Жарганаттарды эмне үчүн муздаткычта кармап жатышат?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Жарганаттарды эмне үчүн муздаткычта кармап жатышат?

Кышында шаардын ызы-чуусунан жарганаттар ойгонуп, аларга коркунуч жаралууда. Беларустагы айрым зоологдор жарганаттарды сактап калуу үчүн кадимки муздаткычтарды колдонуп жатат.

Беларуcта жарганаттар үчүн атайын кыштоочу жай ачылды. Адам баласынын күнүмдүк аракеттери жарганаттарга коркунуч жаратууда. Кышында жарганатты уйкудан ойготуп алсаңыз, ал өлүп калышы мүмкүн. Тамашадай угулса да, муздаткыч жарганаттар үчүн кыштоого эң ыңгайлуу жай. Эксперттер шаарлардан табылган жарганаттарды кармап, бул борборго алып келишет. Салмагы жетишпеген жарганаттарга тамак берилип, жазга чейин муздаткычка салышат.