Адамдар мындан ары өспөйбү?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Адамдын бою мындан ары өспөйбү?

Адам жаралгандан тарта анын бою 10 сантиметрге өстү. Орточо неандерталдын бою 165 см болгон, муну билесизби?

Британияда эркектердин боюнун орточо узундугу - 178 см, аялдардыкы -164 см. АКШда эркектердики- 176 см, аялдардыкы- 163 см.

Ирандыктардын бою бир кылым мурдагыга салыштырмалуу 16,5 сантиметрге өстү. Түштүк Корея аялдарынын бою бул аралыкта 20 сантиметрге чейин чоңойгон.

Нидерландияда дүйнөдөгү эң узун кишилер жашайт. Бул өлкөдө эркектердин орточо бою 183 см, аялдардыкы болсо 170 сантиметрдин тегерегинде. XIX кылымдын ортосунан бери нидерландиялыктардын бою 20 сантиметрге өскөн.

Жогоруда айтылгандарды эске алып, адамдын бою дагы өсөбү деген суроо жаралат.

Эгерде лего шаарын курсак, биз ал жерде гигант адам болуп калабызбы? Чынында, андай мүмкүн эмес.

Келиңиз анда, эмнеге боюбуз өскөнүн иликтеп көрөлү. Адамдын жашы өткөн сайын анын сөөктөрү да чоңоёт. Буга адам баласындагы гормондор себеп. Баланын бою канчалык узун болоруна генетика да таасир этет. Бою узун ата-энелерден бою узун балдар төрөлөт эмеспи. Бирок бул баарын түшүндүрбөйт.

Иликтөөлөргө караганда, баланын тамак-ашы анын боюнун узун же кыска болооруна түздөн-түз таасир этет. Жакшы сапаттагы азык-түлүгү бар жана туура тамактануу маданиятын сактаган өлкөлөрдүн жашоочуларынын бойлору узун болоору калетсиз.

Голландиялыктардын көбү туура тамактанууга өзгөчө көңүл бурат. Ал эми АКШда калктын үчтөн бири ашыкча салмактагы адамдар. Дал ушул себептен элүү жылдан бери америкалыктардын бою өсүп же кичирейип кеткен эмес.

Жалпылап айтканда, өнүккөн өлкөлөрдө кишилердин бою бири-бирине окшош.

Ошондо адамдын бою мындан ары өспөйбү?

Бир жол бар. Боюңузду дагы өстүргүңүз келсе, анда космоско учуңуз. Эл аралык космос станциядагы астронавттардын бою бир нече айдын ичинде кыйла өсөт. Бирок бул убактылуу. Демек, голландиялык эркектен бир гана кишинин бою узунураак болот. Ал космостогу голландиялык эркек. (ErA)