Жакырлыктан атактуулукка карай...

"Эң мыкты чет элдик тасма" үчүн "Капернаум" "Оскарга" ат салышкан.

Капернаум хаос жана керемет дегенди билдирет. Режиссер Надин Лабаки киносуна профессионал эмес кишилерди тарткaн:

"Ар бир кадр тартылып жатканда, ал өзүнө ишенип турду. Кадр артындагы сүйлөшүү учурунда ал мага кандай окуяларды башынан өткөргөнүн сүрөттөп берди. Бул окуялар кинодо кандай чагылдырылышы керектигин ал жакшы түшүнөт".

Зайн Сирияда туулуп, Ливандын жакыр аймагында чоңойгон. Ал фильмде жарык дүйнөгө алып келгени үчүн энесин сотко берген баланын ролун ойнойт.

Кино тартылып бүткөн соң Зайн жана ата-энесине Норвегия качкын макамын берди. Ал алгачкы жолу мектептен билим ала баштады.

Зайн эми дүйнөнү кыдырууда. Себеби "Капернаум" көптөгөн сыйлыктарга ээ болду. Бул жаңылыкты укканда, баары толкунданып, көзүнө жаш алганын режиссер билдирди.

Зайн эми көчөдө эмес, мектепте. (ErA)