АКШ Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди Кыргызстанга кайтарабы?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

АКШ Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди Кыргызстанга кайтарабы?

АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча биринчи орун басары Элис Уеллс Бишкекте бүгүн маанилүү билдирүү жасайт деп күтүлүүдө. Кыргызстандын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы Курманбек Бакиевдин убагында уурдалган активдерди Кыргызстанга кайтарып берүү жөнүндө билдирүү болорун ырастады.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Уеллстин билдирүүсү эмне жөнүндө болорун конкреттүү айткан жок, бирок Кыргызстанда сенсациялык мааниге ээ боло турган эле жаңылык экенин кыйытты.

Кыргызстандын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы өз кезегинде Курманбек Бакиевдин убагында уурдалган активдерди Кыргызстанга кайтарып берүү жөнүндө билдирүү болорун ырастады.

Би-Би-Си өзүнүн булактарынан сураштырып, сөз айтылуу Максимдин досу Гуревичтин иштери менен да байланыштуу болушу мүмкүн деген пикирлерди укту. (КС)