иран
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Видео: Ирандагы ыңкылапка 40 жыл

1979-жылы 16-январда тактыдан кулатылган шах Мохаммед Реза Пахлави Тегерандан качып чыгып кеткен. Ошентип ислам ыңкылабы ишке ашты.

Акцияга чыккандар оппозициялык лидерди колдоп, майрамдап жатышты. Аятолла Хомейни 14 жылдан кийин бозгундан кайтып келип, Ирандын лидери болуп калган.

Ыңкылаптан кийин деле революционерлер жана шахтын колдоочулары ортосунда кагылышуу улана берди. Референдум жыйынтыгында Иран Ислам республикасы болуп түзүлгөн. Диний лидерлерге бардык мыйзамды текшерүүгө укук берилген.

АКШ ондогон жылдар бою монархты колдоп келген. Тактыдан кулатылган шах Америкага дарылануу үчүн келгенде, бул расмий Иранды ого бетер кыжырдантып, Хомейнини жактаган студенттер АКШнын Тегерандагы элчилигин басып кирген. Активисттер 52 америкалыкты барымтага алган. Бул окуядан кийин АКШ Иран менен дипломатиялык алакасын үзүп, биринчи жолу экономикалык эмбарго киргизген.

Барымтага алынгандар 444 күндөн кийин бошотулган. Арадан көп жыл өтсө да эки өлкө ортосундагы тирешүү даге деле уланууда. (ErA)