Америкалык аскерлер Сириядан чыгып кетсе, Түркия күрддөргө согуш ачабы?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

АКШ аскерлери Сириядан чыгып кетсе, Түркия күрддөргө согуш ачабы?

Эгерде Түркия Сириядагы күрддөргө каршы аскердик операция баштай турган болсо, президент Трамп Түркиянын "экономикасын талкалайм" деп жатат. Америкалык аскерлер Сириядан чыгып кетсе, Түркия менен күрддөр ортосунда узакка созулган согуш башталышы мүмкүн деп айтылууда.

Күрддөр ким? Эмнеге алар талаштын чордонунда?

Жакынкы Чыгышта 35 миллиондон ашуун күрд жашайт. Санынын көптүгүнө карабастан, алардын эч качан мамлекети болгон эмес. Алар Түркия, Ирак, Сирия жана Ирандын территориясына чачыраган.

Айрыкча Түркияда ондогон жылдан бери күрддөрдүн жикчил топтору өкмөт менен кармашып келет. Бул топтордун башында Күрд жумушчулар партиясы (ПКК) турат.

Түркия ПКК партиясын террордук уюм катары тааныган. АКШ дагы ушундай пикирде. Бирок Сириядагы күрд согушкерлери темасында АКШ менен Түркиянын көз карашы башка.

Сириядагы күрддөр бул аймактагы негизги оюнчуга айланып калды. Алар АКШ менен бирге өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топко каршы натыйжалуу согушту.

Келечекте күрддөр Сирияда автоном аймак түзүүнү көздөйт. Бул Түркияны кабатыр кылууда.

Түрк өкмөтү аларды Күрд Жумушчулар партиясынын "союздашы" катары санайт. Сириядагы күрддөрдүн автоном зонасы коопсуздукка коркунуч келтирет, дейт Анкара.

Азыркыга чейин Сириядагы күрддөрдү АКШ калкалап келди. Бирок америкалык аскерлер аймактан чыгып кетсе, Түркия менен күрддөр ортосунда узакка созулган согуш башталышы мүмкүн деп айтылууда. (ErA)