Социалдык көйгөйлөрдү чагылдырган стрит-арт
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Социалдык көйгөйлөрдү чагылдырган стрит-арт

Бишкектеги көп кабаттуу жаңы үйлөрдүн биринин бооруна залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чоң сүрөтү тартылды. Акыркы жылдары Кыргызстанда коомдук жайларда чыгармаларды пропагандалоо иши жайылууда. Doxa арт группасы стрит-арт аркылуу коомдун көңүлүн социалдык көйгөйлүү маселелерге бурууну көздөп жатат. Алар буга чейин кыз ала качуу, экология, жол кырсыктары, балдар укугу сыяктуу маселелерди көтөргөн. Чыгармачыл топ көчө бойлогон сүрөттөрдө айтылган социалдык көйгөйлөрдү эл көрүп, кичине болсо да сабак алат деген ишеничте.