АКШдагы катуу суук
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

АКШда Антарктидадан да катуу суук болобу?

АКШнын көп аймактарын рекорддук суук аба ырайы каптап, кар калың түштү. Метеорологдор айрым жерлерде күндүн суугу Цельсия боюнча -53 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн экенин эскертүүдө.

Өлкөнүн Висконсин, Мичиган жана Иллинойс штаттарында, ал эмес түштүк тараптагы Алабама жана Миссисипиде өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды.

Адистер мындай суукта он эле мүнөттүн ичинде үшүккө алдырып коюу мүмкүн деп эскертүү берди.

Сууктун жеткен чеги шейшемби менен бейшемби күндөрү болот деп айтылган. Бул күндөрү Чикагодо Антарктидадан дагы катуу суук болот. Көчөдө суук -46 градуска чейин болушу күтүлүүдө.