Дүйнөдөгү булганыч аба көйгөйү - статистика

  • Жылына жети миллиондон ашуун адам булганыч абадан көз жумат
  • 2016-жылы булганыч абадан улам Жер шарында 4.2 миллион адам каза тапкан
  • Дүйнө калкынын 91 пайызы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму абасы кир деп тапкан аймактарда жашайт
  • Индиянын 14 шаары дүйнөдөгү абасы эң кир деп таанылган 20 калаанын катарына кирет
  • Дүйнөдөгү он адамдын тогузу булганыч абаны дем алат

Булак: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму

Бишкекти ууландырган 240 миң тонна

Ѳкмөт алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалыматына караганда, Бишкектеги абага жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарап жатат, анын 180 миң тоннасын автоунаалар бөлүп чыгарат.

Мамлекеттик экологиялык органдарына ылайык, Бишкекте абаны булгаган зыяндуу заттардын 90 пайызын автоунаалар чыгарып жатат.

Ошондуктан өкмөт автоуналарды газга өткөрүүнү жана экологиялык зыяны көп күйүүчү майларды колдонууга тыюу салууну максат кылууда.

Кыргызстан 2019-жылдан тартып бештен төмөнкү экологиялык класстагы автомобиль бензиндерин жана дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу сала баштайт.

Кыргызстанда мунайды иштетүүчү беш завод бар. Алардын Кара-Балтада жана Токмокто курулган соңку экөөсү Кытай курган заманбап технологиядагы заводдор деп макталганы менен алардын баары эң төмөнкү экологиялык сапаттагы күйүүчү майды чыгарышат.

Газ бензинге караганда он эсе таза күйөөрү дагы айтылууда. Активисттер автоунааларды газга өткөрүүнү сунуш кылышууда. Ошону менен катар Бишкекте күйүүчү май менен жүргөн коомдук транспортту азайтып, аларды газга өткөрүүгө жана троллейбус паркын кеңейтүү керек дешүүдө.